Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Каражич кырк жылга соттолду


70 жаштагы Радован Каражич
70 жаштагы Радован Каражич

Мурдагы Югославия боюнча БУУнун эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана өткөн кылымдын 90-жылдары, Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштарды жасаган деген айыптар менен күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыратты.

Гаага трибуналы Радован Каражичти 1995-жылдагы Сребреницадагы босниялык мусулман эркектерди жаш-кары дебей массалык түрдө кырган деген башкы айып боюнча күнөөлүү деп тапты. Өкүмдү окуп жатып сотто төрагалык кылып жаткан судья Огон Квон Каражичке тагылган 11 пункттан турган айыптын бир пунктун алып салды.

Тактап айтканда, 1992-жылдагы Босния менен Герцеговинанын жети шаарында босниялык мусулмандардын жана этностук хорваттардын массалык кырылышын сот геонцид деп тааныган жок. Калган он пункт боюнча себрдердин экс-лидери күнөөлүү деп табылды.

70 жаштагы Каражич акыркы сөзүндө ага тагылган айыптарды четке кагып, президент катары согуш маалында динине карабай бардык адамдардын башына түшкөн азапты басаңдатуу үчүн болгон аракеттерди көргөнүн айтты.

21 жыл мурда Сребреницада босниялык сербдердин армиясы Сараевону курчоого алып, сегиз миңдей адамды бир нече күндө жок кылган. Каражич ошол тапта өзүн өзү Босния-Серб республикасы деп атап алган аймактын башчысы катары армияны жетектеп турган.

Мурдагы психиатр жана өзүн акын атаган Каражич Югославия ич ара бөлүнгөн кезде бийликке келген. Ошол кезде аны жакшы билген журналисттер Каражич өз кесибин пайдаланып, босниялык сербдерди Босниядан бөлүнүп чыгып, Сербияга кошулууга үндөгөнүн айтышат.

- Каражич кесиби боюнча психиатр, болгондо да социалдык психология экенин унутууга болбойт. Ал өз билимин социалдык топтор менен баарлашууда жана аларга кайрылууда колдонуп келгени мага айкын эле - дейт “Азаттык” радиосунун Балкан кызматынын журналисти Гордана Кнежевич. Гордана ошол кезде күн сайын чыгуучу “Сараевское освобождение” гезитинин редактору болгон.

Каражич Босния-Серб республикасы деп алган аймактын президенти болуп 1992-жылы шайланган.

- Ал улутчулдук күчөп турган маалда келди, ошол себептен көп тыюу салынган нерселерди жөнөкөй, анан ачык эле айтып койчу. Мурдагы Югославияда баарын айта алсаңыз да, башка улуттагы топтор тууралуу ооз ача алчу эмессиз. Мына ошондой топтон эле суурулуп чыккан бирөө өз каалаганын айта баштаса, баары ошону уккан да – деп эскерет Гордана Кнежевич ал каар заманды.

Кыргында мерт болгондордун жакындары сотто,
Кыргында мерт болгондордун жакындары сотто,

1995-жылдын июль айында эл аралык трибунал Каражичти Босния жана Герцеговинадагы согуш маалында жасалган кылмыштар үчүн күнөөлүү деп таап, бир жылдан соң аны камоого ордер чыгарган. 1996-жылы Сербия республикасына каршы эл аралык коомчулук санкция киргизебиз дегенде, ал жетекчиликтен кетип, 12 жыл жашырынып жүрүүгө аргасыз болгон. Каражич 2008-жылдын июлунда Белградда атайын операция маалында кармалып, Гаага трибуналына өткөрүлгүчөктү Белграддагы убактылуу кармоочу жайда турган. Ал кармалганга чейин Белградда Драган Дабич деген жалган ысым менен медициналык клиникалардын биринде дарыгер болуп иштеп, элдик медицина тууралуу китеп жазып жүргөнү маалым болгон.

2008-жылдын 30-июлунда Каражич Гаагага экстрадицияланган. 2006-жылы Гаагадагы убактылуу кармоочу жайда Сербиянын экс-президенти Слободан Милошевич көз жумган соң, Балкан согушундагы кылмыштар үчүн айыпталып жаткандардын ичинен эң жогорку даражалуусу Каражич болуп калган. Гаагадагы өкүмдү угуу үчүн эки жүздөн ашуун журналисттен тышкары, согушта курман болгондордун 150дөй жакындары, илим жана укук коргоо жаатындагы жүздөй эксперттер, ондогон дипломаттар катышты. Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң ырайымсыз кыргын деп таанылган.

XS
SM
MD
LG