Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Тажикстан: орус базасы узак мөөнөткө калат


Орусиянын 201-аскер базасы
Орусиянын 201-аскер базасы

Тажик парламентинин Төмөнкү палатасы Орусиянын 201-аскер базасынын өлкөдө жайгашуу шарттарын аныктаган келишимди 1-октябрда жактырды.

Ратификацияланган келишимдин алкагында көптөн бери жайгашкан орус аскер базасы эми Тажикстандын аймагында 2042-жылга чейин болот.

Тажик парламентинин Төмөнкү палатасынын спикери Шүкүржан Зухуров келишимге кол коюлгандан бери бир жыл убакыт аралыгында Орусияда да, Тажикстанда да бул келишим жөнүндө ар кандай ой-пикирлер айтылганын белгиледи.

Өлкөдө оппозициячыл деп эсептелген Социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Амният Абдулназаров орус аскер базасына каршылыгын билдирип, “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтты:

– Өзүн эгемендүү деп эсептеген ар бир мамлекет башка өлкөнүн аскерий базасын өз аймагында жайгаштырууга жол бербеши керек. Бирок Тажикстан ушунчалык алсыз, ошондуктан башка өлкөлөр өз аскер базасын жайгаштыра алат. Мен орус базасынын Тажикстанда болуусуна каршымын. Бул Тажикстандын алсыздыгын далилдейт.

Дүйшөмбү шаары, 5-октябрь, 2012-жыл
Дүйшөмбү шаары, 5-октябрь, 2012-жыл
Ал эми мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Махмадали Ватанов келишим Тажикстандын улуттук кызыкчылыгына төп келээрин айтты.

Андай болгону менен, Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы жана депутат Мухиддин Кабири “Тажикстан суверендүү өлкө катары өзүн коргоого кудурети жетиш керек” деп өзүнүн партиясынын келишим тууралуу пикирин айтты. Бирок учурда Тажикстандын андай дарамети жок. Кабири “Коркунучтарды жана тарыхый өнөктөштүк катнаштарды эске алуу менен бул эң жакшы чечим”, – деп сыпаттады. Аны менен бирге Кабири мындай чечимдерди кабыл алаардан мурда элдин пикирин эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Президенттикке талапкер Ойнихол Бобоназарова бул тууралуу “Азаттыкка” мындай деди:

– Бул эбак эле чечилген маселе болчу. Биринчиден, президенттик шайлоо жакындап келатат. Экинчиден, НАТО аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Эгер келишим өлкөгө жана анын коопсуздугу үчүн кызмат кылса, бул жакшы нерсе. Бирок мен орус базасынын жайгашуу мөөнөтү эмне үчүн 29 жылга узартылганын түшүнбөйм, алгач ирет он жылга эле узартса болмок.

Тажик президенти Эмомали Рахмон парламентке келишимди 18-сентябрда сунуш кылды. Орусиянын аскер базасынын Тажикстанда жайгаштырылуусу жана анын макамы тууралуу келишимге былтыр 5-октябрда орус президенти Владимир Путин жана Рахмон Дүйшөмбү шаарында кол коюшкан.

Ратификацияга ошондой эле Тажикстандын жарандарынын Орусияда жүрүү тартиби тууралуу быйыл 8-февралда Москвада кабыл алынган тажик-орус келишими сунушталган.

Андан тышкары Тажикстанга Орусиядан мунай продукциясын ташып келүү жөнүндөгү 2013-жылдын 6-февралында Москвада кол коюлган тажик-орус келишими да парламентке президент Рахмон тарабынан сунушталган.

Өз кезегинде орус Мамлекеттик думасынын федералдык жыйыны Орусиянын 201-аскер базасынын Тажикстанда жайгашуусун 2042-жылга чейин узарткан келишимди үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде жактырган. Ал эми федерация кеңеши келишимди быйыл 27-апрелде ратификациялаган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG