Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Москвада кыргызстандык мигрант кол салуудан каза болду


Орусияда иштеген борборазиялык мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Орусияда иштеген борборазиялык мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Орус полициясы 12-октябрдын таңында Москвадагы токойлуу тилкеден кескиленип өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүн тапты.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги жергиликтүү полициянын айтканына таянып, киши колдуу болгон эки адам кыргызстандыктар экенин билдирген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 13-октябрда бул маалыматты тактап, алардын бири кыргызстандык экенин маалымдады. Соңку эки күндө мигранттардын ушул райондо белгисиз адамдардан бычак жеген дагы эки учуру катталган.

lifennews.ru маалымат сайты токойдо жансыз денеси табылган адамдарды белгисиз бир нече адамдан турган топ өлтүргөн болушу мүмкүн экенин жазды. Учурда полиция бул оор кылмышка шектүү деп эки эркек жана бир кызга издөө салды. Аталган сайттын кабарлашынча, Москванын түштүк-батыш ыптасындагы Миклухо-Маклай көчөсүндөгү токойлуу тилкеде мыкаачылык менен кескиленип өлтүрүлгөн жана моюнуна бычак жеген эки адам тең Тажикстандын жарандары.

Бирок Тажикстандын Москвадагы элчилиги жергиликтүү полициянын айтканына таянып, киши колдуу болгон эки адам кыргызстандыктар экенин айтууда. Элчиликтин өкүлү Мухаммади Эгамзод «Азаттыктын» тажик кызматына жергиликтүү полициянын башкы инспектору Руслан Гребеневдун айткандарына таянып:

- Биз бул маалыматты тактадык. Алар Орусиянын жараныбы, жокпу билбейм. Бирок Кыргызстандын тургундары экенин айтышты.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул кабарды 13-октябрда тактады. Элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева:

- Токойлуу тилкеде денеси табылган эки жарандын бири кыргызстандык экени такталды. Ал Россиядагы Эл достугу университетинде короо шыпырып иштечү экен. Экинчи жаран өзбекстандык экени айтылды. Бул иш боюнча Москванын Обручевский райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматка караганда, бул ишке бир нече киши катышканы айтылды.

Элчилик ушул тапта каза болгон кыргызстандыктын жакындарын издеп жатат.

Соңку эки күндө мигранттардын ушул райондо белгисиз адамдардан бычак жеген дагы эки учуру катталган. 10-октябрдан 11ине караган түнү 26 жаштагы тажикстандык Бахриддин Шараповду иштеген жеринде бычактап кетишкен. Бахриддин "Коломенское" метросунда жакын жерде шаурма сатып иштечү. Кудай сактап жаны аман калган ал славян түстүү бейтааныш адамдар үч жолу бычак сайып кетишкенин айтты.

- Мен ал түнү жалгыз иштеп аткам. Менден суу сурашты. Суу жок экенин айтканымда “Чурки, Орусиядан чыгып кеткиле!” деп эле бычак сайып жиберди.

Бахриддин учурда Коломенское районундагы №7 ооруканын реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Андан кабар алганы барган Москвадагы Тажикстан жаштары биримдигинин лидери Изат Амон азыр жердешинин абалы оор, бирок туруктуу экенин билдирди. Ал окуяга шектүү бир адам кармалганын, милиция ага “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.

- Алардын бирөөсү качып баратып телефонун түшүрүп коюптур. Милиция ошол аркылуу тапты. Бирок ага “бейбаштык” беренеси боюнча гана кылмыш иши ачылыптыр. Бул жерде этникалык жек көрүүчүлүктөн улам ушундай жолго барып жатышканы белгилүү эле болуп жатпайбы. Коломенское районунда жана ушул күндөрү киши колдуу болгон өзбекстандык ооруканада каза болду. Менимче ал дагы Бахриддин кабылган топтун колуна туш болсо керек. Дагы бир бычак жеген Өзбекстандын жараны ооруканада жатат.

Изат Амон Москвада соңку эки күндө улутчулдар сырттан келген мигранттарга сес көрсөтүп, “жортуулга” чыгышкандай сезилүүдө дейт. Анын маалыматы боюнча, эки күн ичинде белгисиз адамдардын ур-токмогуна кабылган, бычак жеген кеминде 8 учур катталыптыр.

Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз жери” уюмунун башчысы Абдыганы Шакиров Орусияда мигранттарга мамиле аз да болсо жакшырганын, мурдагыдай киши колдуу болгондор азайганын билдирүүдө.

Элчиликтин билдиришинче, былтыр Орусиядан Кыргызстанга 357 "жүк-200" жөнөтүлгөн. Булардын баары эле улутчулдар колдуу болду деп айтууга болбойт. Өз ара келишпестиктен кыргызстандыктар бири-бирин өлтүргөн же өз жанын кыйган, жумушта каза болгон учурлар да кездешет. Бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык жашайт. Алар көбүнчө соода-сатыкта, курулушта жана тейлөө тармагында иштейт.

XS
SM
MD
LG