Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Беш күн жерге конбогон учак


Күнү-түнү конбой учкан самолет
Күнү-түнү конбой учкан самолет

Сыйкырдуу килем тууралуу жомок бир нече жылдан кийин чындыкка айланышы мүмкүн. Күндөн кубат алган солярдык учак 24-апрелде эки жарым күндүк тынымсыз сапарын карытып, Калифорниянын Сан-Франциско шаарына келип конду.

Жеке адамдар каржылап, 13 этаптан турган дүйнөлүк сапардын максаты - жаратылышка зыянсыз жана толукталма энергиянын маанисине эл аралык коомчулук көңүлүн буруу.

Күндүн гана кубатын пайдаланган "Solar Impulse 2" учагы 21-апрелде таңга жуук Тынч океандын коюнундагы Гавай аралдарынан абага көтөрүлүп, Сан-Францискону көздөй сапар тарткан эле. Ал ортодогу 4523 чакырымды эки жарым күндө учуп өттү, орточо ылдамдыгы 65 километр саат болду. Солярдык учакты абадагы 62 саат 29 мүнөт бою швейцариялык Бертран Пикард (Bertrand Piccard) минип жүрдү.

Ал 24-апрелде "Моффет" аба майданында Си-Эн-Эн телеканалына сүйлөп, бул эксперименттин максаты толукталып турчу жана жаратылышка зыяны жок энергияны пайдалануунун маанисин дүйнө коомуна шарданалоо экенин айтты:

- Биз бүгүн күн панелдерин пайдаланып, экологияга зыянсыз таза технология же толукталып турчу энергия эмне жасай аларын жана аны менен эмне жасаса болорун көргөзүп жатабыз. Биз дүйнөдө жашоонун жакшы сапатын кааласак, энергияны эффективдүү пайдаланып, аны көбүрөөк үнөмдөшүбүз абзел. Бул жаратылышты коргогонго катар жумуш орундарын түзөт, кирешелүү жана таза технологиялар үчүн эбегейсиз чоң базар.

"Solar Impulse 2" учагын 58 жаштагы Бертран Пикард менен анын 63 жаштагы мекендеши Андрю Боршберг (Andre Borschberg) кезектешип минет.

Солярдык учактын канатына күндөн кубат алчу 17 миң батарея – күн панели орнотулган. Анын эки канатынын узундугу 72 метр же “Боинг 474” авиалайнеринин канатынан бир аз узун. Ал карбон буласынан (carbon-fiber) жасалгандыктан, салмагы орто чоңдуктагы автомобилдей эле - 2268 килограмм.

Солярдык учактын дүйнөлүк саякатынын биринчи бөлүгү былтыр 9-мартта Бириккен Араб Эмирлигинин байтакты Абу-Дабиден башталган. Ал үч жумалык сапар учурунда Оманга, Индияга (эки жолу), Мянмага жана Кытайга токтогон. 29-мартта Кытайдын Нанкинг шаарынан Гавай аралдарынын борбору Гонолулуга багыт алган. Бирок аба ырайы күтүүсүз өзгөргөнгө жана күн батареялары ашыкча ысыктан бузулганга байланыштуу Жапонияга аргасыз конуп, бир ай туруп калган. Анан Нагоя шаарынан Гонолулуга учкан. Бул жолдо Андрю Боршберг күн панелдери менен учкан самолеттор үчүн абада узакка кармалуу жана узак аралыкты басуу боюнча рекорд койгон. Боршберг 8145 чакырым аралыкты 118 саатта же дээрлик беш күн, беш түндө эч жерден токтобой учкан. Пилот беш күн йоганын көнүгүүлөрүн жана медитация жасап, өзүн сергек кармаган.

"Solar Impulse 2" учуп жүргөн кезде учкуч Монакодогу борбор менен такай байланышта болуп, багытын тактап турат. Ал эми тамакты жылуулук пакетин (heating packs) пайдаланып ысытып жейт. Ошондой эле кол кабын жана бут кийимдерин алдагы пакет менен ысытышат.

Шинжан уйгур автоном районунда Кытай -Евробиримдик чогуу курган күндун кубатын энергияга айлантчу солярдык станция.
Шинжан уйгур автоном районунда Кытай -Евробиримдик чогуу курган күндун кубатын энергияга айлантчу солярдык станция.

Бул учак үчүн 45 км/саат идеалдуу ылдамдык. Бирок күн чакчайып турганда учак ылдамдыгын эки эсеге чейин тездете алат. Эң эгиз учканда 8500 метр бийикке көтөрүлөт жана учкуч 20 мүнөткө чырым алган кезде ылдыйлап, 1 000 метр бийикте учат. Солярдык учак түнкүсүн күндүз топтогон энергиясын жагат.

Баасы 100 миллион доллардан бир аз көбүрөөк бул долбоор 2002-жылы башталган. Аны жеке адамдар каржылайт.

Бертран Пикарддын оюнча, адамзат сапаттуу жашоону жана табигый байлыктарды сарамжалдуу пайдалууну кааласа, жаңы жана алдыңкы каражатты технологияга көп бөлүшү керек.

- Күн панелдери тез жүрүү үчүн эмес, эч токтобой жүрүү үчүн маанилүү. Бул коомго да чакырык. Себеби, табигый байлыктар кыска мөөнөттүк пайда үчүн жок болууда, биз насыяга жашап жатканыбызды, табигый ресурстар аз калганын жана болочокто түгөнөрүн унутуп койгонбуз. Ошон үчүн түрдүү факторлорду интеграциялоо зарыл. Себеби биздин максат ылдам учуу боюнча рекорд койуу эмес. Максатыбыз жерге конбой учуу.

Күн панели менен кубат алып учкан бул учак дүйнүлүк сапарынынын эмки этабындаүч ирет токтойт. Обол Калифорниядан Нью-Йоркко учуп, андан соң Атлантика океанын үстү менен Европага же Африкага багыт алат да бир токтоп алып, адеп учуп чыккан жери - Абу-Дабиге барып конууга тийиш. Эгер баары алгач мерчемделгендей болсо, "Solar Impulse 2" учагы Абу-Дабиде былтыр август айынын этегинде болуш керек эле.

XS
SM
MD
LG