Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

“Чемпиондор мына ушинтип утат”


Шейшембиде 2014-жылкы Дүйнө чемпионатына иргеп алуу матчтары өттү. Испания ФИФАнын квалификациялык оюндарында ушуну менен 50-матчта жыдыган жок.

Европанын эки жолку чемпиону, 2010-жылкы дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Испания курама командасы – La Roja эң мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Франция менен беттешүү 1-0 эсеби менен аяктап, испаниялыктар ФИФАнын квалификациялык оюндарында ушуну менен 50-матчта жыдышкан жок.

58-мүнөттө топ киргизген Педро Родригез “Утулууга акыбыз жок болчу” десе, машыктыруучу Висенте дел Боске башынан эле шакирттерине ишенгенин айтат.
Испаниянын гезиттери да жеңиштен күмөн санабагандай: “Чемпиондор мына ушинтип утат!” Каталониянын “Спорт” басылмасы болсо испандардын Барсанын стилинде ойногонуна басым жасайт.

Футбол адистери болсо испаниялыктардын өз тобунда биринчи сапка чыгышына Виктор Валдестин чоң салым кошконун белгилешет. Колун кокустатып алган Икер Касиястын ордуна чыккан ошол эле Барсанын дарбазачысы Рибери, матчтын аягында болсо Эвранын кооптуу чабуулдарына бөгөт коё алды.

El Mundo Deportivo гезити баш макаласын “Парижден –Риого” деп атап, улуттук команданын бул сезондогу оюндарында 10 гол киргизген Педрону чыныгы каарман кылып сүрөттөгөн.

Испан прессасынын мындай кубанычын түшүнсө болот. Өткөн жума күнү ушул эле квалификациялык матчтардын алкагында дүйнө чемпиондору анча күчтүү эмес атаандашы - Финляндия менен 1-1 ойноп, күйөрмандарын бир аз бейпайга салып койгон.

Канары аралдарында туулуп өскөн 25 жаштагы Педро Испания улуттук командасы акыркы жолу ФИФАнын квалификациялык матчтарында утулуп калганда 5 жашта эле болчу. 1993-жылдын 31-март күнү Копенгагендеги беттешүүдө ал кезде дүйнө чемпиону боло элек испаниялыктар Данияга 0-1 эсебинде жеңилген. Ошондо “Parken” стадионуна чогулган футбол күйөрмандары да, адистер да Bспания мындан ары 20 жыл бою квалификациялык 50 матчта утулбайт деп ойлобосо да керек.

Дел Боске “Франциядан 5 упайга артта калганыбыз оор жүктөй сезилип жатты, эми жеңилдеп калдык” деп комментариялады.

Франция улуттук командасынын машыктыруучусу, дүйнө жана Европа чемпиону Дидье Ле Шамп болсо: “Ушундай жогорку чеберчиликтеги, тажрыйбалуу атаандаш менен беттешкенде, албетте, эффективдүү ойноп, гол үчүн ыңгайлуу шарт түзүш керек. Бүгүн андай болбой калды”, - деди.

Нюрнбергде болсо “С” тобунда Казакстан менен Германиянын таймашы 1-4 эсеби менен жыйынтыкталды. Боруссиянын “үчилтиги” Марко Ройс, Марио Гөтце жана Илкай Гүндогандын мыкты оюну немистерди топтун башкы сабына жайгаштырды.
Жума күнү да Йоахим Лөвдүн жетектөөсүндөгү Mannschaft Астанадан 3-0 жеңиши менен кайткан.

Баса, Гөтце Боруссиядагы контаркты 2016-жылга чейин узартылганы менен, эмки сезондо Дортмундда кала берээрин так чече электей көрүнөт. “Реал Мадрид, Барселона, Манчестер Юнайтед өңдүү клубдар, албетте, азгырбай койбойт. Башка өлкөлөрдүн чемпионаттарына катышуу алга жылууга салым кошмок”, - деген Гөтце, “бирок ал жөнүндө азырынча ойлоно элекмин. Дортмунд деле жакшы”, - деп кошумчалай кетти.

Ал тапта УЕФАнын апелляциялык комитети Пари Сен Жермендин (PSG) чабуулчусу Златан Ибрагимовичтин жазасын жумшартып, 2 эмес 1 матчка четтетүү арызын канааттандырды.

Француздар атагандай Ибра 12-февралда Чемпиондор Лигасында Валенсия менен беттешүүдө кызыл карточка алып, УЕФАнын дисциплинардык комиссиясынын чечими менен 2 матчка дисквалификацияланган.

Эми швециялык футболист шейшембиде Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында PSG-Барселона таймашуусуна катышуу укугуна ээ болду.

Айрымдар болсо “комитеттин чечимине клубдун ээси – бай Катар шейхтеринин акчасы жардам берген жокпу?” - деген күмөн саноосун айтышса, башкалары “PSG Ибрагимович менен деле бары бир утулат” деген пессимисттик көз карашын жашырышпайт.
XS
SM
MD
LG