Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Түштүк Осетия Орусияга “өлкө” катары келди


Леонид Тбилов жана Путин Кремлде. Москва, 18-март, 2015-жыл.
Леонид Тбилов жана Путин Кремлде. Москва, 18-март, 2015-жыл.

Крым аннексиясынын бир жылдык мааракесине тушташ Орусия Түштүк Осетия менен “союздаштык жана интеграция” келишимине кол койду. Түштүк Осетияны жикчил аймагы катары санаган Грузия өз тарабынан бул окуяны аннексияга барабар иш катары баалады.

Шаршемби күнү Кремлде кол кол коюлган келишимге ылайык, Түштүк Осетиянын коопсуздук күчтөрү, армиясы, экономикасы, бажы жана чек ара кызматтары Орусия менен эми буга чейинкиден да тереңирээк интеграцияланат.

Түштүк Осетиянын мурда КГБда иштеген азыркы лидери Леонид Тбилов менен кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин орус президенти Владимир Путин эки тарап кол койгон жана “стратегиялык” деп аталган келишимдин маңызын төмөнкүчө чечмеледи:

- Орусия жарандыгын (түштүк осетиялыктар үчүн) алуунун жеңилдетилген процедурасы каралган. Биздин өлкөлөр ортосунда коопсуздук менен коргонуунун бирдиктүү мейкиндиги түзүлөт, бажы органдарынын интеграциясы камсыздалат. Биздин жарандар мамлекеттик чек аралардан эркин өткөрүлөт, ички иштер органдарынын биргелешкен координациялык борбору түзүлөт. Бул структура аймактагы терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө олуттуу салым кошуусу абзел.

Путин Түштүк Осетия менен союздаштык жана интеграция келишими акча менен да бекемделерин убада кылды.

Орус президентинин ырастоосунда, келерки жылы Түштүк Осетияга кошумча бир миллиард рубль берилет, ал эми 2008-жылдан бери көрсөтүлгөн жардам 43 миллиард рублден ашты.

Москва калкынын саны 60 миңге жетпеген Түштүк Осетияны жана ага катар Абхазияны 2008-жылы августта Грузия менен беш күндүк согуштан кийин көз карандысыз өлкө катары тааныган эле.

Бирок андан бери Орусиянын бул кадамын Никарагуа, Венесуэла сындуу бирин-экин өлкө, Приднестровье, Тоолуу-Карабак өңдүү жикчил аймактар гана колдогон. Былтыр Түштүк Осетия менен Абхазияны тааныгандар арасына Украинанын чыгышында жикчилдер жарыялаган “Донецк жана Луганск элдик республикалары” да кошулган.

Түштүк Осетиянын лидери Леонид Тбиловдун ишениминде, Орусия менен түзүлгөн келишим “анын өлкөсүнүн” эл аралык туруму чыңдалышына салым кошот:

- Келишимде бекитилгендей, Орусияга союздаштык макамы, бирдиктүү коргонуу мейкиндигинин жаралышы Түштүк Осетия республикасы үчүн мүмкүн болгон мамлекеттик суверенитетти жана коопсуздукту кепилдейт. Ошондой эле эл аралык турумду, көз карандысыз республика иретинде таанылуунун алга жылышын бекемдейт.

"Аннексияга барабар"

Ошентип Түштүк Осетия өзүн көз карандысыз өлкө катары караганы менен Грузия аны жикчил аймак деп санайт.

Грузин тышкы иштер министри Тамара Беручашвили мурдараак Орусия Түштүк Осетия да Крымдыкына окшош сценарий кайталап жатканын эскерткен эле.

Кечээ Москва менен келишимге кол коюлгандан кийин грузин Тышкы иштер министрлиги окуяны “оккупацияланган Цхинвали аймагынын аннекцияланышына барабар” иш катары баалады. Цхинвали - Түштүк Осетиянын борбору.

Москванын Түштүк Осетияны өзүнө мурдагыдан да жакындаткан кадамын Еврошаркет менен АКШ да сынга алган. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини келишимге кол коюлар алдында ал Грузиянын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузарын айткан болчу.

Ал эми АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки буларды белгилеген:

- Кошмо Штаттардын Түштүк Осетия жана Абхазия боюнча туруму ачык. Аталган чөлкөмдөр Грузиянын айныксыз бөлүгү жана биз бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдойбуз. Кошмо Штаттар Грузиянын жикчил аймактары: Түштүк Осетия Орусия менен азыр, ал эми Абхазиянын лидерлери 2014-жылдын ноябрында түзгөн келишимдердин легитимдүүлүгүн тааныбайт. Алар эл аралык келишимдер эмес.

Абхазия Орусия менен былтыркы келишимине чейин 2010-жылы биргелешкен аскерий базаларды түзүүнү караган макулдашууга да кол койгон. Түштүк Осетия менен Абхазияда Орусиянын 11,5 миңдей жоокери бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG