Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Үркүндү эске салуу Кремлге жакпай турат


Туман Жумабаевдин 1916-жылдагы Үркүндү чагылдырган сүрөтү
Туман Жумабаевдин 1916-жылдагы Үркүндү чагылдырган сүрөтү

Орусиялык басылмалар бир жума ичинде Борбор Азия тууралуу бир катар макалаларды жазды.

"Евразия экономикалык биримдигине жакында эле кирген Кыргызстан союздаштарына сокку урууда" деп жазат “Сегодня.ру” интернет басылмасы. Макалада Кыргызстандын кийинки жылы Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрүү пландары катуу сынга алынган. Бишкектин 1916-жылы болгон толкундоолордо каза тапкандарды эскерип, Үркүндүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндөгү ролун аныктоону көздөгөнү - “антиорусиялык аракет” катары бааланат. Андан тышкары, жакында эле Орусия НАТОнун жүктөрүн Ооганстанга өткөрүүдөн баш тартса, Кыргызстан бул жаатта Брюсселдин тилине көнүп, өз аймагынан жол бергени жатканы дагы сындалат.

"1916-жылы Биринчи Дүйнөлүк согуш чыгып, аскердик күчкө муктаж болгон Орусия Түркстан аймагынын тургундарын тылдагы жумуштарга чакырганы белгилүү. Тынч жашоодо бардыгын тең бөлүшүп, бирге жашагандан кийин, бирге согушууга дагы туура келет" деген ой айтылат макалада.

Суу коңшуларды уруштурабы?

Жакынкы жылдарда суу тартыштыгынан улам Борбор Азия ич ара кагылышууларга дуушар болушу мүмкүн. Мындай ойду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Суу жашоо үчүн” деп аталган эл аралык конференцияда айтканын “Взгляд” басылмасы жазып чыкты. Соңку 50 жыл ичинде аймакта сууну керектөө эки эсеге өскөн. 2030-жылы бул 15-20 пайызга көбөйөт деп Эмомали Рахмон өз сөзүндө белгиледи.

20-кылымдын башында Борбор Азиядагы сугат жер 2,5-3 млн. гектарды түзгөн болсо, азыр мындай жер 8,5 млн. гектарга чейин кеңейген. Андан тышкары макалада калктын саны дагы тездик менен өсүп бара жатканы баса белгиленген. 1956-жылы региондогу калктын жалпы саны 20 миллионго чамалуу болсо, азыр 65 миллионго жеткен.

“Борбор Азиядагы суунун, азык-түлүктүн жана электр энергиясынын таңкыстыгы бири-бири менен чырмалышкан, аны чечүүгө коңшулардын ич ара кызматташуусу керек” деген Эмомали Рахмон Борбор Азиядагы кесиптештерин бул көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө чакырды.

Ооганстанда ИМ тамырлай баштады

Ооганстандагы наркобизнес “Ислам мамлекети” согушкерлеринин көзөмөлүнө өтүүдө деп жазат “Русская планета” интернет басылмасы. "Ооган жеринде “Ислам мамлекети” күч алып, талиптерди сүрүп чыгууда. Жоочулардын катарын Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары толуктап жатканы мурдатан белгилүү. Учурда 417 тажик жана 300 кыргыз жараны ИМдин катарында согушууда" деп айтылат макалада.

“Ооганстандан келген коркунучтарды жоюуга Жамааттык коопсуздук келишим уюму болгон күчүн жумшоодо” дейт Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө иштер боюнча элчиси Виктор Васильев. Жамааттык уюм “Канал-Патруль” деп аталган атайын операция жүргүзүп, ушул жылдын май айында Борбор Азиядан 12 тонна маңзат сатылбай токтотулган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG