Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Көзүнө жаш алган Путин жана "карусель" шайлоо


В.Путин Манеж аянтында тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алды. Москва, 4-март 2012-жыл.
В.Путин Манеж аянтында тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алды. Москва, 4-март 2012-жыл.

Орусиядагы президенттик шайлоодо добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматы боюнча премьер-министр Владимир Путин 65% чукул добушка ээ болду. Жалпы добуштардын 80% саналып бүттү.

Добуш берүү аяктагандан кийин президент Д.Медведев менен премьер В.Путин Москванын Манеж аянтында чогулгандардын алдына чыгып ыраазычылык билдиришти. Шайлоодо жеңишке жетээри күтүлүп жаткан талапкер Путин тарапкерлерине кайрылып, көзүнө жаш алды.




“Карусель” жана веб-камералар
Көз карандысыз “Голос” уюмунун байкоочуларынын маалыматына караганда, алар добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 3 миңдей фактыны катташты.

Оппозициялык лидер, блоггер Алексей Навальныйдын айтымында, адамдар бир шайлоо бекетинен экинчиге каттап добуш берген "карусель" ыкмасынын масштабы азыркы шайлоодо буга чейин “болуп көрбөгөндөй” колдонулду. Ал “Дождь” көз карандысыз телеканалы аркылуу сүйлөгөн учурунда буларды белгиледи:


-Баары айдан-ачык кетүүдө. Москвада жана Москва алдында адамдардын тобун салган жүздөгөн автобустар каттап жүрөт. Алар шайлоо бекеттерин аралап добуш берип жатышат. Биз билгенден Москва облусунда (шайлоочуну) каттоодон чыгарган күбөлүктөр бир нече күн мурун эле түгөнгөн. Ошол күбөлүктөрдүн баары бүгүн көп санда байкалган "бригадалар" арасында бөлүнүп берилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын Москва облусундагы кабарчысы Вера Володина Пушкино шаарынан байкагандары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

-Ажыратылган таллондору бар жарандар шайлоо бекеттерине массалык түрдө алынып келүүдө. Мунун бир мисалы Пушкино шаары. Москвадан чогулуучу жер - ВДНХ метро станциясынан Пушкино спорт комплексиндеги шайлоо бекетине алып келишүүдө.


Анткен менен Орусиянын бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү азыркы шайлоо ачык-айкындыгы жагынан башка мамлекеттерге үлгү боло аларын билдиришүүдө. Кремль көзөмөлдөгөн Коомдук палатанын мүчөсү Георгий Федоровдун пикиринде, технологиялар жана процедуралар жагынан президенттик шайлоо декабрдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу жакшы уюштурулган.

Ал эми Орусиянын БШК төрагасынын орун басары Станислав Вавиловдун айтымында, аларда добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу жүздөгөн арыз-даттануулар күн мурунтан эле даярдалган жана жакынкы күндөрү бийликтерге жөнөтүлөт деген маалымат бар. Ал мындай арыз-даттанууларды даярдагандарды “объективдүүлүккө жана мыйзамдуулукка” кызыкпагандар деп атады.

Былтыр декабрда болгон парламенттик шайлоодогу бурмалоолор Орусия боюнча нааразылык акцияларынын толкунун жараткандан кийин премьер-министр, президенттикке талапкер Владимир Путин баардык шайлоо бекеттеринде веб-камераларды орнотууга буйрук берген.

Бирок Компартиянын лидери, президенттикке талапкер Геннадий Зюгановдун бүгүн кабарчылар мене маегинде вев-камералар деле шайлоонун тазалыгын камсыздай албастыгын айтты:



-Көп участоктордо сиз үкөктү далыңыз менен жаап алсаңыз, камера сиздин аркаңызды гана көрсөтөт. Үкөккө канча бюллетень таштап жатканыңызды ал веб-камералар көргөзбөйт.




Орусиянын Байланыш министри Игорь Щеголевдин айтымында, добуш берүүнүн жүрүшүнө веб-камералар аркылуу мониторинг жүргүзгөн система бүгүн хакерлердин, анын ичинде Жапония менен АКШдан жасалгандай болгон хакерлердин чабуулуна кабылган. Бирок мониторинг үзгүлтүккө учураган жок.

Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынан депутат Владимир Бурматовдун пикиринде, веб-камералар мүмкүн болгон укук бузуулардын “99 пайызына” жол берген жок. Ал ошондой эле добуш берүүдө “карусель” ыкмасы колдонулуп жатат деген ырастоолорду четке какты.



Путин биринчи айлампада жеңчүдөй
Социологдордун эсептерине караганда, мурдагы президент, учурдагы премьер- министр Владимир Путин 60%дын тегерегинде добуш алышы мүмкүн. Бул шайлоонун экинчи айлампасы өтпөйт дегенди туюндурат.

Путиндин башкы атаандашы катары Коммунисттик партиянын 67 жаштагы лидери, президенттик шайлоого төртүнчү ирет катышып жаткан Геннадий Зюганов аталат. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ал 15%дын тегерегинде добуш топтоосу мүмкүн.

Улутчул ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский жана ири ишкер, олигарх Михаил Прохоров үчүнчү орунду ээлешет деп күтүлүүдө.

Ал эми буга чейин президенттик шайлоого катышканында өз жактоочуларын Путин үчүн добуш берүүгө чакырган Сергей Миронов акыркы орунду алаары айтылууда. Миронов - Орусиянын Федералдык кеңешинин мурдагы төрагасы.

Бул ирет Орусиянын президентигине талапкерлердин арасынан Михаил Прохоров шайлоого алгачкы ирет катышууда.

Ал бул шайлоо өнөктүгү аркылуу декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кремлге каршы толкуп чыккан орто тапты өз тарабына тартууга үмүттөнүүдө.

Прохоров бүгүн Красноярск крайында добуш бергенден кийин кабарчылар менен маегинде парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларына чыккандардын негизин түзгөн ортоңку таптын кызыкчылыгын чагылдырган партия түзүү планы бардыгын ырастады:

-Жаңы партияны түзүү иши жүрүүдө. Биздин жарандар саясий күрөшкө жигердүү катышууда жана мен жаңы саясий күч түзүүнү мерчемдеп жатам. Бул толугу менен жаңы, биздин атуулдарды жарандык жоопкерчилиги боюнча бириктирген партия болот.

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоого өлкө боюнча 380 миңдей полиция кызматкери тартылды.

Орусиянын маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, добуш берүүнүн жүрүшүнө чет өлкөлүк 685 байкоочу көз салууда. Алардын 219 ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG