Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Сочиге Евгений Тимофеев келди


Чехиялык спортчу.
Чехиялык спортчу.

Бүгүн, 14-февралда таңга жуук Сочи олимпиадасына катышуу үчүн Бишкектен Стамбул аркылуу Евгений Тимофеев келди.

Аны аэропорттон Улуттук олимпиада комитетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси, Сочидеги делегациянын уюштуруучусу Саламат Эргешов менен машыктыруучусу Игорь Борисов тосуп алды. Учурда ал Роза Хутор аттуу олимпиадалык айылына барып, эс алууда. Эртеңден баштап машыгуусун баштайт.

Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди жаракат алгандыгына байланыштуу Евгений Тимофеев менен алмаштырууну өтүнүп, Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Керектүү документтерди тапшырган. Кечээ Эл аралык Олимпиада комитети менен Эл аралык лыжа федерациясы бул маселени оңунан чечип, Тимофеев олимпиадага катышмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сочиден Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов маалымдады.

12-февраль күнү машыгуу учурунда жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин учурда акыбалы дурус. Мурда күнү ооруканадан сынган бутуна шакшак коюлду. Ал дарыланып, Красная полянадагы олимпиадалык айылда жатат. Анын ордуна 19 жаштагы спорт чебери Евгений Тимофеев Сочи олимпиадасында өлкө намысын коргойт. Ал дагы олимпиадага катышуу үчүн бардык талаптарды аткарып, жолу ачылды. Ал 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышаары анык болду.

Трелевский тоо лыжа спортунун үч түрүнөн катышмак. Жадыбал боюнча 16-февралда супер-гигант, 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыгышы керек эле.

Кытай спортчуларынын аракети күч

Сочидеги Кышкы олимпиадада кечээги мелдештердин жыйынтыгы боюнча германиялыктар топ башында. 14-февралда алар 7 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгелүү болду. Экинчи орунда 10 медал менен Канада келатат. Норвегиялык спортчулар 13 медалы менен үчүнчү тепкичте турат. Голландия 4, АКШ 5-орунда. Оюн ээси орусиялыктар Сочиде азырынча 11 медал утуп, 7-орунду ээледи. Алар бүгүнкү күнгө чейин 2 алтын, 5 күмүш жана 4 коло байгелүү болду. Ал эми Азия өлкөлөрүнөн Кытай учурда 8-орунда. 2 алтын, 1 күмүш байгеси бар. Мындан 4 жыл мурдагы Ванкувер олимпиадасында командалык эсепте кытайлыктар 11 байге утуп, 7-орунга илинген. Ванкуверде 5-орунга жеткен түштүк кореялык спортчулар учурда Сочиде 1 алтын, 1 коло байгелүү болушту. Ванкуверде алар 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медал уткан. Учурда жапондор 2 күмүш, 1 коло байгелүү болуп, 17-орун менен чектелүүдө. 88 өлкөдөн 23 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Митинг менен таанылып жаткан Украинанын 1 коло байгеси бар. Учурда Борбор Азия өлкөлөрү байгелүү орундарга илине элек. Мурдагы Ванкувер олимпиадасында казакстандык биатлончу Елена Хрусталёва гана күмүш медал уткан.

Бүгүн хоккей таймашы өтөт

Бүгүн, 14-февралда Сочиде эркектер арасында лыжасы менен 15 км. аралыкка жарышуу мелдештери Бишкек убактысы боюнча 4тө башталды. Ал эми фристайл, коньки жарыштары, скелетон жана трамплин мелдештери Бишкек убактысы боюнча кечки сегизден түнкү саат 12ден өткөнгө чейин болмокчу. Сочиде күйөрмандар арбын келген биатлон мелдеши болууда. Бүгүн Красная поляна капчыгайындагы «Лаура» тоо лыжа базасында кыз-келиндер биатлон боюнча күч сынашат. Алар 15 км. аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атууга аракет кылат. Сочиде күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан хоккей мелдештери өтүүдө. Бүгүн хоккей боюнча эркектер командаларынан чехтер менен латыштардын таймаштары курч мүнөздө өтөрүн адистер айтышууда. Норвегиялык жигиттер командасы финдер менен ойнойт. Шведдер менен швейцариялыктар дагы беттешет. Бүгүн хоккейден эркектердин мелдештери да Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6 жарымда жана түнкү саат 11де башталат. Хоккейдин мекени аталган канадалыктар менен австриялыктардын бүгүнкү оюну да кызыктуу өтчүдөй.

Мартен Фуркад табында

13-февралда Красная полянадагы «Лаура» тоо лыжа комплексинде биатлон боюнча эркектер 20 км. аралыкта жарышып, мылтыктан бута атып мелдешти. Мында дагы франциялык Марен Фуркад марага озуп келип, Сочиде экинчи алтын медалды тагынды. Ал 10-февралда дагы 12,5 км. аралыкка лыжа менен жарышып, 4 ирет мылтыктан таамай атып, 60 атаандашынан марага биринчи келип, акыры «олимпиада чемпиону болом» деген тилегине жеткен эле. Ванкувер олимпиадасында күмүш байге утуп, арманда жүргөн Мартен дүйнөнүн беш жолку чемпиону, дүйнө кубогун 15 ирет уткан. Даңазалуу спортчу биатлондон сырткары велоспорт, дзюдо, сууда сүзүү жана хоккей оюндарына кызыгат. Франциянын куралдуу күчтөрүнүн сержанты.

7-февралда башталган олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG