Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Талашко: Фашизмди орустар эле жеңген эмес


Владимир Талашко
Владимир Талашко

Советтер Союзунун көрүнүктүү актерлорунун бири Владимир Талашко Украинада туулганын баары эле биле бербейт. Кремлдин нацисттик Германияны жеңүүдөгү украиндердин жана башка улут өкүлдөрүнүн салымын төмөндөтүп көрсөтүү аракети жашы 70ке таяп калган актердун көңүлүн иренжитип жаткан экен.

Орусиянын мамлекеттик сыналгысы 9-майга карата "В бой идут одни старики" же "Салгылашка жалаң абышкалар баратат" деген тасмасын жаңылап көрсөтүүнү пландап жатат. 1973-жылы тартылган бул тасмада советтик учкучтардын ырчылардан турган эскадрону тартылган.

Советтик кинонун согуш тууралуу эң күчтүү үлгүлөрүнүн бири саналган бул тасманы украин режиссеру Украинада тарткан жана актерлердун жарымы украиндер болгон. Владимир Талашко аткарган учкуч "Биз өлбөйбүз!" деген чакырык таштап, учагы менен нацисттердин поездин сүзүп өлөт.

Жакында Талашкону Украинада сыналгыдагы жарнамадан көрүү мүмкүн болду. Улутчулдук маанайдагы бул чакан тасмада Украинанын Экинчи Дүйнөлүк согушка кошкон салымы айтылат.

Талашко тартылган тасма

Жарнама Москванын нацисттик Германияны жеңүүдөгү Украинанын ролун жокко чыгарып, азыркы украин аскерлерин "бүгүнкү күндүн фашисттери" катары көрсөтүү аракетине каршы багытталган.

Экинчи Дүйнөлүк согушта 8 миллион украиндин каны төгүлгөнү маалым.

Азыр жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк шаарынан болгону 25 чакырым аралыктагы Макеевка деген чакан шаарда туулган Талашко "Азаттыкка" бүгүн мекенинде жүрүп жаткан согуш үч уктаса түшүнө кирбегенин билдирди:

- Немистик баскынчылыкты башынан өткөргөн чоң энем дайыма «мындан ары согуш болбосо экен» деп тилек кылчу. Менин жашымдагы бир да украин согуш Орусия менен чек ара тараптан болот деп ойлобосо керек. Мен жалпы орус эли тууралуу айтып жаткан жокмун.

Талашко Орусияда кино фестивалдарга, ар кандай иш-чараларга катышып келет. Ал бул өлкөдө Кремлдин кылыктарын колдобогон көп кишилерди, көркөм өнөрдүн жана маданияттын көп өкүлдөрүн тааныйт. Бирок бара-бара мындай карым-катнаш азаят деп чочулайт.

- Орусияга мен көп барам, балким тилекке каршы, мындан ары мен ал жакка көп каттабай калам го. Бирок Орусияда мен бир да украин аскерин көргөн жокмун. Бирок орус аскерлери мен туулган Донбасста, менин Макеевка шаарымда турат. Ал жакта бир тууганым жашайт, анын башына түшкөн мүшкүлдү айтып отурса сөз жетпейт.

Ардагер актерду Орусияда башка советтик жумурияттан келген аскерлер тууралуу дээрлик сөз болбогону да кыжаалат кылат.

2011-жылы эле Орусиянын президенти Владимир Путин нацизмдин үстүнөн жеңиштеги украиндердин салымынан күмөн санап сүйлөгөнү маалым.

- Украин менен алакабызга келсек, мен "биз чогуу болбосок согушту жеңбейт элек" деп айткандарга кошулбайм. Биз баары бир жеңмекпиз. Анткени Орусия жеңүүчүлөрдүн өлкөсү.

Путин: Орусия жеңүүчүлөрдүн өлкөсү

Талашко бул советтик согуш ардагерлерин өтө ызаланта турган сөздөр болгондугун белгиледи:

- Балким Улуу Жеңиштин көбү орус элинин эмгеги болгондур. Бирок армян, грузин, еврей, украин жана башкаларды шылдың кылган туурабы? Бул акыйкаттыкка жатпайт, туура эмес, эң башкысы бул бет тырмоочулук.

Талашконун ишениминде, Жеңиш мурдагы СССРдин бардык улуттарына таандык. Жогоруда сөз болуп жаткан тасмада украин жана орустар менен катар, бир өзбек, бир грузин да тартылган.

"Салгылашка жалаң абышкалар баратат" ("В бой идут одни старики") ​тасмасы

XS
SM
MD
LG