Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Жапондордун поезди учак менен жарышат


Абадагы сууну жыйнап алчу Warka мунарасы
Абадагы сууну жыйнап алчу Warka мунарасы

Учак менен атаандашкан “ок-поезд”. Абадан сууну соруп алчу мунара. Мас айдоочуга от албачу автомобиль. Эске тутууну жакшыртуунун эффективдүү ыкмасы.

Абадан сууну соруп алчу мунара

Warka1 мунарасы абадан таза сууну бөлүп алат. Андай мунараны алты киши төрт күндө тургузуп коёт. Бир мунаранын модулунун салмагы 90 килограмм болгондуктан ташыганга ыңгайлуу. Ал кыргыздын боз үйү сыяктуу ууктардан куралып, модулга абадан, жамгырдан, булут менен шүүдүрүмдөн нымды өзүнө тартып алчу кездеме капталат. Анын конус формасындагы негизи модулду бекем кармап турат.

Warka мунарасы 1 күндө 95 литр, бир жылда 34542 литр таза суу чогултат. Абадан суу сорчу мунараны италиялык дизайнер Артуро Виттори (Arturo Vittory) Architecturo & Vision студиосу менен бирге жасаган.

Эфиопиянын элинин 34% гана таза суу ичүү мүмкүнчүлүгү бар. Өлкө калкы 101,2 миллион. Ошондуктан Warka сууга муктаж эфиопиялыктар сатып алгандай арзан жана жаратылышка зыянсыз. Сыйкырдуу мунарага 18-мартта Тайванда аяктаган эл аралык конкурста World Design Impact сыйылыгы ыйгарылды (Булагы Mymodernmet жана Warkawater).

Учак менен жарышкан Shinkansen

Кыргызчага которгондо “Ок-поезд” деп аталган алдагы поезд Токиодон түндүктөгү Хоккайдо аралындагы Хакодате порт-шаарына каттай баштады. Ал 260 км/саат ылдамдык менен жүрүп, 825 километр аралыкка 4 сааттан бир аз көбүрөөк убакта жетет.

27-мартта алгачкы каттамга 731 билет 40 секундада сатылып бүткөн. Ок-поезд менен Токиодон Хакодатеге билеттин баасы классына жараша 201 доллардан 340 долларга чейин турса, учак билеттин баасы 242 доллардан 377 долларга чейин. Аэропортко барууну, билетти каттатып, коопсуздук текшерүүсүнөн өтүүнү, шаарга жетүүнү кошо эсептегенде, Токиодон Хакодатеге учак менен жолго чыккан адам поезд менен барган жүргүнчүгө салыштырганда 40 мүнөт гана утат.

Shinkansen же "ок-поезд" Токио темир жол вокзалында.
Shinkansen же "ок-поезд" Токио темир жол вокзалында.

Токиону Хоккайдо провинциясынын байтакты Саппоро менен туташтырган “ок- поезд” жүрчү темир жол 2030-жылы бүтөт. Жолду курууда убакыттын көбү тоолорду тешкенге кетет. (Булагы: Forbes.com)

Мас айдоочуга от албас автомобиль

Жапондордун Honda жана Hitachi компаниялары алкоголдун жытын сезчү жана айдоочу канча арак ичкенин билген ачкыч жасашты. Детектор-ачкыч адам дем алганда бөлгөн бууну 3 секундада чогултуп, анын курамындагы алкоголду аныктап коёт. Эгер айдоочу нормадан көп ичип алса, машинени от алдырбайт. Ал айдоочунун канындагы алкоголдун деңгээлин автомобилдин ичиндеги дисплейден да көрсөтөт. Акылдуу ачкыч АКШнын Детройт шаарында 12-апрелде ачылчу эл аралык көргөзмөдө (SAE 2016 World Congress and Exhibition) кардарларга көрсөтүлөт.

Honda & Hitachi компаниялары чогуу жасаган акылдуу ачкыч.
Honda & Hitachi компаниялары чогуу жасаган акылдуу ачкыч.

Кентуки университетинин илимпоздору былтыр сентябрда жарыялаган изилдөөгө караганда, уруксат берилген өлчөмдөн ашыкча арак ичип алган айдоочулар рулда баратып SMS окуганда же жолду көзөмөлдөгөндө ичпеген адамдай көңүлүн бир жерге 100% топтой албай калат. Алар эксперимент маалында жолдогу атайын сызыктарга көп чыгып кетишкен. (Булагы: Dailymail.co.uk)

Эске тутууну жакшыртуунун жаңы ыкмасы

Эпизоддук эске тутууну2 жакшыртуу үчүн күтүүсүз элементтерди пайдаланып, машыгуу мурдатан тааныш заттарды колдонгонго салыштырганда алда канча натыйжалуу экенин Далластагы Техас университетинин окумуштуулары аныкташты. Бул эске тутуу өз башыбыздан өткөн нерселерди эстеп айтып берген учурда абдан маанилүү.

Аталган университеттин доценти Чандрамалика Базак (Chandramalika Basak) өз жардамчысы менен 60-85 жаш курагындагы 46 адамды эпизоддук эс-тутумун жакшыртууга машыктырганга чейин, машыгуу аяктар замат жана машыгуу бүткөндөн бир жарым айдан кийин текшеришкен. Алар кадимки жол менен жана күтүүсүз элементтер кошуп машыккан эки топко бөлүнгөн. 1-топтогулар бир ыраат боюнча, 2-топтогулар күтүүсүз элементтер көрсөтүлүп, өткөн өмүрүндөгү маанилүү учурларды эсте тутканды үйрөнүшкөн. Машыгууга чейин эки топтогулар тең өмүр баянын бирдей көркөм айтып беришкен. Бирок 1-топтогулар бир жарым айдан кийин мурда айткан элементтеринин көбүн унутуп калышкан.

“Окуя күтүүсүз элементтер менен коштолуп жатканда, адам айтып жаткан нерсесине демейдегиден көп көңүл бурат. Биздин изилдөө көрсөткөндөй, эс-тутумду машыктыруунун күтүлбөгөн стратегиясы колдонулганда эпизоддук эске тутуу жакшырат”, - дейт доктор Басак (Булагы: scifeeds.com)

******* ********* ******

1 Warka- бул эфиопиялыктар тегерегине жакшылык-жамандыкта чогулчу анжир дарагы

2 Эпизоддук эске тутуу - бул адамдын жеке өзүнө байланыштуу окуялар (туулган күн, мектепти бүтүү, биринчи жолу циркке баруу жана башка ушу өңдүү эстен чыккыс окуялар) менен байланышкан эс тутум.

XS
SM
MD
LG