Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Москва: маркумдар чыгымын ким жабат?


Москвадагы өрт чыккан имарат, Орусия
Москвадагы өрт чыккан имарат, Орусия

30-январда Москвадагы тигүүчү цехте өрттө каза болгон кыргызстандыктардын тек-жайын аныктоо боюнча ДНК экспертизалары аяктады.

Жакын арада алардын сөөктөрүн Кыргызстанга алып кетүүгө болот. Эми сөөктөрдү жана алардын жакын туугандарын Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралууда.

Зиевидин Масалиев Москвага өрттө каза болгон 27 жаштагы кызынын сөөгүн алып кетүүгө келген. Анын тек-жайын аныктоо боюнча ДНК экспертизалары соңуна чыккандыктан, эми маркумдарды ата-журтка алып барып, өз жайына узатууга болот.

- Москвага келгенибизге сегиз күн болду. ДНКны тапшырдык. Экспертизалар бүткөндө өкмөттөн сөөктү Кыргызстанга жеткирип беребиз деп сөз беришкен. Ошону күтүп жатабыз. Биз Кыргызстандан үчөөбүз келгенбиз, калган бир туугандар бул жерде болгон. Азыр туугандары болуп он чакты киши сөөктөрдү алып кетишибиз керек.

Цехтеги өрт 30-январда чыккан
Цехтеги өрт 30-январда чыккан

Уул-кыздарынан айрылган үч ата Москвага өз эсебинен келген. Жаңы үйлөнгөн кыз-күйөөсүн жоготкон Иса Ормошев “авиабилеттердин талондорун сактап калсак, Кыргызстандан чыгымдарды кайтарып беребиз дешкен” дейт.

- Москвага учканда билеттерди өз акчабызга алып келдик. Эми кайтканда мамлекет жардам берип, сөөктү жеткиребиз деп убада кылып жатышат.

Кабыргасы кайышып турган Мухтарали Топчиевдин үйүнөн үч адам каза тапкан. Уул-келини жана кенже уулунун Орусияга ишке келгенине аз эле болгон.

- Уул-келиним беш, кичүү уулум эки ай мурда келген эле. Кичүүсү башка жакта иштечү. Кечинде жатаканага келип, агасы кечиккенинен кабар алайын деп цехке барыптыр...

Каргашалуу окуя болгон күндөн баштап өрттө каза болгондордун тек-жайын аныктоо жана документтештирүү иштерин жетектеп, аман калган кыргыз жарандарына жана каза болгондордун туугандарына укуктук жардам көрсөтүп келген Москвадагы элчиликтин вице-консулу Алмаз Букалаев эми уюштуруучулук иштери калганын айтты:

- Өлгөндөрдүн тек-жайын генетикалык анализдер аркылуу тактайбыз деп тергөө иштеринен талап коюлган. Бүгүнкү күндө бардык анализдердин жыйынтыгы чыгып, такталып жатат. Андан тышкары уюштуруучу маселелер көп. Табытка салуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу иштерин аткарып жатабыз. Анан сөөктөрдү алып кетүүнү каржылоо маселесин чечүүгө аракет көрүүдөбүз. Ушул маселе чечилсе эле тергөө иштеринен уруксат алып, сөөктөрдү бир-эки күндө Кыргызстанга жөнөтөбүз.

Өрттөн кийин цех иштей элек
Өрттөн кийин цех иштей элек

Адатта чет жакта каза болгон кыргыз жарандардын сөөктөрүн мамлекеттик келишим боюнча “Эйр Бишкек” жана “Кыргызстан” авиакомпаниялары акысыз жеткирип келишет. Бирок бул ирет он маркумдун сөөгүн онго жакын бир туугандары менен бирге алып кетүү керек.

Транспорттук чыгымдардан тышкары учурда өлүккана жана ритуалдык кызматтардын акыларын жабуу зарыл. Мындай кызматтар бир маркумга 50 миң рублга чейин барат.

Сегиз кыргызстандыктын жана орус жарандыгын алган эки кыргыз уулунун өмүрүн алып кеткен Москвадагы цехтеги өрт мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп, өлкө башчыларынын көзөмөлүнө алынганы менен маркумдардын сөөгүн мекенге жеткирүүгө кетчү чыгымдар толугу менен кандайча жабылары белгисиз.

Учурда каза болгондордун жакын туугандарын Москвадагы элчилик убактылуу жашоочу жай жана тамак-аш менен камсыз кылууда. Диаспора ичинде мекендештер көңүл айтып, ич-ара колунан келишинче жардам көрсөтүп жатышат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG