Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Путин украиндерге Крымды бербесин кыйытты


Путиндин жылдык кайрылуусун угуп жаткан кадеттер. Екатеринбург, 4-декабрь, 2014-жыл
Путиндин жылдык кайрылуусун угуп жаткан кадеттер. Екатеринбург, 4-декабрь, 2014-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путиндин парламентке жылдык кайрылуусу бул жолу Москва менен Батыштын мамилелери сууп кеткен учурга туш келди.

Орус мамлекет башчысы Крым жана Украинадагы окуялар болбосо да, санкцияларды киргизүү үчүн шылтоо табылмак деп билдирди. Путин рублдин курсу, экономикалык жана социалдык маселелерге да токтолду.

Байкоочулар айбаттуу деп сыпаттаган сөзүнүн башында Путин Кремлдин залында чогулган депутат, өкмөт мүчөлөрү, диний лидерлер, коомдук ишмерлерге, өлкө жарандарына тилектештик жана биримдик үчүн ыраазычылыгын айтып, Орусия үстүбүздөгү жылы чоң сыноолорго туш болгонун, бирок журтташтарынын укуктарын, адилеттүүлүктү жана чындыкты коргоого кудуреттүү экенин далилдеди деди.

Путин Крымдын маанисин белгилеп, жарым аралды Украинага кайтаруу ниети жоктугун кыйытты:

Крым. Севастополь.
Крым. Севастополь.

- Ислам же иудаизмди туткан кишилер үчүн Иерусалимдеги Ибадаат дөңсөөсү канчалык маанилүү болсо, Орусия үчүн Крым, байыркы Корсун, Херсонес, Севастополь ошончолук маанилүү, ыйык жана касиеттүү.

Президенттин айтымында, АКШ жана Европа биримдиги Крымдын аннексиясынан жана Чыгыш Украинадагы жикчилерге жардам бергенинен улам киргизген санкциялар өлкөгө зыян келтирүүнү максат кылган, анын ордуна экономикага дем берди деп белгиледи:

- Санкцияларды АКШ жана союздаштарынын Украинадагы мамлекеттик төңкөрүшкө же Крым жазына реакция катары карабайт элем. Андай окуялар болбосо да, Орусиянын өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн ооздуктоо, таасир этүү же эң жакшысы аны өз кызыкчылыгында пайдалануу максатында башка шылтоо табылмак. Мындай саясатты бүгүн эле ойлоп табышкан жок, аны эзелтеден, он, жүз жылдап пайдаланып жүрүшөт.

Украинадагы окуялар эмнеден башталганына токтолуп, андан аркы окуялар трагедияга айланганын белгилеген Путин, эл аралык укуктук нормаларды, адам укуктарын коргоого жамынып, ошол кан төгүүнү кантип колдоого болот деп, Батыштын короосуна таш ыргытты.

- Батыштагы кесиптештерибиз Украинага жардам берүүгө дилгирлигин көрсөткөнүн байкаган жокмун. Киев өкмөтү болсо өз жарандарынын проблемаларын чечүүгө шашылбайт. Орусия Украинаны колдоого чоң салым кошту жана кошуп келатат. Биздин банктар 25 миллиард долларга жакын инвестиция салды, Финансы министрлиги былтыр 3 миллиард насыя берген, "Газпром" 5,5 жарым миллиард же убада кылынбаган арзандатууну эске алганда 4,5 миллиард доллар насыя бөлгөн. Мунун бардыгын чогуу санасак 32,5-33,5 долларга жетип атат.

Орус рубли акыркы кезде арзандоодо.
Орус рубли акыркы кезде арзандоодо.

Андан ары Путин АКШ Орусиянын коңшулары менен мамилелерге түздөн-түз же көшөгө артынан дайыма таасир этип келген деп, Кошмо Штаттары НАТО боюнча европалык өнөктөштөрү менен куруп жаткан ракетадан коргонуу системасын сындады.

Ошол эле маалда Орусия президенти Европа жана АКШ менен жакшы мамиледе болууну кааларын айтты:

- Биз эч качан өзүбүздү калган дүйнөдөн обочолонтуу, ксенофобия, душмандарды издөө жолуна түшпөйбүз. Мунун бардыгы алсыздыктын белгилери. Биз болсо күчтүүбүз жана өзүбүзгө ишенебиз. Батыш же Чыгыш болобу, тең ата өнөктөштөрдү табууну максат кылабыз.

Путин: Крым Орусияга ыйык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00


Путин ошондой эле рублдин кунунун качышы, экономикалык, социалдык маселелерге токтолду.

Президенттин Конституцияда каралган жылдык кайрылуусун Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынын бардыгы түз эфирде көрсөттү.

XS
SM
MD
LG