Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:35

Коопсуздук / Кырсык

Орусияда кыргызстандык мигранттар кырсыктады

1-февралда Чебаркул шаарында кыргызстандык эмгек мигранттары түшкөн кичи автобус кырсыкка учурап, эки адам ажал тапты.

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Текст көлөмү - +
Мындан сырткары дагы бир тобу жаракат алып, алты киши ооруканага жаткырылды.

Данияр Сулайманов бул жол кырсыгында жабыркагандардын бири. Аны менен телефон аркылуу байланыштык. Алар Орусиянын Череповец шаарынан 30-январь күнү чыгып, Жалал-Абадды көздөй келатышкан экен.

Кырсык эртең мененки саат 8.35тер чамасында болгон. Андыктан уйку-соонун ортосунда келатып Данияр көп нерсени аңдабай калган окшойт. Бизге кырсык тууралуу буларды гана айтып бере алды. 

- Машинеде келе жатканбыз, бирок авария кантип болгонун билбейбиз. Башка машинеге урунгандан кийин биз түшкөн кичиавтобус өрттөнүп кетти. Эшик ачылбай калып, эптеп терезелерди сындырып чыкканга үлгүрдүк. Машиненин ичинде он төрт адам бар элек. Анын экөө жаш бала. Жаш балдардын бири менин эки жашар кызым. Кызым учурда ооруканада. Абалы кандай экенин биле албай атабыз. Азыр консулдуктун кызматкерин күтүп отурабыз. Консулдук бизге документтен жардам берсе, үйүбүзгө кетет элек. Анткени болгон документтерибиз унаа менен кошо күйүп кетти.

Учурда Данияр жана анын төрт шериги Чебаркул шаарындагы бир айылдын эс алуу борборунда убактылуу турушат. Булар медициналык жардамга муктаж эмес экендиктерин айтышты.

Ал эми олуттуу жаракат алгандар учурда ооруканаларда. Алар тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугунун жетекчиси Гүлнара Нарматова маалымат берди:

- Эки адам набыт болду. Алтоо ооруканада, анын ичинен төртөө оор жаракат алышкан. Төртөөнүн үчөө күйүк борборуна жөнөтүлдү. Бирөөнү унаа менен алып жүрүүгө мүмкүн болбой тургандыктан Чебаркулда жайгаштырдык. Дагы эки адам орточо деңгээлде жаракат алган. Мындан сырткары, эки жашар кыз балдарды дарылоочу бөлүмдө жатат.

Набыт болгондордун бири жаш бала, экинчиси айдоочу экени айтылууда.

Нарматова кырсыктагандарга консулдук жардам берип жаткандыгын, алардын көйгөйлөрүн бардык тараптан чечип беришерин бышыктады.

- Биздин кызматкерлер кечээ Чебаркулга чыгып кетишкен. Учурда ал жакта жардам көрсөтүп жүрүшөт. Дарылоого каражат керек. Аны мамлекет чечип бермей болду.

Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабанов да тиешелүү министрлерди чакырып, кырсыктан жабыркагандарга ар тараптуу жардам берүүнү тапшырды. Анын ичинде мерт болгондордун сөөгүн алып келүүнү жана ооруканадагылардын дарылануусуна каражатты Кыргызстандын бийлиги мойнуна алат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: brat каяктан: kol
02.02.2012 20:52
Daniyar Sulaimanov bul menin dosum bolot

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)