Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Путин Крымга аскер жөнөткөнүн моюнга алды


Путиндин түз эфири телевизор саткан дүкөндө да көрсөтүлдү. 17-апрель.
Путиндин түз эфири телевизор саткан дүкөндө да көрсөтүлдү. 17-апрель.

Орусиялык аскерлер Крымдагы референдумдун калыс өтүшүн камсыздоо үчүн жарым аралга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу кечээ президент Владимир Путин түз эфирдеги баарлашуу учурунда билдирди.

Расмий маалыматка караганда, президентке 2 миллиондой суроо түшкөн. 12-ирет өткөрүлгөн суроо-жооп сессиясында Украина жана Крымдагы соңку окуялар үстөмдүк кылды.

Путин кошуна өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилердин тополоңу артында орус армиясы же атайын кызматтарынын агенттери турат деген айыптоолорду “болбогон кеп” деп четке какты. Анын ырастоосунда, жергиликтүү тургундар Украинадагы “антиконституциялык төңкөрүштөн” улам өз келечегине камтама боло баштады. Ошол эле маалда ал Крымдагы окуялар учурунда жергиликтүү "өзүн өзү коргоо күчтөрүнүн" артында орусиялык армия турганын биринчи жолу моюнга алды. "Орусиянын куралдуу күчтөрү 16-марттагы референдумда калыс добуш берүүнү камсыздоо үчүн жайгаштырылган", - деди Путин:

- Орусия Крымды күч менен өзүнө кошуп алган жок. Орусия атайын бөлүктөр жана куралдуу күчтөрдүн жардамы менен, муну түз эле айтып коюш керек, Крым жана Севастополдо жашаган элдин өз оюн эркин билдирүүсү үчүн шарт гана түзүп берди. Орусияга кошулуу чечимин болсо крымдыктар өздөрү кабыл алды.
Крымдын жашоочулары түз эфирди көрүүдө. 17-апрель.
Крымдын жашоочулары түз эфирди көрүүдө. 17-апрель.
Расмий Киев жана Батыш референдумду мыйзамсыз деп, анын жыйынтыгын четке кагып келет.

Украинанын жаңы бийлиги “өлкөнү жарга такаганын” айткан президент карапайым элге каршы күч колдонуу, “танктар менен учактарды” жөнөтүү “олуттуу кылмыш” болуп саналарын да белгиледи.

Крымга кирүүнүн бир себебин Путин кайсы бир деңгээлде НАТОнун кеңейүүсүнөн улам келип чыккан кооптонуу менен түшүндүрдү.

- Түндүк Альянстын кеңейүү пландары Орусияны Кара деңиз аймагынан сүрүп чыкмак,- деди орус лидери.

Путин ошондой эле чыгыш Украинада аскерий күч колдонууга зарылчылык болбойт деп үмүттөнөөрүн айта кетти.

Газ маселесине токтолгон президент Украинага карызынан кутулуу үчүн бир ай берилерин, андан кийин алдын ала төлөп туруу талабы коюларын билдирди. Украина аркылуу өткөн транзиттик жолдор кооптуу болуп калганын айтты:

- Европада диверсификация, орус газынан көз карандысыздык жөнүндө кеп кылып жатышат. Биз деле кардарларга байланбоо маселесин козгоп жатабыз. Азырынча керектөөчү менен газ сатуучу ортосунда тең салмактуулук сакталууда. Бирок бир эле проблема бар – бул транзит жолдор. Эң кооптуусу – Украина аймагы аркылуу өткөн жол.

Баса, ошол эле күнү Еврокомиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Москваны Украинага газ экспортун токтотпоого чакырды.

Үстүбүздөгү айда Москва Киевге саткан газдын баасын 80 процент көбөйтүп, анын карызы 2,2 миллиард долларга жеткенин билдирген.

Орус мамлекет башчысы ошондой эле Украинадагы президенттик шайлоо кампаниясы ушул нукта улана берилсе Москва 25-майда өтүүчү шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирди.

Алдын ала уюштурулган жана жакшы башкарылган баарлашууда америкалык мурдагы тыңчы, былтыр Орусияда убактылуу башпаанек алган Эдвард Сноуден да суроо берди.

Путин ал экөө тең мурдагы агент болгондон кийин “профессионалдуу тилде” жооп берейин деп тамашалап, "Орусияда жеке адамдардын сүйлөшүүлөрүн угуп, сактап же анализдешеби?" деген суроосуна жооп кайтарды:

- Бизде атайын кызматтар тарабынан телефон сүйлөшүүлөрдү угуу жана интернеттеги маалыматтарды чогултуу өңдүү атайын чараларды көрүүсү тууралуу мыйзамда так жазылган. Конкреттүү бир адамды угуу үчүн соттун уруксаты керек. Андыктан массалык түрдө андай чаралардын болушу мүмкүн эмес.


Андан тышкары Путин адам укуктары, бир катар социалдык маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

XS
SM
MD
LG