Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусия кош жарандыгы барларды эркелетпейт


Кыргыз жана орус паспорту.
Кыргыз жана орус паспорту.

Кош жарандыгы бар орусиялыктардын өз эрки менен Федералдык миграция кызматына катталуу мөөнөтү 4-октябрда аяктайт.

Жаңы мыйзамга ылайык, экинчи жарандыгын ачыкка чыгарып, мамлекеттин атайын тизмесине кирбеген орусиялык жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргызстандын да, Орусиянын да жараны болгондорго бул мыйзам кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Орусия федералдык миграция кызматынын жарандык башкармалыгынын башчысы Валентина Казакованын билдиришинче, кош жарандыгы бар орусиялыктар Федералдык миграция кызматынын бөлүмдөрүнө өзү келип, расмий түрдө каттоодон өтүшү керек:

- Кош жарандуулук боюнча Орусия менен эки тараптуу келишим Түркмөнстан жанаТажикстан мамлекеттери менен гана бар. Ошондой болсо да башка өлкөлөрдүн жарандыгын кошо алып жүргөн орусиялыктар сөзсүз түрдө бул мыйзам боюнча каттоодон өтүүсү абзел.

Мыйзамга ылайык, эми жүз миңге жакын чет жердеги орусиялыктар экинчи жарандыгын сөзсүз ачыкка чыгарып же болбосо орус жарандыгынан баш тартуусу керек. Эксперттердин айтымында, мекенине келгенде ар кандай бюрократиялык убаракерчилик тартпашы үчүн баары эле мындай кадамга барууну каалабайт.

Мыйзамды бузгандарга айып пул салынат же болбосо коомдук иштерге тартылат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева кыргызстандык мигранттарда каттоодон өткөнгө убакыт барын белгиледи:

- Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстан жарандыгынан чыкпай туруп эле Орусия жарандыгын алгандар көп. Эми өз убагында кош жарандыгы тууралуу маалыматын каттата албай калган кыргызстандыктар башка өлкө менен кош жарандыгы бар орусиялыктар сыяктуу эле адегенде 200 миң рубль айып пул төлөйт же болбосо коомдук иштерге тартылат. Ал дагы болбосо кылмыш иши ачылат. Андыктан 5-октябрга чейин миграциялык кызматка барып, каттоодон өтүүгө убактысы бар.

Орусиянын федералдык миграция кызматы бул 60 күндүк катталуу мыйзамы боюнча кеңири деле түшүндүрмө берген эмес. Болгону мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта орусиялыктар экинчи жарандыгын 60 күн ичинде ачыкка чыгарышы абзел деген шарт белгилүү.

Орусия миграция кызматынын ушул жылдын август айындагы расмий маалыматы боюнча 1992-жылдан бери орус жарандыгын алгандардын саны 6 млн. адамга жеткен.

Айтмакчы, жогорудагы мыйзам Орусия Крымды аннексиялап алган соң, Батыш менен мамилеси бузулган чакта кабыл алынган. Мыйзам Крымдын жашоочулары үчүн бир аз башкача каралган. Орусия жарандыгын алган крымдыктар үчүн өз эрки менен катталуу мөөнөтү 2015-жылдын аягына чейин узартылды.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG