Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жашоо жакшырса, бой узарат


Иллюстрация
Иллюстрация

Соңку антропологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча дүйнөдө адамдын орточо бою акыркы бир жарым кылым ичинде 10-20 сантиметрге чейин узарганы аныкталды.

Изилдөөлөргө ылайык, өнүккөн жана социалдык тейлөө жагынан алдыңкы өлкөлөрдө адамдын бою тездик менен өсүүдө.

Мисалы, даниялыктардын бою акыркы 150 жыл ичинде 20 сантиметрге узарган. Бүгүнкү күндө даниялык эркектин бою 188 сантиметр болсо, аялдыкы 170 сантиметр.

Мындай көрсөткүч менен бул скандинавиялык өлкөнүн жашоочулары бойдун өсүү динамикасы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Бирок АКШ өнүккөн өлкө болгонуна карбастан америкалыктардын бою акыркы жүз жылда анча деле узарган эмес. Мисалы, америкалык эркектин орточо бою 176 сантиметр болсо, аялдыкы 163 сантиметр.

АКШнын экономикасы жогору болгону менен америкалыктардын боюнун өспөй жатышын адистер тез даярдалуучу тамактан көрөт. Анын үстүнө Даниядан айырмаланып, АКШда сапаттуу медициналык тейлөө баарына жеткиликтүү эмес.

Бойдун узундугу кан кууйбу?

Жогорудагы эки көрсөткүчтөн сырткары бойдун узундугу ген аркылуу да берилиши мүмкүн деген божомол бар.

Бирок окумуштуулар буга кошулбайт. Алардын айтымында, тулку-бойдун узундугу адам төрөлгөндөн кийинки факторлорго көз каранды.

Буга мисал катары Түндүк жана Түштүк Кореянын жашоочуларын айтса болот.

Акыркы изилдөөлөргө ылайык, Түндүк Кореянын тургундарынын бою түштүктөгү туугандарына караганда 8 сантиметрге жапыз. Буга алардын социалдык-экономикалык абалынын начардыгы себеп дешет илимпоздор.

XS
SM
MD
LG