Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Полиция өлүмүнө шектүү мигранттар кармалды


Андрей Гошта
Андрей Гошта

Орусиянын Самара облусунда төбө чачты тик тургузган кылмышка шектелгендер кармалышты. Бир жума мурда райондук полиция кызматкерин үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо өлтүрүп кетишкен эле.

Полиция эки шектүүнү үйүнөн, үчүнчүсүн аялдамадан кармаган. Алар Самара облусунун Сызрань райондук полициясынын мурдагы башчысы Андрей Гоштаны жана анын беш үй-бүлө мүчөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө. Кылмыш 24-апрелге оогон түнү жасалган.

Ыкчам маалыматтарга караганда, арматура, балка менен куралданган кылмышкерлер үч эркек, үч аялды өлтүрүшкөн. Оор жаракат алып, аман калган жети жаштагы кыз ооруканада.

Ошондой эле кылмышкерлер ишти шыбырт чыгарбай жасашканы, ким каерде уктаары, видеокөзөмөл каерге орнотулганынан бери кабардар болушканы маалымдалат. Орусиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин кылмышка эмне шыкак бергенине токтолду:

- 1-майга караган түнү бул үрөй учурган кылмышка шектүүлөр кармалышты. Тинтүү учурунда табылган буюмдар кылмыштын негизги версиясы – каракчылык дегенди бышыктоодо. Издөө учурунда кылмышка колдонгон курал, далил заттар, ошондой эле полиция кызматкеринин кызматтык күбөлүгү табылган.

Айрым орус маалымат каражаттары алгач кармалгандар борборазиялык мигранттар экенин жазышкан. Кийинчерээк, Сызрань райпрокурору Евгений Ирха алар азербайжан жарандары экенин ырастады.

Орусияда эмгектенген мигранттар полиция кызматкерлери менен түздөн-түз бет келишип, алар полициядан ыдык көргөн, акчасын тарттырып жиберген учурлар көп катталат.

Мурдараак атын атагысы келбеген полиция кызматкерлери кыргын өч алуу максатында да жасалышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Ошол эле учурда шектүүлөр эмгек мигранттары же башка топ экени али белгисиз. Орусиянын Ички иштер министрлиги ондогон экспертизалар жасалганын, толугураак маалыматтар тергөөдөн соң айтыларын кошумчалады.

Айтмакчы, кылмышка шектүү төртүнчү киши Тажикстанга качканы кабарланууда. Ага издөө салынды. Тажик Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жалолиддин Садриддинов:

- Бул маалымат азыр текшерилип жатат. Ошондон кийин бир жаңсыл жооп берилет, - деп “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

Эгер шектүү кармалса, Орусияга өткөрүлөр-өткөрүлбөсү беймаалым. Мыйзамдарга ылайык, тажикстандыктарды чет өлкөлөргө экстрадициялоого жол берилбейт.

Бул арада Сызрань райондук соту кармалгандарды эки айга камакка алды.

XS
SM
MD
LG