Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Мухин: Бизди Евробиримдик менен салыштырганга болбос


ЕврАзЭШтин саммитинин катышуучулары, Москва, 19-март, 2012
ЕврАзЭШтин саммитинин катышуучулары, Москва, 19-март, 2012

Бүгүн Москвада Евразия Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЕврАзЭШтин) саммити өтүп жатат. Анда карала турган башкы маселе – бул уюмду кайрадан уюштуруу.

Мындан 11 жыл мурда бул уюм постсоветтик аймакта жумурияттардын бирдей бажы чек арасын түзүп, тышкы экономикалык бирдей саясат жүргүзүү, товарларга тарифтерди аныктоо жана жалпы рынокко байланыштуу башка иш-аракеттерди биргеликте жүргүзүш үчүн түзүлгөн болчу. Эми аны кайрадан уюштурууда кандай зарылчылык бар? “Азаттыктын” бул боюнча суроолоруна Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору Алексей Мухин жооп берди.

Алексей Мухин: Азыр мурдагы Советтер союзунун аймагында иштеген уюмдарды кайрадан түзүү иши жүрүп жатат. Анын форматы биримдиктерге мүчө бардык жумурияттардын улуттук кызыкчылыгын коргоп, суверенитетин урматтоого негизделген. Менимче, Владимир Путин бул уюмдарга мурда СССРдин тушунда иштеген эффективдүү механизмдерди колдонуп, азыркы экономикалык, саясий кырдаалга туура жооп кайтаруу зарылчылыгын белгилеп жатат.

Бул өңдүү талкуу-чечимдерде, албетте, Орусия негизги кыймылдаткыч күч жана көзөмөлдөөчү тарап катары чыгып жатат. Ошондуктан Орусия өзүнүн мурдагы империялык дымагына кайтууну каалап жатат деп шектенгендер да чыкпай койгон жок. Муну азыр Батышта да, Чыгышта да жигердүү талкуулап жатышкан учуру. Ошол эле маалда, азыр кызматташтыкты андай форматта түзүү, менимче, техникалык жактан да мүмкүн эмес. Себеби дээрлик бардык республикалар эркиндиктин даамын татып калышты. Бул өлкөлөрдө Орусиянын интеграциялык аракеттеринен күмөн санап караган, керек болсо, ага каршы болго элиталар да бар. Бул ойду эске алыш керек жана ал эске алынган.

Төрөкул Дооров: КМШ аймагында саясий да, аскерий да, экономикалык да жактан кызматташтыкты, интеграцияны бекемдөө максатында иштеген уюмдар буга чейин деле болуп келген. Бир эле мисал, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму. Бул уюм соңку 20 жылдан бери иштеп келатат, бирок кризистик учурларда, айталы, аймактагы түстүү ыңкылаптарда же 2010-жылкы Ош окуяларында уюмдун эч кандай аракети көрүнгөн жок. Экономикалык алака-катышка жооп берген ЕврАзЭШ да дурус пайда бербей, эми анын ишин кайра карайбыз деп жатышат. КМШ да Евразия биримдиги болуп өзгөргөнү турат. Кайра түзүлө турган уюмдар мурдагысынан пайдалуураак, натыйжалуураак болот деген кепилдик барбы?

Алексей Мухин
Алексей Мухин
Алексей Мухин: Сиз Евробиримдикти кыйытып жатат окшойсуз. Менимче, азыр жаңы түзүлө турган уюмду Евробиримдик менен салыштырганга болбойт. Еврошаркет – узак жылдарга созулган эмгектин натыйжасы. Бирок ал деле азыркы экономикалык кризис учурунда көп иштерде чабалдыгын көрсөтүп жатканы байкалууда.

Анын үстүнө мурдагы Советтер союзунун аймагында Евробиримдик өңдүү уюмду түзүү такыр мүмкүн эмес. Анткени бирдиктүү валюта катары рублду киргизгенге дээрлик бир да республика макул болбойт, бирдей монетардык саясат жүргүзгөнгө да ар ким көнө бербейт. Келечеги шек туудурган долбоорду баштоонун эмне кажети бар? Ошондуктан “бардык мүчөлөрүнө дээрлик бирдей укукту бере турган” экономикалык кызматташтыкты түзүү демилгеси көтөрүлдү. Балким, бул кийинчерээк саясий биримдикке алып келиши мүмкүн.

Төрөкул Дооров: Кечиресиз, ЕврАзЭШ уюму да ушундай эле максатта түзүлбөдү беле? Же анда “бардык мүчөлөргө бирдей укук берилген өнөктөштүк” жок беле?

Алексей Мухин: Аталган уюмду сындагандар, билесизби, бул “тең укуктуу өнөктөштүк” дегенди көп эле шылдыңдап жатышат. Ошон үчүн бул жөнүндө сүйлөгөндүн кажети жок.

Төрөкул Дооров: Макул, тең укуктагы өнөктөштүк демекчи, ЕврАзЭШ уюмунун антикризистик фонду үч жыл мурда түзүлгөндөн кийин бир жарым жыл мурда андан 106 млн. доллар сурап, Кыргызстан да кайрылган. Акчалай жардам сураган башка республикага – Беларуска – жардам берилди, а Кыргызстанга берилген жок. Бул маселени ушул күндөрдөгү сапарында президент Алмазбек Атамбаев да көтөрөт деп жатышат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Алексей Мухин: Чынында, “жардам кассасы ачылды” деп ойлогондун өзү бир аз галаты болуп калмак. Ал эле эмес, ошол кассага кезекке туруп алгандар бар экенин билүү андан бетер кызыкча угулат. ЕврАзЭШ бул акча агымын бөлүштүрчү эмес, биргеликте кыймылдоого шарт түзгөн мейкиндик.

Ар бир мүчө-мамлекет андай жардамды алышы үчүн тийиштүү шарттары бар. Беларус ошол талаптарды аткарганы үчүн жардамды алды, Кыргызстанда болсо ал акча эмнеге жумшалат, анын сарпталышын ким көзөмөлдөйт, ким ал үчүн жооп берет, - түшүнүксүз. Кыргызстан акча албай калышынын кыйынчылыктары ушулар менен байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG