Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

ИМдин орусиялык согушкерлерине каршы санкция


Ислам-Сеит Умарович Атабиев жана Ахмед Чатаев (оңдо). Чатаев ИМ тобунун орусча сүйлөгөндөрдөн куралган батальонунун кол башчысы деп эсептелет.
Ислам-Сеит Умарович Атабиев жана Ахмед Чатаев (оңдо). Чатаев ИМ тобунун орусча сүйлөгөндөрдөн куралган батальонунун кол башчысы деп эсептелет.

АКШ “Ислам мамлекети” тобуна адамдарды азгыруу менен алектенген орусиялык согушкерлерге санкция жарыялады.

Мындай чара АКШ өзү, Орусия жана башка мамлекеттер да бул радикал топко адамдарды тартуу аракеттерин токтотууга умтулуп жаткан жана Москванын Сириядагы аба соккулары талаш жараткан кезде көрүлдү.

АКШнын Каржы министрлиги санкция жарыялаган орусиялыктардын баары теги боюнча Түндүк Кавказдан чыккан согушкерлер. Алардын бири Ислам-Сеит Умарович Атабиев же Абу Жихад улуту боюнча карачай жана “Ислам мамлекети” тобунун орус тилиндеги медиа канаты - "Фурат медиа" үчүн жоопкер адам катары саналат.

Башкача айтканда, “Ислам мамлекети” тобу үчүн орус тилинде үгүт жүргүзүп, анын катарына жаңы кишилерди чакырып, азгырып келген адам.

Талдоочулар “Ислам мамлекети” орус тилинде үгүтүн күчөткөнүнө быйыл июль айында көңүл бурушкан болчу.

Америкалык санкцияга кабылгандардын бири Ахмад Чатаев же Ахмад Шишани улуту боюнча чечен. Анын карачай Атабиев менен Сирияда чогуу жүргөнүн, “Ислам мамлекети” тобуна адам тартуу менен алектенгенин күбөлөндүргөн видеолор интернетте жарыяланган.

Чатаев 2012-жылы Грузиядан, абактан чыккан учур.
Чатаев 2012-жылы Грузиядан, абактан чыккан учур.

Ал ошондой эле “Ислам мамлекети” тобунун орусча сүйлөгөн согушкерлерден турган батальонунун колбашчысы деп да маалымдалган. Ал эми Абдул Азиз деген ысым менен белгилүү Заурбек Гучаев азыр сегиз жыл мурда Орусиянын өзүндө түзүлгөн "Кавказ эмирлиги" деген согушчан топтун Сириядагы өкүлү деп болжолдонот.

АКШ бир катар эксперттер эффективдүүлүгүнөн күмөн санашканы менен 2001-жылдагы террордук чабуулдардан соң “ал-Каидага”, анын адамдарына, каржылоо булактарына, башка террордук түйүндөргө каршы санкция киргизүү практикасын кеңири колдонгон.

Вашингтон эми “Ислам мамлекети” тобунун Түндүк Кавказдан чыккан согушкерлерине каршы жаңы санкцияларды АКШ өзү, Орусия, башка мамлекеттер да бул радикал топко адамдардын азгырылышын токтоткудай стратегия даярдоого аракеттенип жана Москванын Сириядагы аба соккулары талаш жараткан кезде киргизди.

Жакында БУУнун Башкы ассамблеясында жана анын алкагында өткөн жыйындарда Сирия маселеси талкууланган кезде, “Ислам мамлекети” террордук тобунун катары калыңдашын токтотуу ага каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү болушу керектиги айтылган.

Президент Барак Обама терроризмге каршы атайын саммитте буларга кайрылган болчу:

- "Ислам мамлекети" тобун талаада эле жеңүү жетишсиз болот. Биз биринчи кезекте ал башкаларды кыянатчылыкка шыктандырып, азгырып, радикалдаштырып салуусун алдын алуубуз абзел. Бул алардын идеологиясын жеңүү дегенди билдирет. Идеологияны курал менен жеңүү мүмкүн эмес. Ал андан жакшы идеология, алгылыктуу жана ишенимдүү көз-караш менен жеңилет.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын эсебинде, Сирия менен Иракка “Ислам мамлекети” тобунун катарына кошулуу үчүн кеминде 30 миңдей чет элдик барган.

Маселен, Конгресстин өткөн аптадагы баяндамасында келтирилген маалыматтарга караганда, жыл башынан бери эле Кошмо Штаттардын 250дөн ашуун жараны Сирия менен Ирактагы террордук топторго кошулган же кошулууга аракет жасаган. Алардын бир нечеси кайра мекенине кайтууга да үлгүргөн.

Ал эми Орусия бийликтери “Ислам мамлекети” тобунун курамындагы жарандарынын санын 2,5 миңдин тегерегинде деп айтып жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Чеченстан менен Түндүк Кавказдан чыккандар. Билгендердин айтымында, чечен согушкерлеринин көбү “ал-Каидага” байланышы бар, бирок “Ислам мамлекети” тобуна атаандаш “ал-Нусра” уюмунун катарында.

Президент Владимир Путин өткөн аптада аба соккуларды баштоосунун бир себеби катары Сириядагы согушкерлер Орусияга да коркунуч жаратарын атаган:

- Эгер алар Сирияда ийгиликке жетишсе, өз өлкөлөрүнө кайтышарын, анын ичинде Орусияга да келишерин түшүнүү үчүн адис болуунун деле кажети жок. “Ислам мамлекети” тобу Орусияны өзүнүн душманы деп жарыялаганына көп болгону жашыруун эмес.

Талаштуу аба соккулар

Орусия Сириянын аймагында талаш жараткан аба соккуларын 30-сентябрдан бери утур-утур жасоодо.

Орусиянын аба соккуларын "чоң жаңылыштык" деп атаган Түркия орус учактары анын аба мейкиндигин эки ирет бузганына нааразыланды. Түрк премьери Ахмед Давутоглы кечээ буларды белгиледи:

- Сирияда тышкы кийлигишүүгө узактан бери каршы чыгып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына бут тосуп келген Орусиянын эми өзүнүн активдүү кийлигишүүсү карама-каршылыктуу жана кризисти курчуткан кадам болду.

Орусия Түркиянын аба мейкиндиги атайылап бузулбагандын айтып, муну алар Сирияда колдонгон аскерий база түрк чек арасынан 30 чакырымдай эле алыстыкта жайгашканына жана учактар конгон кездеги аба-ырайы шартына байланыштырууда.

АКШ жана НАТО орус учактары түрк аба мейкиндигин бузганын айыптады.

АКШ жана башка өлкөлөр, ага катар эл аралык байкоочулар Орусия ИМ тобун эмес, президент Асаддын өкмөтүнө каршы оппозициячыл козголоңчуларын бутага алганын билдиришүүдө. НАТО, атүгүл, Орусиядан аба соккуларды токтотууну да талап кылды.

Сирия оппозициясы аба соккулардан ондогон жайкын тургундар да өлгөнүн айтып, муну күбөлөндүргөн видеолорду Интернетте жарыялады. Бирок Москва бул ырастоолорду туура эмес деп, четке кагууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG