Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Түркмөнстан Орусиядан жардам сураган жок


Президент Гурбангулы Бердымухаммедов жана министр Сергей Лавров Ашхабадда жолуккан учур. Ашхабад, 28-январь, 2016-жыл.
Президент Гурбангулы Бердымухаммедов жана министр Сергей Лавров Ашхабадда жолуккан учур. Ашхабад, 28-январь, 2016-жыл.

Түркмөнстан Орусиядан түркмөн - ооган чек арасын кайтарууга азырынча жардам сураган жок. Бул орус тышкы иштер министринин Ашхабадга ушул аптадагы сапары учурунда маалым болду.

Иш сапар Орусиянын “Газпрому” Түркмөнстандан газ сатып алууну бир тараптуу түрдө токтоткон учурга да туш келди.

Ашхабаддагы сүйлөшүүлөр учурунда эки тарап бири-бирине жылуу сөздөрдү жолдошкону менен Сергей Лавровдун визити Орусия менен Түркмөнстан ортосунда газ келишими бир тараптуу түрдө үзүлгөндөн кийинки түшүнбөстүктөрдү жөнгөрүү, чыңалууну басаңдатуу максатын көздөгөнсүдү.

Сүйлөшүүлөрдөн соң түркмөн тарап адаттагыдай эле эч кандай комментарий берген жок.

Ашхабаддагы сүйлөшүүлөр.
Ашхабаддагы сүйлөшүүлөр.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо, Москва Ашхабад менен тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин айтып, буларга токтолду:

- Президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүүлөрүмө канааттануу билдиргим келем. Биздин карым-катнаштын бардык аспектилерин ири да, принципиалдык планда да карадык. Орусия менен Түркмөнстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашууларды эске алдык. Жетишилген жыйынтыктарды жана өзгөчө келечекти эске алганда, соода –экономикалык кызматташтыкта олуттуу прогресс бардыгын белгиледик. Президент Бердымухаммедов гуманитардык байланыштарды өрчүтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Өлкө жетекчилигинин орус тилин колдоо боюнча өзгөрүлгүс багытын ырастады.

Үзүлгөн газ келишими

Орусия тышкы иштер министри олуттуу жылыш бардыгы тууралуу айткан соода - экономикалык кызматташтыктын өзөгүн газ соодасы түзчү.

Бирок жыл башында Орусиянын “Газпрому” Түркмөнстандан көгүлтүр от сатып алууну токтотконун жарыялап, муну түркмөн тараптын газ баасын төмөндөтүү маселесиндеги “конструктивдүү эмес” туруму менен байланыштырган:

- Орусия менен Түркмөнстан ортосунда акыркы учурлардагы негизги проблема - “Газпромдун” түркмөн газын сатып алуудан баш тартышы эле. Бул 2003-жылы 300 миллиард куб метр газ сатып алуу боюнча 25 жылга түзүлгөн келишимдин Орусия тараптан бир тараптуу түрдө бузулушу болду. Ошондо Орусияга канча газ сатылары, кандай баада сатылары алгачкы ирет белгилүү болду. Келишимден бир тараптуу түрдө баш тартканы үчүн Орусия Түркмөнстанга кенемте же компенсация төлөгөн жок да, - деди “Азаттык” менен маегинде түркмөн парламентинин мурдагы депутаты, учурда Швецияда жашаган Халмурат Суйунов.

Өзү башкы экспорттук товары болгон газ соодасында Түркмөнстан Орусияга караганда Кытайга көбүрөөк ыктап жатканы белгилүү. Орусия түркмөн газын реэкспорттосо, Кытай өзү алгандыктан акыркы жылдары аларды көздөй кеткен газ бир нече эсе көбөйгөн.

Маселен, Кытай жылына Түркмөнстандан 30-35 миллиард куб метр газ алып жатса, Орусияныкы 2014-жылы 14 миллиард, былтыр 4 миллиард куб метрге чейин түшкөн.

Москвада чыгуучу “Коммерсанть” басылмасы өкмөттөгү булактарына таянып жазгандай, тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Ашхабаддагы сапары учурунда "газ чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташтыктын ыктымал параметрлери" боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү макулдашылды.

Ишке ашпаган аскерий кызматташтык

Айрым талдоочулар орус дипломатиясынын башчысы Ашхабаддагы бул сапары учурунда ооган факторун эске алуу менен түркмөн президентин аскерий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкка көндүрүү аракетин жасашты деп болжолдошту.

Ооган -түркмөн чек арасы. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Ооган -түркмөн чек арасы. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Орусия Түркмөнстанга түркмөн - ооган чек арасын кайтарууда жардамдашууга кызыктар экенин, бирок Ашхабад азырынча мындай жардам сурабаганын Сергей Лавров өзү да ырастады:

- Түркмөнстандын жетекчилиги чек аранын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу бизге маалымат берди. Алардын айтымында, чек ара заманбап технологияларды колдонуу аркылуу да кайтарылып жатат. Эгер бул аракеттерде биздин жардам талап кылынса, албетте, биз буга кызыкдар болобуз. Бирок, дагы бир жолу кайталайм: бүгүн биздин түркмөнстандык досторубуз Ооганстан менен чек арасын кантип ишенимдүү жаап жатышканын кең-кесири айтып беришти.

Орус тышкы иштер министринин сапарына тушташ кремлчил эксперттер өз интервьюларында жапырт түркмөн жетекчилиги оор абалда турганын, коопсуздук коркунучуна кабылышы мүмкүндүгүн эскертишкен эле.

Түркмөнстандагы жараяндарга байкоо салган “Түркмөнстан хроникасы” интернет порталынын редактору Фарид Тохбатулиндин баамында, Орусиянын Түркмөнстанда да аскерий таасирин арттыруу аракетине расмий Ашхабад өлкөнүн бейтараптуулук макамын жүйө тартуу менен тоскоолдук кылып келет:

- Орусия, албетте таасир көргөзгүсү, анын ичинде аскерий таасирин да кармагысы келет. Бирок Түркмөнстан азырынча өзүнүн нейтралдуулук макамына шылтап, аскерий кызматташтыктан баш тартып жүрүүдө. Өзү түркмөн бийлиги былтыр чек аранын ооган тарабында согушкерлердин активдешүүсүнөн тынчсызданып, чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча мүмкүн болгон чараларды көргөн. Чек арада түркмөн куралдуу күчтөрүнөн тышкары да биздин маалыматтар боюнча түркмөн өкмөтүнө жалданып иштеген чет элдик аскерий кызматчылар бар. Бирок алар, мисалы, Орусия, Украина же башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү эмес.

Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасынын узундугу 700 чакырымдан ашуун.

Былтыр жыл соңунда, Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун соңку саммитинде казак президенти Нурсултан Назарбаев түркмөн - ооган чек арасындагы кырдаал терең тынчсыздануу жаратарын айтканда түркмөн тышкы иштер министрлиги буга дароо терс реакция жасаган билдирүү тараткан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG