Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Саакашвили санаалаштарына санааркоодо


Зураб Чиаберашвили жана Иване Мерабишвили
Зураб Чиаберашвили жана Иване Мерабишвили

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили администрация мүчөлөрүнүн камалышын Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенкого байланыштуу кырдаал менен салыштырды.

Грузиянын мурдагы премьер-министри Иване Мерабишвили жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Зураб Чиаберашвили камакка кечээ алынган.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, алар өкмөттүк акчаны бейсарамжал пайдаланган. Кечээ Мерабишвили жана Чиаберашвили тергөөчүлөргө жумушсуздар үчүн пайдаланылчу акчанын натуура колдонулуусу боюнча сурак беришти.

- Украинанын мурдагы премьери Юлия Тимошенкого Мерабишвилиге караганда алда канча чоң күнөө коюлган жана ал камакка алынгандан бери Украинада кандай кырдаал түзүлгөнүн билесиңерби? Украинанын Европа биримдигине интеграциясы толук токтоп турат. Эки жылдан бери Украина Европа Биримдиги жана НАТО боюнча бир да жылыш жасаган жок. Тимошенконун камалышы Украинанын Евробиримдиктеги ар бир ири өлкөсү жана АКШ менен мамилесин бузду, - деди Михаил Саакашвили.

Тимошенко азыр жети жылга кесилип, камакта. Батыш Украинанын президенти Виктор Янукович аны саясий максатта камаганын айтып келет.

Мерабишвили да, Чиаберашвили да президент Михаил Саакашвили башындагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөлөрү. Бул кыймыл 2012-жылдын 1-октябрында өткөн шайлоодо жеңилгенден бери Саакашвилинин союздаштары сотто сурак беришүүдө. Алардын арасында мурдагы ички иштер министри да бар. Саакашвили анын өнөктөштөрү саясий максат менен камалып жатканын билдирүүдө.

Грузиянын башкы прокурору Шота Ткешелашвили кечээ Кутаиси шаарында журналисттерге берген маалымат жыйында камакка алынган эки аткаминер тең мамлекеттик акчаны туура эмес колдонгон деп шектелип жатканын билдирди.

- Иване Мерабишвили жана Зураб Чиаберашвили, дагы башка айрым адамдар шайлоочулардын добушун сатып алууну мерчемдешкен жана мыйзамсыз иштерге барышкан деп күнөөлөнүп жатышат. Алар "Бириккен улуттук кыймыл" партиясына добуш сатып алууну пландаштырган жана ушул партияны каржылоого мамлекеттик акчаны колдонушкан деп шектелип жатышат.

Сот эми эки айыпкерди күрөөгө чыгаруу же убактылуу тергөө абагында кармоо боюнча чечим чыгарышы керек.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG