Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Мигранттар: рублдин куну да, куту да качты...


Москва
Москва

Орусиянын статистика комитети орусиялыктардын кирешеси жыл башынан бери 3%, эмгек маянасы 9% азайып, жакырчылыкта жашаган калктын саны 3 миллионго көбөйгөнүн жарыялады.

Орусиялыктардын чөнтөгү жукарып, каражатты үнөмдөөгө өтүшү кыргызстандык эмгек мигранттарынын тапкан кирешесине таасирин тийгизери турган иш.

Жети жылдан бери Москвадагы чакан базарда соода кылган Элмира канча товар сатканына жараша тыйын табат. Мурун күнүнө эки миң рубль тапса, эми тапканы эки эсеге кыскарган.

- Адамдар акчасын үнөмдөй баштады окшойт. Базарда адам деле жок. Кардарлардын көптүгүнөн түртүшүп калчубуз. Азыр болсо соода жок. Сатканыма жараша 10% алам. Мурун тапкан акчам берекелүү келип, үйгө дагы салып, бир иш кылганга жетчү. Азыр бул жактан жакшыраак тамак-аш жеп, көбүрөөк чыгымдап койсоң, үйдөгүлөрүң ачка калат. Үйдөгүлөрүңө арбын жиберейин десең, сен бул жакта “жылаңач” каласың. Эптеп-септеп үйгө беш миң рубль салуу проблема болуп калды. Ошону дагы үнөмдөп жүрүп саласың. Мурун антип ойлончу эмеспиз. Азык-түлүк дагы эки эсеге кымбаттады. Биз өзүбүз сатып жаткан товарлар дагы кымбат.

Москвада тейлөө тармагында иштеген Казыбек Сейитбеков кардарлардын азайганы жеке ишкерлерге кадимкидей сезилип жатканын белгилейт.

- Абал аябай деле жаман дештин кереги жок. Бирок мен иштеген жеке ишканада кардарлар азайды. Мен химиялык тазалоочу жайда иштейм. Мурун кардарлар 100% болсо, азыр 60-70% кыскарды. Жетекчилер азыр жүгүрүп кардар издеп калышты. Мурун антишчү эмес. Азырынча жумуштан кыскартуулар боло элек. Маянабызды деле толук берип жатышат. Кыргызстанга айына 30-35 миң рубль жөнөтөм. Ал аялым менен балдарымдын кийим-кече, тамак-ашына эле кетип жатат. Башка эч нерсе деле кыла албайсың, - деген Казыбек азырынча иштен кыскартылбаганына, маянасы азайбаганына шүгүрчүлүк кылат.

Москвадагы Жогорку экономика мектебинин адиси Светлана Бирюкова Орусиядагы калктын жашоо деңгээли жана тапкан кирешеси улам-улам төмөндөп бара жатканын мындайча тастыктайт:

- Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, сегиз айдан бери орусиялыктардын кирешеси 3%, айлык маянасы 9-10% жана ардагерлердин пенсиясы 4% кыскарды. Биринчи кезекте айлык көбүрөөк кыскаргандыктан жана айлык акыга иштеген жарандардын саны көп болгондуктан, бул категориядагы адамдар көбүрөөк жабыркоодо. Бул, албетте, калктын керектөөлөрүнүн кескин кыскарышына алып келүүдө. Мисалы, чекене товар алмашуу көрсөткүчү тууралуу айтсак, апрелден бери мурунку жылга салыштырмалуу 10% чейин кыскарганын көрсөтүүдө. Жакынкы арада мындай экономикалык кырдаал кайрадан жакшырат деп айтуу кыйын.

Орусиялыктардын кирешесинин жана акча төлөмүнүн төмөндөшү тейлөө тармактарында иш орундарынын кыскарышына себеп болорун Москвадагы кыргыз жамаатынын өкүлү Руслан Эшимов кошумчалайт.

- Бир гана орус жарандарынын эмес, бул жакта иштеген мигранттардын деле айлык маянасы кыскарып жатат. Жеке сектордо иштегендер үнөмдөөгө өтүшүүдө. Кафелердин жабылганы жабылып, кызматкерлерин кыскартып жатат. Мен билген «Өрүк» ашкана түйүндөрүндө 40 ашпозчудан 12-13 адам, 100 официанттан 30у гана калыптыр. Анан үй кызматтарында: бакчы, тазалоочу болуп ишетегендер үчүн жумуш ордулары кескин кыскарышы мүмкүн. Бирок бул кыргызстандык мигранттарга аябай чоң деле салакасын тийгизбейт деп ойлойм.

Жамаат өкүлү Эшимовдун жогорудагыдай оптимисттик маанайына карабастан, Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанга акча которуулар 40% кыскарып, быйыл 570 миллион доллар гана жөнөтүлгөн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG