Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

ЖККУ төрагалыгы Кыргызстанга өттү


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары. Москва, 19-декабрь, 2012.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары. Москва, 19-декабрь, 2012.

Москвада ЖККУ жана ЕврАзЭШтин жыйындары аяктап, ЖККУнун келерки жыйыны 2013-жылы майда Бишкекте өтө турган болду.

Бул жыйындарга Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышты. Кыргыз делегациясынын курамында барган Президент аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Москвадан жыйындын жыйынтыктары тууралуу “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: ЖККУ жыйынынан Кыргызстанга тиешелүү негизги жыйынтык кайсы болду?

Сапар Исаков: Көп суроолор талкууланды. Эң маанилүүсү - Кыргызстанда Ооганстанга жана коопсуздукка байланыштуу конференция өтө турган болду. Ага эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат. Бириккен улуттар уюмунун жетекчиси өңдүү жогорку даражалуу коноктор күтүлүүдө. Жыйында Кыргызстандын чек арасы боюнча да маселе көтөрүлдү.

“Азаттык”: Талдоочулар бул жыйында Орусия Кыргызстанга бере турган курал-жарак жөнүндө да маселе талкууланышы мүмкүн деп болжоп жатышкан, ал талкууландыбы?

Сапар Исаков: Жок, бирок эки өлкөнүн коргоо министрлери эки тараптуу бул маселени талкуулап жатышат, жакында сөзсүз бир жыйынтык болот.

“Азаттык”: ЕврАзЭШтин жыйынында кандай жаңылык болду?

Сапар Исаков: Президенттер уран калдыктары көмүлгөн жайлар боюнча чечимге кол коюшту. Ошол чечимдин негизинде Кыргызстан келерки жылдан тарта чоң каражат алат жана ал жайлар рекультивацияланат. Буга чейин бул суроо боюнча бир да реалдуу кадамдар жасала элек болчу, бул Кыргызстан үчүн өтө ийгиликтүү чечилди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG