Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Казакстандан Орусияга көчкөндөр көбөйдү


Казакстандын статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында эле өлкөдөн 19 миң адам биротоло жашоо үчүн Орусияга чыгып кеткен.
Казакстандын статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында эле өлкөдөн 19 миң адам биротоло жашоо үчүн Орусияга чыгып кеткен.

Соңку кезде Казакстандан Орусияга биротоло орун которуп кетүүнү каалагандар көбөйө баштаганы байкалууда. Журт которуп жаткандар мунун себебин Орусияда Казакстанга караганда жашоо-шарт жакшыраагы жана эмгек акы көбүрөөгү менен байланыштырууда.

Астанадагы орус элчилигинин консулдугуна Орусиянын “Мекендештер” программасына документ тапшырганы күн сайын ондогон адамдар келет. Элчилик кызматкерлеринин айтуусунда, КМШ жарандарынын ичинен бул программага казакстандыктар арасында кызыгуу күч.

Челябинск шаарына биротоло кетүүнү каалаган карагандылык 24 жаштагы Ирина Смирнова консулдукка дароо эле тиешелүү документтердин топтому менен келгенин, анын тизмесин элчиликтин сайтынан тапканын айтат.

Астананын тургуну Иван Малыхин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына аталган программага кирген күбөлүк алганын билдирди:

- Мен документ тапшырганда мага окшоп жаңы жерден бакыт издегендер азыраак эле. Кезек эки айдан кийин жетти. Документ алганы келгенимде көчүп кетүүнү каалагандар көбөйгөнүн байкадым. Эми аларга эки ай эмес, бир канча айлап кезек күтүүгө туура келчүдөй.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, мекендештерди көчүрүп келүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында акыркы убакта мурдагы союздук республикалардан жыл сайын жүз миңден ашуун адам орун которууда. Алардын эң көбү казакстандыктар. Бул өлкөдөн Орусияга орун которгондор жалпы көчүп келгендердин 30 пайыздайын (29,7) түзөт. Андан кийинки орундарда Өзбекстандын, Молдованын, Украинанын, Армениянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тургундары турат.

Бул программа 2013-жылы дагы жети жылга узартылган. Орусиянын Казакстандагы элчилигинин маалыматына караганда, аталган программа ишке кирген алгачкы 2007-жылы КМШ аймагынан бардыгы болуп 375 миң адам көчүп чыккан. Алар негизинен Орусиянын Калуга, Липецк, Воронеж облустарына жана Омск, Новосибирск, Калининград шаарларына жайгаштырылган. Көчүп баргандардын 41 пайызы жогорку, 43 пайызы атайын орто билимдүүлөр. Негизинен бардыгы ишке жарамдуу курактагылар.

Соңку учурда алардын катарын окууну жаңы бүткөн жаштар толуктоодо. Алардын бири Казакстандын Петропавловск шаарынын тургуну Юрий Семко келечегин Орусиядан көрүп жатканын айтат:

- Азыр көптөр чет өлкөгө, Орусияга кетип жатышат. Ал жакта жашоого шарт бар, келечегиңди көрө аласың. Эмгек акы да жогору.

Аталган шаардын дагы бир тургуну Татьяна Никулина орус жарандыгын алып, үй-бүлөсү менен биротоло көчүп кеткени жатат:

- Орусияга орун которууга туура келип жатат. Анча чоң эмес шаардан үй да сатып алдык. Күйөөм экөөбүз тең жогорку билимдүү адистербиз. Жумушту да кыйынчылыксыз эле таптык. Эмгек акы жашаганга жетет.

Казакстандын статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында эле өлкөдөн 19 миң адам биротоло жашоо үчүн Орусияга чыгып кеткен. Мекеменин башкы адиси Эрболот Мусабеков мурдагы 2014-жылы бул кошуна өлкөгө 24 миң адам кеткенин айтып, бирок бул сан мындан он жыл мурдагыга караганда кыйла азайганын белгилейт:

- Менимче, азыр кетип жаткандардын саны он жыл мурдагыга салыштырмалуу андай деле көп эмес. Маселен, 2005, 2006, 2007-жылдары адамдар абдан көп көчкөн. Ошол жылдары 50-60 миңдей адам кетип турган.

Бирок мынча адам кошуна өлкөгө эмне үчүн орун которуп жатышынын себептери расмий айтылбайт. Байкоочулардын баамында, казак теңгесинин куну кетип, жумушсуздук азайышы сыяктуу азыркы экономикалык кыйынчылыктар да буга бир себеп болгондой.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG