Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Орусия Араб Лигасын сынга алды


Сирия -- Дамаскинин Аин Тарма аймагын кайтарган аскерлер. 2012-жылдын 26-январы.
Сирия -- Дамаскинин Аин Тарма аймагын кайтарган аскерлер. 2012-жылдын 26-январы.

Орусия Араб Лигасын Сирия миссиясын токтоткону үчүн сынга алды. Лига кечээ Сирияда кан төгүү күчөшүнөн миссия иши токтотулганын жарыялаган.

Анын аралыгында Сириянын баш калаасына жакын аймактарда өкмөттүк аскерлер менен армиядан качып, демонстранттар колдоп жаткан дезертирлердин ортосунда оор салгылаш жүргөнү кабарланды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Араб Лигасы Сириядагы байкоочуларынын ишин токтотуп жатканына таң калганын билдирди. Жекшемби күнү Брунейде болгондо Лавров Лига жаңы эле миссиянын мөөнөтүн бир айга узарткандыгын белгилеп, тескерисинче Сирияда байкоочулардын санын көбөйтүш керек деди.

Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери бул күнү байкоочуларды Сириядан толук чыгаруу маселесин бир жумадан кийин, 5-февралда талкуулоого макулдашты. Өткөн ишемби күнү Лига 100 чакты байкоочунун иши кан төгүүнүн күч алышынан улам дароо токтотулуп жаткандыгын жарыялаган.

Сириянын бийликтери бул чечимди бир чети «таң калуу» менен, бир чети «өкүнүү менен» кабыл алгандыгын билдирүүдө, ал эми мамлекеттик САНА кабар агенттиги «миссиянын токтотулушу Сириянын иштерине тыштан кийлигишүүгө болгон кысымды күч алдыруунун амалы» деп жазды.

Кечээ жекшембиде Сириядагы кагылыштарда аз дегенде 16 аскер, үч жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму Сириянын түндүгүндөгү автокербенге кол салууда 10 аскер окко учту деп билдирди. Уюм бул күнү Дамаскиден 10 чакырым аралыктагы кагылышта үч карапайым жаран курман болгондугун да кошумчалады. Бул аймакта ишемби күнкү салгылашта 11 аскер, 6 карапайым сириялык набыт болгондугу айтылган эле.

Ал эми өкмөттүк САНА кабар агенттиги «куралданган террорчулар» аткылаганда Дамаскинин жака-белинде бараткан автобустун ичинде алты аскер кызматкери күм-жам болду деген маалымат таркатты.

Жума күнү бир нече араб мамлекети Араб Лигасынын сунушуна негизделген, президент Башар ал-Асаддын кызматтан кетишин талап кылган резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине тапшырган. Бул планга каршы болгон Орусия 11 айдан берки кан төгүү үчүн жоопкерчиликти Асаддын аскерлери менен оппозицияга теңме-тең ыйгарууну караган резолюзиянын долбоорун сунуш этти. Мындай сунушту Батыш өлкөлөрү четке какты.

Орусиянын Асаддын режими менен соода ымаласы жакын жана Жакынкы Чыгышта орус армиясынын дал ушул Сириянын жээгинде гана аскер базасы бар.

XS
SM
MD
LG