Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Президенттикке талапкер Прохоровдун убадалары


М.Прохоров "Азаттыктын" Москвадагы студиясында, 19-январь, 2012
М.Прохоров "Азаттыктын" Москвадагы студиясында, 19-январь, 2012

Орусияда мартта өтө турган президенттик шайлоого ат салышам деген миллиардер Михаил Прохоров ушул аптада өзүнүн шайлоо программасын жарыялады.


Орустун миллиардерлеринин бири Михаил Прохоров президент болуп калса, Владимир Путиндин айрым негизги саясатын өзгөртө турганын айтты.

Олигарх Прохоров президенттикке талапкер катары катталыш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ушул аптада 2 млн.кол топтоп берген. Непада мамлекет башчы болуп шайланып калса, губернаторлорду шайлоону кайра киргизээрин, түрмөдөгү олигарх Михаил Ходорковскийге мунапыс жарыялап, боштондукка чыгараарын айтты.

Ушул бейшембиде “Азаттыктын” орус кызматына сүйлөп жатып, Прохоров президенттик кызматтын мөөнөтүн азыркы алты жылдан төрт жылга кыскартаарын, мурдагы каржы министри Алексей Кудринди өзүнүн премьер-министри кылып дайындаарын да кошумчалады.

Шектенгендер

Азыр бул чириген бай ишкер өлкөдө 4-мартта өтө турган президенттик шайлоого катышчу жети потенциалдуу талапкердин бири катары аталып жатат. Ал мурдатан эле Кремль менен жакшы мамиледе болуп келген. Ошондуктан “аны Путиндин эле саясий кеңешчилери шайлоого катышууга үндөгөн” дегендер көп. Бирок Прохоров өзү аны четке какты.

“Бул - жакшы миф, бирок менин аброюма шек келтирет жана мени жарыштан четтетиши да мүмкүн. Мага эч андай мааниде чалышкан эмес”.

46 жаштагы Прохоровду оппозициянын бир бөлүгү “Кремлдин куурчагы”, “оппозицияны бөлүп-жарып, анын добушун уурдаш үчүн келген” деп сындап да жүрөт.
Мен Кремлдин "куурчак талапкери" эмесмин

Ал президенттик шайлоого ат салышам деп былтыр 24-сентябрда чечкенин айтат. Дал ошол күнү азыркы президент Дмитрий Медведев премьер-министр Путиндин кайра президенттикке келишин каалай турганын жарыялаган болчу.

Аналитиктер декабрда Мамлекеттик думага болгон шайлоодон кийин элдин наарызылыгынын күчөшүнүн баштапкы себеби да Медведевдин ушул билдирүүсүндө байкалган дешет.

Прохоров президент болуп шайланса, мындан ары мамлекет башчылары өмүрүндө эки гана жолу президент катары шайланууга укук ала турганына жетишээрин убада кылды. Ал эми Ходорковскийди түрмөдөн бошоткондон кийин, анын “талантын” колдонууга “сөзсүз тийиштүү орунду табам” деди.

Ал мындан башка да популисттик убадаларды бергенсиди. Маселен, көчөлөрдө айтылуу “мигалкаларды” же өкмөттүк машинелер тыгындан качыш үчүн колдонуп жаткан көк түстүү лампаларды колдонууга толугу менен тыюу салаарын билдирди.

Путин кетсинби?

Прохоров 24-декабрда Москвада Кремлге каршы өткөн масштабдуу митингге катышкан жана өзүнүн маегинде анын уюштуруучулары блоггер Алексей Навальный менен жазуучу Борис Акунин тууралуу учкай айтып өттү. Бирок ал “Путин бийликтен кетиши керек” деген ураан тууралуу сөз чыгаары менен ага макул болуудан баш тартты.

“Проблеманын баары биз ак менен караны гана көргөнүбүздө - же бар же жок, - дейт Прохоров. - Жакшы өнүгүшүбүз үчүн, менимче, Орусия Акуниндин да, Навальныйдын да, Путиндин да, Прохоровдун да өлкөсү болушу зарыл. Биз баарыбыз сүйлөшө билишибиз керек. Ичибизде кимибиз туура, кимибиз натуура кылып жатканыбызды акыйкат шайлоо чечсин”.

Жакында Орусиядагы “Левада” борбору жүргүзгөн сурамжылоого караганда, эгерде эртең шайлоо болуп калса, Прохоровду электораттын болгону 3% колдомок.

Азырынча шайлоого төрт адам талапкер катары катталган. Булар: премьер-министр Владимир Путин, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, “Акыйкат Орусия” партиясынан Сергей Миронов жана либерал-демократиялык партиянын башчысы Владимир Жириновский.

Москва: "Таза шайлоо үчүн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:00 0:00
"Таза шайлоо үчүн" деген ураан астында Москвада өткөн митингге он миңдеген адамдар чогулуп, Михаил Прохоров дагы келген. 24.12.2011.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG