Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Сочи: кумсалардын каршылыгы


Стадионго чогулгандар Орусиядагы ЛГБТ азчылыгын колдоо иретинде Орусиянын гимнин ырдап жатышат. Швеция, 6-февраль, 2014-жыл
Стадионго чогулгандар Орусиядагы ЛГБТ азчылыгын колдоо иретинде Орусиянын гимнин ырдап жатышат. Швеция, 6-февраль, 2014-жыл

Бир нече спортчу Орусиянын кумсаларга каршы мыйзамын айыптап чыгууну пландашууда. Ошол эле убакта нааразылык акциясынын кайсы түрүн колдонуу мүмкүн болоору анча түшүнүксүз болуп жатат.

Австралиялык сноубордчу Белле Брокхофф Сочидеги олимп оюндарында Орусиядагы кумсаларга каршы жаңы мыйзамды айыптоодон тартынбай тургандыгын жарыя кылган. Брокхоффго окшоп Орусиядагы кыстоодо калган лесбиян, кумса, бисексуал жана трансгендер менен шериктештик билдиргиси келген спортчулардын саны аз болсо да, алардын аракеттери бир топ уу-дуу жарата турган шекилдүү.

Орусиянын “кумса, лесбияндыкка үгүттөөгө каршы” багытталган мыйзамы боюнча, аны бузган чет элдиктерге айып салынып, депортацияланып, же 15 күнгө камакка алынышы мүмкүн.

Бул спортчулар арасында нааразылык билдирүүнүн бир катар түрлөрү, анын ичинде төш белги тагынуу, тырмакты көп түскө боёп, ЛГБТ укуктарынын эл аралык символуна айланган күндүн желесиндей түстөгү башка буюм-тайымды колдонуу каралууда.

Жаңы Зеландиялык чоң ылдамдыкта коньки тепкен Блэйк Скьеллеруп мелдеш убагында ушундай түстөгү төш белги тагынууну пландап жатат.

Бирок орусиялык мыйзамдын бүдөмүк жазылышы менен катар, ал күчүнө киргенден кийинки киши өлтүрүүлөр көпчүлүктү сестентпей койгон жок. Өткөн айда Олимп шамын алып келатканда, Воронеж шаарында жаш ЛГБТ активистти Олимпия коопсуздук кызматкерлери кармап, полицияга өткөрүп берди. Интернетке чыккан видеодон ошол жерде тургандардын айрымдары активистти жекирип, аны бул жерден жоготуш керек деп аткандарын көрүүгө болот.

Сексуалдык азчылыкты колдогон адамга кысым.



Кийин бул активистти полиция суракка алганы кармап кетип, айыпка жыкты.

Былтыр Москвада өткөн спорт оюндарында швециялык спортчу эки кыз тырмактарын көп түскө боеп алганда да бир топ чуу чыккан эле. Бул нааразылык билдирүүгө Орусиянын таяк менен секирүү боюнча дүйнө чемпиону Елена Исинбаева “орустар нормалдуу, стандарттуу” кишилер болгондуктан, “мындай нерселерди көчөдө көрсөтүүгө уруксат берилбеши керек" деген эле.

Швециянын Олимпия комитети өз спортчуларына тырмактарындагы боёкту кетирип салууга көрсөтмө берген. Эл аралык олимпия комитетинин жетекчиси Томас Бах да спортчуларды Сочи оюндарын саясий акциялар үчүн колдонбогула деп катуу айткан эле. Кийин Бах турумун бир аз жумшартып, өткөн айда кайра Олимпия оюндардындагы пресс-конференцияларда спортчулар толук сөз эркиндигине ээ дегендей сүйлөдү.

Бирок бат эле Сочи уюштуруу комитетинин башчысы Чернышенко “спортко тиешеси болбогон жаңылыктарга жол берилет” деген ырастоону четке какты.

Орусиянын кумсаларды жектеген мыйзамына каршы Британияда өткөн акция. 5-февраль.
Орусиянын кумсаларды жектеген мыйзамына каршы Британияда өткөн акция. 5-февраль.
Спортчулар бир балээге туш келбесин деп камтама болгон америкалык уюмдар азыр, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын демекчи, Орусияда кумсалардын укугун талашып, ошол эле убакта кандайдыр бир зомбулукка туш келбөөнүн чыгармачыл жолдорун ойлонуп жатышат.

Алар мисалы П6 деген логотипти колдонууну сунуш этишүүдө. П6 деген Олимпия хартиясындагы – өлкөнү же адамды расасына, динине, саясатына, жынысына карап дискриминациялоонун бардык түрлөрү Олимпия кыймылы менен шайкеш келбей тургандыгы тууралуу алты жобону билдирет. "Атлит Элай" уюмунун өкүлү Брайан Хейли мындай дейт:

- Олимпия хартиясын сактоону колдоо саясий билдирүүгө жатпайт деп ойлойм. Демек бул Олимпия хартиясынын кайсы бир эрежесин бузууну билдирбейт. Менимче, алты жобо Орусияда Олимпия боюнча болуп жаткан нерселерге көңүл бурдуруунун эң мыкты жолу.

XS
SM
MD
LG