Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Туск: Орусия биздин көйгөйүбүз


ЕБнын төрагасы Дональд Туск Брюсселдеги пресс-конференцияда. 19-декабрь 2014-жыл.
ЕБнын төрагасы Дональд Туск Брюсселдеги пресс-конференцияда. 19-декабрь 2014-жыл.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Евробиримдик Орусия боюнча узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга тийиш деп билдирди.

Кечээ биримдиктин саммитинде Орусия аннексиялап алган Крымга каршы санкциялар кеңейтилген. Ошол эле күнү АКШ президенти Украинага жардам берүү боюнча мыйзамга кол койду. Жобо Орусияга каршы жаңы санкцияларга жол ачат.

19-декабрда шаркет лидерлеринин Брюсселдеги саммитинен кийинки пресс- конференцияда Польшанын мурдагы премьер-министри Туск Москванын Украинага эмес Евробиримдикке да мамилеси кооптондурарын айтты.

- Украинанын келечеги тууралуу сөз кылганда иш жүзүндө биздин келечегибиз, Европанын келечеги жөнүндө кеп болууда.

Төрага Орусия, президент Владимир Путин менен мамиле куруу жана Украина кризисин жөнгө салуу стратегиясы катаал болушу керек деп белгиледи. “Биздин стратегиялык проблема Украина эмес, Орусия”, - деп кошумчалады Туск.

Мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашы орус экономикасын кыйын абалга кептеди.,
Мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашы орус экономикасын кыйын абалга кептеди.,

Анын алдында, 18-декабрда биримдиктин жетекчилери Орусиянын Крымды аннексиялашына жооп иретинде кабыл алынган санкцияларды кеңейтүүнү чечишти.

Эми мунай жана газ тармактарында пайдаланчу технологияларды сатууга, туристтик фирмаларга Крымда иш жүргүзүүгө, биримдиктин жарандарына ал жерде компанияларды сатып алууга же каржылоого тыюу салынды. Буга чейин жарым аралдан товарларды алып келүүгө жана транспорт, телекоммуникациялар, энергетика жана мунай-газ секторлорун инвестициялоого тыюу салынган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Крымга каршы жаңы санкцияларды кескин сындады.

Ошол эле маалда европалык лидерлер президент Путин сентябрда Минскиде жетишилген Украинадагы ок атышууну токтотуу планын ишке ашыруу багытында аракет көрсө, санкциялар жеңилдетилет деп эскертишти.

Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон Орусия өз турумун өзгөртсө, бардык мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачык деди:

- Орусия Украин элинин тандоосун, суверендүүлүгүн жана өз келечегин аныктоо укугун урматтаса, аскерлерин чыгарып кетсе, Минск келишиминин бардык шарттарына баш ийсе, санкциялар алынышы ыктымал. Бирок андай болмоюнча, санкциялар кала берүүгө тийиш. Европа Биримдиги бул маселеде так жана бирдиктүү көз карашын билдирди.

Бирок Германиянын канцлери Ангела Меркел жазалоочу чаралар киргизилген себеп өзгөргөндө гана алынышы мүмкүн деп баса белгиледи:

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Брюссель, 18-декабрь 2014-жыл
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Брюссель, 18-декабрь 2014-жыл

- Санкциялар олуттуу себептен улам, зарыл болгон кезде киргизилүүгө тийиш. Жана алар биринчи кезекте ошол себеп жоюлганда гана алынышы керек. Алалы, аймактык бүтүндүк маселесинде алга жылуу болдубу? Бүгүнкү талкуулар көргөзгөндөй, санкцияларды алып же албоо чечими ошондой критерийлерге жараша кабыл алынмакчы.

Ошол эле күнү АКШ президенти Барак Обама Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө жол ачкан мыйзамга кол койду. Муну менен бирге президент ал чараларды ушу тапта колдонбой туруу керек деп эсептерин кошумчалады.

Украинага жардам берүү боюнча мыйзам долбоорун Конгресс өткөн жумада жактырган. Ага ылайык, Орусиянын коргоо жана энергетика тармактарындагы ишканаларга жазалоочу чаралар киргизилиши мүмкүн. Долбоордо ошондой эле Киевге 350 миллион долларлык аскердик жардам берүү каралган. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнесттин айтымында, “Обама администрациясы азырынча санкцияларды киргизүүнү көздөбөйт. Бирок жаңы жобо керек болгон учурда кошумча чара көрүүгө ыйгарым-укук берет”.

Март айында Орусия Крымды күч менен өзүнө кошуп алып, Украинанын чыгышында жаңжал башталганда АКШ жана Евробиримдик орусиялык айрым аткаминерлер, компаниялар жана бизнесмендерди “кара тизмеге” киргизишкен.

Санкциялар, ошондой эле мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашы орус экономикасын кыйын абалга кептеп, рублдин наркы кескин төмөндөп кетти.

Москва Донбасста согушуп жаткан жикчилерди колдоп жатат деген дооматтарды четке кагып келатат.

Бейшембиде жылдык пресс-конференцияда президент Владимир Путин кошуна өлкөнүн чыгышындагы кан төгүү үчүн Киев жооптуу, Орусия өз кызыкчылыктарын гана коргоп жатат деди.

Маалыматтарга караганда, жаңжал тутанган жаз айларынан бери 4 миң 700дөй кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG