Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Ходорковский эркиндикке чыкты


Ходорковский отурган колонияга кеткен жолду ОМОНдун кызматкерлери кайтарышууда. Карелия, 20-декабрь, 2013-жыл
Ходорковский отурган колонияга кеткен жолду ОМОНдун кызматкерлери кайтарышууда. Карелия, 20-декабрь, 2013-жыл

Орусиялык мурдагы олигарх Михаил Ходорковский Карелиядагы колониядан чыкты.

Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Клювгант айрым маалымат каражаттарына билдирди. Ага чейин ИТАР-ТАСС Орусиянын Федералдык жаза өтөө кызматына шилтеме жасап, Ходорковский президенттин ырайымын алгандан кийин жаза өтөөдөн бошотулганын кабарлаган.

Жума күнү эртең менен президент Владимир Путин Ходорковскийге ырайым берүү жарлыгына кол койгону маалымдалган. Президенттин жарлыгында айтылгандай, ырайым гумандуулук принцибине таянып берилди. Мамлекет башчынын маалымат кызматы жарлык кол коюлары менен күчүнө кирет деп белгилеген.

Ушул эле күнү Ходорковскийдин апасы Марина уулу абактан качан чыгаары жөнүндө беймаалым экенин “Дождь ТВ” каналына курган маегинде айтып, Путиндин анын саламаттыгы начар деген сөздөрү чын экенин кошумчалады.

ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчисине ырайым берүү чечими тууралуу президент Владимир Путин 19-декабрдагы пресс-конференциядан кийин жар салган.

- Жакында эле ал мага ырайым сурап кат жазган. Ал 10 жылдан ашуун түрмөдө отурду, бул – олуттуу жаза. Апасы оорулуу экенин айтып, ушул жагдайды эске алышымды өтүндү. Мен гуманитардык жүйөнү эске алып, тиешелүү чечим кабыл алса болот деп ойлойм жана жакын арада Ходорковскийге ырайым берүү жарлыгына кол коюлат.

ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчисинин жаза мөөнөтү 2014-жылдын 23-августунда аяктамак. Өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен Ходорковский акыркы кезге чейин президентке ырайым сурап кайрылуудан баш тартып келген. Абактан берген интервьюларында ал бийлик күнөөсүн мойнуна алса гана ырайым берилет деген шарт койгонун айткан. “Бирок жасабаган кылмыш үчүн күнөөнү кантип мойнума алам”, - деген Ходорковский.

ЮКОСтун мурдагы адвокаты, өзү 3 жыл абакта отуруп чыккан Светлана Бахмина "Азаттык" радиосуна курган маегинде Ходорковскийдин ырайым сурашына жакындарынын саламаттыгы гана түрткү болушу керек деген оюн айтты:

- Түрмөдөн кайсы себептен улам чыгаары маанилүү эмес, тезирээк чыкса эле болду. Эч кимге түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес. Жылдардан бери өзүнө да, башкаларга да көп нерселерди далилдеп келди. Эми болсо үй-бүлөсү менен чогуу болуусу маанилүү. Менимче, анын ырайым сурашына жакындарынын ден соолугуна кабатырлануусу гана мажбурлады. Албетте бул абдан өкүнүчтүү.

“Коммерсант” гезитинин жазганына караганда, 50 жаштагы Ходорковский арызын атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин берген. Маалыматка ылайык, адвокаттарсыз өткөн жолугушууда алар рак менен ооруган апасынын абалы начарлаганын жана ЮКОСтун жаңы кылмыш иши тууралуу кабардар кылышкан.

Дагы бир булактар болсо компаниянын ээлеринин бири Платон Лебедев да ырайым суроо мүмкүнчүлүгүн адвокаттары менен талкуулаганы жатканын жазышууда.

Орусиянын ири мунай компаниясын жетектеген Ходорковский өлкөнүн эң бай адамдарынын бири катары эсептелчү. Ишкер 2003-жылы салык жашыруу айыбы менен камалган. 2010-жылы экинчи сот процессинде Лебедев менен кошо көз боёмочулук үчүн күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Москва шаарынын соту жаза мөөнөтүн 11 жылга чейин кыскарткан.

Ходорковскийдин тарапкерлери Кремль анын оппозициядагы саясий партияларга каржылык колдоо көргөзүшүн жактырбаганын, сот ишинин артында саясат турганын айтып келишкен.

XS
SM
MD
LG