Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:36

Дүйнө

Орусия: Кремлге талаптар коюлду

Москвада өткөн оппозициялык митингге он миңдеген адамдар катышты. Атайын резолюция кабыл алынды. Путиндин миңдеген тарапкерлери дагы акция өткөрдү.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Москва полициясы “Таза шайлоо үчүн” деген ураан астында бийликке нааразы болгондордун митингине 90 миң чамалуу адам чогулганын кабарлады. 

"Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева митинг өткөн жерден кабарлайт:





Митингдин талаптары жазылган резолюция кабыл алынды:

1. Саясий туткундарды жана адилетсиз соттолгондорду бошотуу;

2. Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу; 

3. Чуровду кызматтан кетирүү, бурмаланган добуштардын баарын  иликтөө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу;

4. Оппозициялык партияларды каттоо, саясий системаны, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жазга чейин реформалоо;

5. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү;

6. Митинг Путинге бир дагы добуш бербөөгө чакырат;

7. Митинг шайлоодо байкоочу болуп катталууга чакырат;




Жүктөө
​​

Оппозициялык демонстрацияга удаа эле премьер Путиндин миңдеген жактоочулары Москванын Поклонная Гора деген жерине чогулду.


Жүктөө
​​

Бүгүнкү акциянын алдында 4-февралда Москвада төрт ири митинг өтөөрү кабарланган: оппозициялык күчтөр уюштурган "Таза шайлоо үчүн!" акциясы, премьер-министр Путинди колдогон акция, "Таза шайлоо жана демократия үчүн" деген аталыштагы митинг жана ЛДПР партиясынын Пушкин аянтындагы митинги.

Буга чейин 10-декабрда да, 24-декабрда дагы оппозициянын миңдеген адамдардын башын бириктирген акциялары өткөн. Эки митингде тең чогулгандар 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдиришкен. 

4-декабрда Орусияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы алдыга озуп чыккан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бек каяктан: Москва
06.02.2012 02:36
Азаттык да бир аз аша чапчуу болуп алды акыркы жылдары. Бир тараптуу чагылдырып. Ал тургай жада калса ББС да эрте мененки чыгарылышында коргозгон митингге каршы адамдардын маанайын. Ачык айтты азыркы оппозиция деген немени негизинен коммунсттер мене улутчулдар тузот, алардын не кереги бар бизге?! Азырынча Путинден жакшысы болбой атат, андай жакшы иштеген лидер пайда болмойунча кутушубуз керек деп. Туура. Ким бар? Зюганов, Жириктерби? Путин жакшы го аларга караганда.

кимден: Slon Politik
05.02.2012 20:41
Мени Путинди жактап жатат деп ойлобогула!! Анын улутчул экенин деле билем. Эгерде шайлоодон кийин Мигрантар. ички миграция, кавказдыктар тууралуу айтканын аткарса анда Россияга (Путинге баары бир) кыйын болот. Россияда 80% орустар жашайт дегени менен Улуттук область, республикалар жери (чарчы метр) жагынан коп. Улутчулдук кыла берсе ошолор болунуп кетуу коркунучу бар. Азыркы создору шайлоонун алдындагы калп айтмайы ( баары эле ошентишет политиктер)!!
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
06.02.2012 05:07
Ким айтты сага 80 % орустар жашайт деп? Орустан башка улуттар 80 % тузот. Орустар качан чындыкты айтчы эле? Орустар империясын жоготуп алуудан коркуп жатышат. Биз бийлейбиз деп журушот. Бийлик туболук болбойт. Орустардан оомат кетти. Бутту. Булар кырып тыштады башка элдерди. Кавказда болсо ачык эле фашисттик кылып жатышат.

кимден: Slon Politik
05.02.2012 20:28
Менин оюмда, АКШ минеральдык ресурстарга жетуу учун баардык жакшы мамиле , кобунчороок жаман жузу жоктук мамиле менен арекеттенип жетууго арекет кылып жатат. Ал эми Россия минеральдык ресурстары коп болгондуктан андай имперский амбициясы жок деп ойлойм. Путин айткандай дуйно бир полярдуу болбой Коп полярдуу болуш кк. Эмне баары эле АКШ айткандай боло бериш керекпи??? Мурда дуйно жалгыз АКШ тын козун карап унчуга алчуу эмес, ал эми азыр баары ага каршы уну чыга баштады!! АКШ башка мамлекеттердин онугушун каалабайт!! Ошондуктан онугуп келе жаткан малекеттерди коро албайт (Кытай,Россия,Бразилия,Индия ж.б)

кимден: Slon Politik
05.02.2012 20:13
Азаттык проАмерканский да туурабы??? Россия оппозициясынан чыканндарды 90мин дейт, (Официальный Россия окмоту 38 мин киши катышты деп жазышат), ал эми Путинди жактагандардын санын жазбайт (Официальный Россия окмоту 138 мин киши катышты) !!!
Бир жактуу болуп жатат

кимден: Адан каяктан: Бишкек
05.02.2012 17:50
Путиндин жактоочулары мойнунан байлаган эшектерге окшоп духу жок айласыздан эле жургондору билинип турат. Акаев менен Бакиевтин жалданма жугундукор жактоочларына окшош экен. Акайып Путинге кенешчи болуп алган ондонот.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 18:36
Эшектей болбой эле Россияга оозу м-н эмес ак эмгеги м-н иштегендер,Россиянын келечеги учун жанын аябагандар барды. Ойлоп корчу замандаш Немцовту жана анын бандасын кайсыл нормальный россиялык адам жактайт.Алар ушинтип СССРди талкалабады беле. Биз тууган Россия жарылып кетсе жыргабайбыз. Авгандан мажехедтер келип,бияктан кытай,жаныбызда сууну андып турган кошуналардан запкы коруп Кыргызстан бар болушу кумон туудурат. Орус бар Кыргыз бар.Ушуну тушунушубуз керек.Америка бир кундо бир минутта бир секундта саатып коет.
Пикирге жооп

кимден: Кыштообек каяктан: Бишкек
07.02.2012 17:31
Сен озунду адам катары эсептебейсинби? Сени созсуз бироо келип жыргатыш керекпи? Дуйнодо бардык элдер оз эмгеги менен эле оркундоп осуп келе жатат. Сага окшогон жалданмалар менен кантип биз особуз?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 00:51
Мээбизди чайкабай жыргатар ким. Америкабы,Турциябы,Кытайбы,Арабтарбы ким айтчы
Пикирге жооп

кимден: Кыштообек каяктан: Бишкек
06.02.2012 04:52
Оооой, орустар мээңерди чайкап койгон экен. Путин жыргатат сени. Тапкан экенсин жыргатчу кишини... тазбаштарынан конулун калбаптыр го.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 02:21
Аидаданын туурасын билбейм бирок жалган жагы бар. Путинди жактап миндеген киши чыкты дегениниз абдан жалган. Мен аерде болгом миндеген киши эмес 70 минден ашык барды. Аны мен Лужнике чон футболго кооп барам аяка 100 мин киши батат. Коз ченеми бат эле конуп калат. Ошончо эле адам Путинди жактап барды.Мумкун Аида оппазицияга жаны ачып ошол жакта кооп журуп калып .Путин жактаган жакка тараган учурда келсе крек.Кой карындаш калп айткан кызга жарашпайт. Каласан мен видиосун вертолетон тартканын салып ием.
Пикирге жооп

кимден: Айбек каяктан: Ош
08.02.2012 04:18
Айылдагы катындардын ушагындай болгон создорун жадатты сенин. Айлана чойрондогу болуп жаткан окуяларды тушунбогон байкуш экенсин. Путиндин артынан шыпыргы которуп журуп олуп кетет экенсин да. Жумшак кагаз да колтугундан тушпосо керек? Аты жок манкурт!
Пикирге жооп

кимден: Айбеке жооп
10.02.2012 15:13
Катынга окшоп эмне ушак айтым сага. Мен чындыкты айтым. Качантан бери чындык айткан ушак болуп калган. Айлана чойрону кудай шугур коруп эле атабыз. Путиндин артынан шыпыргы которуп сендейлерди акча салып багып атам. Сага караганда менин кыргызга пайдам тийип атат. Уй буломо салсамда долларды алар алмашып кыргыздын экономикасын иштетип атат. Маага окшогон кыргыздар биякта сага окшоп былжырабай иштеп кыргызстанга чон жардамын тийгизип атат. Ошто асманга тукуруп окмотту согуп жатта бер.Байкуш деп сени айтат.Мендейди иштерман чындыкты бетке айткан адам дейт. Сендейди аары жок манкурт дейт. Ушакчы деп сени айтат мен коргонду чындыкты айтсам. Сен келип жок андай эмес деп калпты айтсаң. Калп кошуп айткан адамды ушакчы дейт болуш керек менин ойумча.Же кыргызда дуйнолук эрежеден башкача эреже пайда болгонбу

кимден: Албанбек каяктан: Бишкек
04.02.2012 18:53
Бу жерге Асель Касмалиева келбептирби?.маладес кыз экен,ден соолук каалап коёнчу,суука тонбой жакшы журсун.
Окемдердин козу ачыла баштады го ия.Митинг деп эле чыга бербей жок дегенде 8-марттан кийин,кун жылып калганда чыкса боло ай.Кыргыздар президенттеринерди кантип кубалап,кандай мезгилде митинг откорчу эленер деп тренинг-семинарга катышып,тажрыйба алып кетишсе болмок экен.
Негизи Путин,Назарбаевдер быйыл "вынужденный отпуск за границей" деп эс алууга кетет го дейм.

кимден: Bek каяктан: Moskva
04.02.2012 18:31
Aida, Moskvadagy kyrgyzdardy mitingke chakyryp, yzy-chuu kylbai zhon ele koisong bolmok. Biz chet eldik bolgondon kijin akybyz zhok andai ishterdi zhazaganga. Senin myndai kadamdaryngan zhonokoi nigranttar zhabyr tartyshat akyr ayagy.
Пикирге жооп

кимден: Тынчтыкбек каяктан: РФ
05.02.2012 11:23
Ассалам алейкум Бек мырза. Мен бул жерде бир нерсени айткым келди. Кыргыздар Арстан жүрөк эл келет экен деп ошол эле РФ бийлигиндегилер жана дүйнөлук улуу инсандар баа берип келет. Ал эми Арстан гана токойдо азаттыкты талашат! Ал жакта Кыргыз мигранттары Орус бийлигинин мамдумасына отуруп калайын деп эмес. Өздөрүнүн Орус жарандыгын алгандыгына байланыштуу тең укуктуулукту талап кылууда. Ал жактын жарандыгын алган мекендештерибизге биздин өкмөт эмес ошол жактын өкмөтү укутарын коргоого милдеттүү!
Пикирге жооп

кимден: Аида Касымалиева каяктан: Москва
04.02.2012 21:55
Кыргызстандыктардан эле 400миңге жакын адам Орусиянын жарандыгын алышкан, алардын укуктарын кайсы мамлекет коргойт жана коргоп жатабы? Кеп ошол карапайым мигранттарда болуп атат, алардын үнү эч кимге жетпейт!
Орусиянын митингдер тууралуу мыйзамын карасаңыз, анда жашаган ар бир адам митингге катышууга укугу бар, митингдин уюштуруучулары гана Орусиянын жарандары болушу зарыл. Мен муну "Эхо Москвы" үналгысынан да айткам.
Эгерде, мигранттар митингге катышпасын десек, анда эмнеге Кремль уюштурган митингдерге көчө шыпыргычтарды алып барып, аянтка тургузуп коюшту? Аларды анан орус журналисттери "маймылдар" деп сүрөткө тартып алышты?
Мигранттар унчуга албаган үчүн, Путин же Жириновский же дагы бирөө каалаган убакта барып, алардын укуктарын ар кандайча тебелешет. Мен үчүн айдап чыгышпайт, эч ким алардын укутарын талашпаганы үчүн айдап чыгышат.

Же 4-декабрдагыдай бардык кыргызстандык, бирок орус жарандыгы барларды "Единая Россия" үчүн добуш бердиртүү, чакырык жасоо туура деп ойлойсузбу? Биздин Москвадагы кичине бутуна туруп калган мекендештерибиздин айтар сөзү, жардамы ушубу?

Эгер талкууга катышам десеңиз, аты-жөнүңүздү ачык жазып, почтаңызды жазып, анан аргументтерди келтириңиз. Коркпоңуз! Аида.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 12:42
Корейлер (советские корейцы) Ыраакы Чыгыштан Орто-Азияга Сталин тарабынан кочурулуп келгенде ото чон азапка дуушар болушкан. Бирок, алар билим алууга, тарбияга абдан конул болуп, экинчи муун билим денгээли бойунча буткул Союздун элдеринин арасында еврейлерден кийин 2-орунду ээлегенге жетишкен, славян элдерин эске албаганда. Билими жетиштуу болгон учун эч качан озунун нанын бироого алдырбай, Россия болобу, башка олколордо болобу, жакшы жашап келатышат. Кыргыздар билимге ынтылайлы, антип саясатташтыра бербей корунгон жерди. Билим алсак, кор болбойбуз!
Пикирге жооп

кимден: Аида Касымалиева каяктан: Москва
04.02.2012 21:42
Бек, саламатсызбы! Бул саясий митингге мен эч кимди чакыргын жокмун, жөн гана чагылдырдым. Экинчиден, 19-январда өткөн митингдин эч саясий өңүтү жок. Анда мигранттарды ксенофобиялык көз караштардан улам өлтүрүүнү токтоткула деген гана ой айтылган. Негизги укуктар тебеленип, мигранттардын акыбалы ансыз деле оор болуп жаткан жагдайда, унчукпоо, менимче, кылмыш. Бул жакта да толук жазылган: http://www.chalkan.kg/category/columnist/ Урматтоо менен, Аида.
Пикирге жооп

кимден: Бек каяктан: Москва
06.02.2012 02:30
Аида, ошол эле биздин игранттардын 80 пайызынын документи туура эмес го. Мына мен деле бырбаган Украина барып келди кылып ар 3 айда жасатып журом айди-картты колдонуп. Эгер чын эле 3 ай сайын чыгып-кирип турайын десен, ага коп тыйын королот. Жакшылап текшерсе аны байкап алышат, анан мен эч кандай айта турган созум жок болот. Айтаарым, мигранттар биз озубуз мыйзамды сактабай келатабыз го. А полицайлар мындай жагдайды оздорунун кызыкчылыгына колдонуа атышат. Бизде да арга жок. Буга не дейбиз?
Пикирге жооп

кимден: Аида Касымалиева каяктан: Москва
05.02.2012 01:19
Бек, Сиздин кооптонуңузду түшүнөм. Мага да полиция келди, бирок эмнге алардан коркуш керек? Мен мыйзам бузган жокмун, алар кетиштитка. Мигранттардын ар бири укутарын билсе, маалыматка ээ болсо - максат ушул эле. Митинг үчүн митингге чыгуу эмес. Сиздин пикириңизге, күйгөнүңүзгө чоң рахмат. Аида.
Пикирге жооп

кимден: Аида Касымалиева каяктан: Москва
05.02.2012 01:16
Урматтуу Мекенчи, почтаңызга жазып койдум. Аида.
Пикирге жооп

кимден: Мекенчи каяктан: Москва
05.02.2012 00:32
Урматуу Аида,сизге Москвада жүргөн мигранттардын атынан рахмат.Сиз туура эле түшүнүп,туура эле жазгансыз.Мен Азаттыкты тынбай интернеттен окуймун,көп Кыргызстандагы жаңылыктарды ушул силердин сайттан бурмаланбай туура жазылганына ынануу керек. Анан бир айылдын адамдары Москвада жүрүп өздөрүнүн айыл үчүн көп кайрымдуулук иштерин жасап жатышты эле,ошол айылдын көйгөйү үчүн күйгөн жаштарга, андан башка да айылдын, шаардын адамдарына дагы түрткү болуш үчүн биз менен бир маек куруп,бир макала жазып бергениңизде жакшы болмок.Ошентип аста секин Кыргыздарыбыз ойгонот беле деп ойлойт элек. Мүмкүн болсо биз менен байланышсаңыз калганын ошондо айтып бермекпиз. Бул почтадан биз менен байланышсаңыз болот. chi-li-sai@mail.ru
Пикирге жооп

кимден: Бек каяктан: Москва
05.02.2012 00:21
Аида, сиз коргозгон шилтемедеги макаланы окуп чыктым. Чындык бар, бирок, менин айтаарым, сиздин бул кыймыл-аракеттериниздин терс таасирин тийгизиши ыктымал. Себеби жопжонокой: Орусияда мигранттарды ар кайсыл мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана таздар кысымга алып келатышат. А митингге чыга берсек жонокой эл да жактырбай калат бизди. Кайра эле биз кыйналабыз. Сиз ушуну каалап турасызбы?! Укук коргоочунун жумушун кылбай кабарчылык кызматынызды кыла берсениз туура го дейм.
Пикирге жооп

кимден: Жунус каяктан: Бишкек
04.02.2012 22:42
Аида сенин ишине ийгилик сендей кыргызга куйуп жанган адамдар коп болсо качан эле онолуп кетмекпиз орустарга кор болбой !

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)