Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Каримов батышчыл жаңы элита түздү


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Орусиялык басма сөзгө баяндама (27- сентябрь - 2 - октябрь).

Астана Орусиянын аскер полигондору жайгашкан ижарадагы жерлердин кыйласын кайтарып аларын “Независимая газета” басылмасы маалым кылды.

Ал 11 миң гектар жер кайра кен өндүрүүчү жеке ишкерлер менен ишканаларга берилет. Мындай күтүүсүз чечимди Казакстандын коргоо министринин орун басары Окас Сапаров “Казакстан үчүн пайдаланууга керектүү жерлерди ижарага берүүдөн алып жатабыз” деп түшүндүргөн. Ал керектүү документке Орусия кол койгонун билдирип, эми документ Казакстандын парламентинде караларын кошумчалаган.

Мурдарак Орусия президенти Владимир Путин Белоруста жаңы авиабаза ачуу тууралуу ниетин жарыялаган. Расмий Минск ага расмий жооп кайтара элек деп жазат “Независимая газета”. Бирок эксперттер Белорусиядагы президенттик шайлоо алдында Лукашенконун Путиндин каалоо-тилегине көнбөскө аргасы жок деп баалашууда.

Ислам Каримов Өзбекстанда Батыштын саясатын жактаган элита түзүп алганын “Регнум” интернет-басылмасы жазып чыкты. Басылма аты аталбаган эксперттин билдирүүсүнө таянып, Каримовдун айланасындагы жаңы элита өлкөдөгү электроэнергетика, жеңил өнөр жай жана башка маанилүү тармактардагы стратегиялык объектилерди ээлеп, мамлекеттик жогорку кызматтарда отурушарын билдирди. “Алар Орусиянын экономикалык жана башка интеграциялык демилгелерине бут тосуп, Батыштын колдоосун алууга аракет кылууда”, деп белгиленет макалада.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы террордук уюм деп табылганын “Регнум” интернет-басылмасы да окурмандарына жарыя кылды. Жогорку сот партиянын гезит-журналдарынын өлкөдө таркатылышына тыюу салып, интернет сайтын жаап, ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алган.

Макалада акыркы беш жылдын ичинде партиянын 45 мүчөсү оор кылмыштарды жасады деп айыпталып, 17 мүчөсү ар кандай кылмыш жообуна тартылгандыгы маалымдалган. Ошондой эле Ислам кайра жаралуу партиясы Дүйшөмбүдөгү бийликти төңкөрүп түшүүнү көздөп, президенттин резиденциясына, аткаруу бийлигине, Улуттук коопсуздук жана Ички иштер министрликтерине куралдуу кол салууларды пландаштырганын аталган басылма жазып чыкты.

Евразия экономикалык биримдигине Азербайжан жаңы мүчө болуп кошулууга каршы эместигин билдирди деп жазат «Экономика-Сегодня» басылмасы. Бирок, ал үчүн расмий Баку Тоолуу-Карабак аймагынан Армения аскерлерин алып чыгып кетсин деген талап койгон.

Этникалык армян калкы басымдуулук кылган Тоолуу-Карабак 1991-жылы өзүн Азербайжандан көз карандысыз республика катары жарыялап, учурда армян аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Иш жүзүндө талаштуу аймак Арменияга баш ийип калганы басылмада баса белгиленет.

Кавказ таануучу Александр Крылов Евразия биримдигине Азербайжанды кабыл алуу үчүн Орусия тоодой аракеттерди жасашы керек деп эсептейт. Адистин айтуусунда, Тоолуу-Карабакты өзүнө тиешелүү жер деп эсептеген Армения жаңы шерикти кабыл алууга караманча - каршы чыгары турган иш.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG