Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Орус камагында зарыккан мигранттар


Рейд учурунда кармалган мигранттар. Орусия.
Рейд учурунда кармалган мигранттар. Орусия.

Сахарово кыштагындагы мигранттарды убактылуу камоочу жайда бүгүнкү күндө 70тен ашуун кыргызстандык жаран катталган. Алардын арасында бир жылдан бери акыйкаттуу сотко жетпей же Орусиядан мекенге депортацияланбай жаткандар дагы бар.

23 жаштагы Элдияр Нурпаиз уулунун бул жерде жатканына бир жыл болду. Иш учурунда полиция текшергенде анын жанынан керектүү документтер чыккан эмес. “Бир жылдан бери өзүмдүн аты-жөнүм такталып, кайрадан сот болушун күтүп отурам”, - дейт Элдияр.

- Ресторанда ашпозчу болуп иштечүмүн. Ошол жерден кармап кетишкен. Патентим, паспортум кыскасы, бардык документтер бар болчу, бирок алар үйдө калган. Үйгө телефон чалып, документтеримди алып келгиче эле, булар (полиция кызматкерлери) алып барып кагаздарга кол койдуруп, соттоп, камап коюшту... Элчиликке апам күн сайын бара берип, ошол жактан бир адвокатты сунушташкан экен. Ал адвокат акчасын алып, чыгара албай койду...

Элдияр Нурпаиз уулу
Элдияр Нурпаиз уулу

​Москвада иштеген Элдиярдын энеси Гүлмира Тойчиева бир жылдан бери жардам сурап кайрылбаган жери калбаганын айтты:

- Элчиликке тынбай каттай бердим. Ошол жерде Кубанычбек деген иштейт экен, Вадим деген адвокатты таап берди. Ал жардам берем дегенинен 15 миң рубль карматкам. Ал “документин туураладым, сотко кайрылып жатабыз, ана-мына” деген боюнча жоголду. Телефонун да өчүрүп салды. Кайра элчиликке барсам, “эртең чыгарабыз, бүрсүгүнү чыгарабыз” деп жатып туура бир жыл өттү. Балам ал жерде сокур ичеги болду. Аны Сахароводон Москвага алып келип, бир күндө операция кылып, кайра алып кетишти. Жада калса, бизди жолуктурган да жок...

Элдиярдын ишин карап жаткан юрист Вадим Захаряев болсо мигранттар полиция кызматкерлерине башка бирөөлөрдүн аты-жөнүн айтып, өздөрүнө өздөрү залака келтирип жатканын белгилейт.

- Башка бирөөнүн аты-жөнү менен соттолгон жарандарды мекенине чыгаруу оор. Мен Элдиярдын аты-жөнүн тактап, тууралаган кезде процедуралар өзгөрүп кетти. Мурун соттун чечими боюнча жарандын аты-жөнүн өзгөртүү оңой болсо, эми мындай ишти жасоого сот аткаруучулары катышуусу керек. Алар прокуратурага кайрылышат, анан сот карап чыгат, ошондон кийин гана соттолгон жарандын аты-жөнүн өзгөртүүгө болот...

Бул иш менен юрист Орусиянын президентинин адам укуктары боюнча кеңешине үч ай мурда кайрылган, бирок алигиче жооп ала элек.

Файзидин Омотов
Файзидин Омотов

Сахароводо камакта төрт айдан бери жаткан дагы бир кыргызстандык жаран Файзидин Омотов адвокаты жок түн жарымында соттолгон. Ал камоочу жайдагы шарттарды айтып, күзөтчүлөр күч колдонуп жатканына даттанууда.

- Эртең менен бир кашык кант менен тооктун жемин кайнатып беришет. Ошону менен күнүбүз өтөт. Анан түн жарымында күзөтчүлөр кирип, укугун билген балдар болсо, алып чыгып сабап, каалаганын кылып жатышат. Сотко чейин кол көтөрүшкөн эмес, бирок, соттон кийин ичке согуп, электрошок колдонуп жатышат...

Сахароводогу мигранттарды кармоочу жай ачылгандан бери укук коргоочу Андрей Бабушкин ал жактагы акыбалды коомчулукка айтып келет. Эки-үч ай мурда кесиптештери камакка кирип чыгып, кармоочу жайдын шарты жакшырбаганына күбө болгон экен.

- Биз үч доомат койгонбуз. Биринчиси - жарандарды мыйзамсыз камакка алуу. Мисалы, орус жарандыгын алган туугандары бар же 92-жылдары Орусияда жашаган жарандарды деле депортация кылып жатышат. Экинчиси - камакта кармоо шартка байланыштуу. Кармоочу жайдын ичи кир, камералардын ичи желдетилбейт, тамак-аш сапаты начар. Үчүнчүсү - негизсиз чектөөлөр. Камактагы мигранттар телефон менен сүйлөшө албайт, таза абадан дем алуу үчүн сыртка көп чыгарышпайт.

Бирок чет элдик жарандарды камоочу жайдын башкармалыгы укук коргоочулардын көзөмөлү менен айрым шарттарды жакшыртканын белгилөөдө.

Москвадагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын маалымдашынча, 20-октябрга карата Сахароводогу камакта 71 кыргызстандык жаран бары белгилүү болгон. Алардын 26нын өздүгү жана жарандыгы такталууда, 21и экинчи сотун күтүүдө жана 24 жаран жакында Кыргызстанга депортация болот.

Айымкан Кулукеева
Айымкан Кулукеева

- 30-сентябрда Эмгек, жаштар жана миграция министри Айбек Азыранкулов менен Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Болот Жунусов Константин Ромодановский (Федералдык миграциялык кызматтын башчысы - ред.) менен жолукканда бир жылга чейин камакта күтүп отурган 23 жарандын тизмесин колмо-кол берген. Эмне себептен ушунча кармалып жатат деген суроо көтөрүлгөн. Камакта жаткандарга жардам берип, ишин кароону тездетүү айтылган. Ошолордун ичинде Элдияр Нурпаиз уулу дагы бар. Ал полицияга кармалганда өзүн Абытов Муратбек Муктаржанович деп тааныштырган экен...

Элчиликтин кызматкерлери Сахароводогу камакка акыркы жолу февралда барып, жарандар менен кездеше албай кайтышкан. Ал жактагы укук бузуулар тууралуу элчиликте арыз жок.

Ал эми өз аты-жөнүн жашырып, жазадан кутулуп кетүүнү көздөгөн кыргызстандык мигранттар ушундай мөөнөтү чектелбеген капаска камалууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG