Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:42

Кыргызстан

Президентке кайрылуу: Репрессия күч алды

Тиягы Улуу Британия, Франция, Италияда, биягы Орусия, Борбор Азия өлкөлөрүндө эмгектенишкен бир катар окумуштуулар президент К.Бакиевге ачык кайрылуу жолдошту. Анда соңку кездери Кыргызстанда репрессиялык аракеттер жайылып кеткени тууралуу айтылат.

Текст көлөмү - +
“Окумуштууларга, журналисттерге, чет элдиктерге, алардын ичинен Орусиялык жарандарга демонстративдүү түрдө ачык кол салуулар Кыргызстандын беделине гана шек келтирбестен, өлкөнү дүйнө коомчулугу алдында криминалдашкан кылып көрсөтөт”.

Ушундай маанайдагы ачык кайрылууга дүйнөнүн чар тарабында эмгектенишкен бир катар окумуштуулар үн кошушкан. Мындай кайрылуу Орусиялык белгилүү саясат таануучу, профессор Александр Князевдин сабалышына байланыштуу чыгып отурат. Дал ушул адамдын сабалышы көптөгөн окумуштуулардын тынчсыздануусун жаратканы айтылган кайрылууда, өлкөдө коркутуп-үркүтүүлөр күч алганы баса белгиленет. Кайрылуунун этегинде ар кыл мамлекетте жайгашкан түрдүү уюмдарда эмгектенишкен 78 адамдын аты жазылган.

Ошол тизмеде “Дин, укук жана саясат” аттуу аналитикалык иликтөө борборунун директору Кадыр Маликовдун ысымы да жүрөт.
Кайсы бир күчтөр Кыргызстан менен Орусиянын ортосуна от жагып аткандай.
К. Маликов

К.Маликов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, А.Князев сабалгандан кийин аны менен жолугушканын, анын сабалуусуна чындап эле тынчсызданып, тилектештигин билдиргенин айтты. Бирок президентке жолдогон ачык каттын мазмуну менен таанышпаганын айткан талдоочу, бул жерде ал жалпы эле Кыргызстандагы абалга, жалпы эле сабалып аткандарга тынчсыздануусун билдиргенин, анын орус же кыргыз экенине маани бербегенин, бирок кайрылууда бир гана орустар сабалып атат дегендей калпыстык кетирилип калганын баса белгиледи.

- Мен ал каттын өзүн окуган жокмун. Бирок Александр Князев менен жеке жолукканымда ага колдоо көрсөтүп, тилектештигимди билдиргем. Тилекке каршы кайрылуунун мазмунун билбейм. Бирок ал жерде жалпы эле эксперттердин болуп өткөн окуяга карата тынчсыздануусу жазылат деп түшүнгөм. Ал эми экинчи жагынан буга байланыштуу менин шек саноолорум бар. Анткени мага бул кайсы бир күчтөр тарабынан атайылап жасалгандай сезилип атат. Кайсы бир күчтөр Кыргызстан менен Орусиянын ортосуна от жагып аткандай.

Андан тышкары талдоочунун айтымында, Кыргызстанда уруп-сабоолор, коркутуулар бир гана А.Князевге же дагы башка орус улутундагыларга тийген жок. Бүгүнкү күнү ондогон оппозиция өкүлдөрүнө кылмыш иштери козголуп, токмоктолуп, кайсы биринин өмүрүнө да кол салуулар болуп, оппозицияга жан тарта коем деп абакта жаткандары да жок эмес. К.Маликовдун пикиринде, ачык кайрылууга үн кошкон башка окумуштуулар деле Кыргызстандагы жалпы абалга тынчсызданган болуулары керек. Бирок эмнегедир кайрылууда А.Князев менен дагы бир орусиялык журналист Александр Евграфовго басым жасалып, орустар токмоктолуп атат дегендей түс берилгени байкалып турат.
Кыргызстанда А.Князев сабалып атса, сөзсүз Кыргызстанга доо кетет да. Ошону билип туруп бийлик аны урушу мүмкүнбү? Муну башка күчтөр жасашы мүмкүн.

С. Жумагулов

Мындай кайрылууга азырынча бийлик тарап жооп кайтара элек. Президенттин катчылыгынын Эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси Султан Жумагулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ушул тапта аталган кайрылуу талданып атканын билдирди. Анын пикиринде, мындай иштер атайылап жасалуусу дагы мүмкүн:

- Дүйнө татаалдашып кеткен да. Эгер Кыргызстанда А.Князев сабалып атса, сөзсүз Кыргызстанга доо кетет да. Ошону билип туруп бийлик аны урушу мүмкүнбү? Анын үстүнө Орусия менен Камбар-Ата маселеси козголуп атканда, ошону билип туруп бийлик жасамак беле? Жок. Муну башка күчтөр жасашы мүмкүн. Кыргызстан менен Орусияны чатакташтыралы деген...

Сабалган күндүн эртеси 10-декабрда А.Князев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ишмердүүлүгү үчүн токмоктолгонун айткан болчу:

- Эң негизгиси менин оюмча, бул болуп аткан окуялар, өлкөнүн саясий айдыңынан мурдагы бийлик менен байланышы бар адамдардын бардыгын, ошондой эле өз оюн айта алгандарды тазалоо болуп атканынан кабар берип атат окшойт. Менин оюмча мамлекеттик кызматтарда, башка уюмдарда менин айткандарымды, менин баа берүүлөрүмдү жактырбагандар бар. Анын үстүнө менин баа берүүлөрүм туура чыгып калып атат. Маселен өлкө деградацияга кабылып, архаизация жүрүп атканы, орто кылымга кайтып баратканы тууралуу сөздөрүм. Мына ушулардан жыйынтык чыгарыш керек.

Кандай болгон күндө да бир катар жергиликтүү жана чет элдик интеллигенция өкүлдөрү Кыргызстандагы абалга тынчсызданышып, өлкөдөгү репрессиялык методдорду айыпташты. Ал эми алардын тынчсыздануусу айтылган кайрылуунун мазмунунда атайылап бир жактуулук кетирилген дешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
25.12.2009 07:58
Урматтуу Жумагулов,Маликов!Кыргызстанда аз да болсо адис-
тер бар экендигин унутпасаңар жакшы болот эле,кийин уят боло-
суңар.Жанузаков менен Князев Акаевди Бишкекке алып келебиз,
деп таяк жегендиктерин түшүнүш үчүн чоң акыл керекпи.Россия
ким биз ким болдук.?Биздин күнкорлугубуз чексиз
деңгеелге жетпедиби.Мамлекет эмес эле "общак"болбодукпу.
Ал эми элдин атынан сүйлөгөндөр,силер үйүңөрдө жата тургула.
Күндөрдүн биринде оппозиция силерге бийликти алып келет да "эми
мындан аркысын, бийликти силер жөндөгүлө" деп баса берет-күтө
тургула,эн негизгиси үйдөн,кухнядан чыга
көрбөгүлө бай болгурлар!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.12.2009 18:28
Иши кылып аман бол,Султан.Кыргыздын санын көбөйтүп жүрө бер.Башка эмне дейт элем.

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия, Москва шаары
19.12.2009 14:30
Жел болбосо чөптүн башы да кыймылдабайт. Ошондой иштер болуп жатпайбы баймаа-бай эле. Эмне жалганбы? Калпты келиштире айтканда, чын чычайып чыга качыптыр дейт. Бирок жалаң эле орус улутундагылар эмес, кыргыздар деле сабалып, камалып, суралып жатпайбы. Бул эмне демейдегидей эле көрүнүшпү? Бийлик башындагылар да, оппозициядагылар да элди тажатып бүттүңөр. Эл кимге ишенээрин билбей калды. Болду эми сөөк талашкан иттерге окшоп ырылдашпай, элди да ойлогулачы. Жаңы жылда энергияга, отун сууга деген жаңы тарифтер кысытмагын салганы дярданууда элибизге. Ошого жооп берүүгө даярдангыла. Бир аз да болсо жаңы жыл алдында жарашпасаңар да, чогуу тосуп жаңы жылды, ынтымак, береке сурагылачы Кыргызымдын "ДӨӨ-ШААЛАРЫ". Жаңы жылда оомат берсин МЕКЕНИБИЗГЕ жана ЭЛИБИЗГЕ.

кимден: Айым каяктан: Бишкек
18.12.2009 10:57
Султан Жумагулов "Би-Би-Би сиде эле иштеп жүрө берсе болмок. Ак Үйгө барып позициясын өзгөртүп жиберди. Эми бийликке барган адам акылдуусунуп көрүнө берет тура.

кимден: Asylbek каяктан: AKSH
18.12.2009 01:57
Iplas ish.
Bizdin olkodo
misteyip alip gana bilik ish, chagimchilik menen
alektengender
biylik okuldorunun ichine da opposicsiyada da ondop, juzdop sanalat
Biylik taraptagilar da opposicsiyadagilar da sayasat menen alektengendi toktotup eskeruulor menen alektenuuloru zaril
Jani muundun okuldoru eki tizgin bir chilbirdi kolgo alip
chinigi adamdik, miyzamdik erejelerge tayanuu menen janicha ish jurguzuuloru zaril.
Biz abdan kechigip atabiz...

кимден: Мамат каяктан: Бишкек
17.12.2009 21:47
Баракелде, Султан мырза! Логикаңыз укмуш экен. "Дүйнөгө Бакиев өзүнүн авторитети кетерин билип туруп авторитаризм курмак беле, таза эмес шайлоо өткөрмөк беле,Конституцияны каалагандай буза бермек беле, оппозицияны жөн эле камай бермек беле, өз баласын өзүнө орун басар кылып коймок беле, спикерди Баткенге айдамак беле". "Акүйгө кирген кишинин эле башы иштебей калат"- дешчү эле.
Көрсө, логикасы дурус иштебегендер Акүйгөо барат тура.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)