Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Дүйнө

Орусия: “Тыйуу салынган искусство” айып пулга жыгылды

Көргөзмөдөгү сынга алынган сүрөттөрдүн бири
Жарыяланган учуру: 13.07.2010

“Тыйуу салынган искусство” деп аталган көргөзмөнүн уюштуруучуларын бүгүн Москвада райондук сот күнөөлүү деп тапты. Сахаров атындагы музейдин мурдагы директору Юрий Самодуров менен Третьяков галлереясынын жаңы багыттар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Андрей Ерофеев “диндерди араздаштырып, жек көрүүнү пайда кылган” деп айыпталышкан.

Самодуров менен Ерофеевди үч жыл мурда “Тыйуу салынган искусство” деген көргөзмө өткөрүшкөнү үчүн соттоп, айыптуу деп табышты. Аларды үч жылга чейин камашы мүмкүн эле. Бирок Таганский соту бул искусство таануучуларын айып пулга жыкты. Эми, соттун чечимине ылайык, Юрий Самодуров 200 миң, ал эми Андрей Ерофеев 150 миң рубль айып төлөшү керек.

Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, ал көргөзмө “христиан динин тутунгандарды шылдыңдап, жекирген чыгармаларды камтыган”. Ыйса пайгамбардан тарта башка да ыйыктар тартылган сүрөт-иконалар, маселен, “Макдоналдстын”, “Микки Маустун” сүрөттөрү менен аралаштырылып тартылыптыр.

Соттун чечими Орусиянын динчил улутчулдарынын жеңиши катары бааланып жатат. Ошол эле учурда ал өлкөдөгү эркин сүрөткерлерге, адам укугун коргоочуларга каршы оор учурдагы дагы бир сокку деп таанылды.

Юрий Самодуров (ортодо) менен Андрей Ерофеев (солдо) Москвадагы маалымат жыйынында, 8-июль, 2010
Айыпталуучулар болсо аларды кайсыл күнөөсү үчүн соттоп жатышканын түшүнө албай коюшту.

Сот чечимин угузаардын алдында Ерофеев “Азаттыктын” орус редакциясынын кабарчысына сүйлөп жатып, ага каршы тагылган айыпка макул эместигин айтты.

“Бул – ачык эле саясий процесс, - деди ал. - Мында эч кандай демократиялык, юридикалык процедура болгон жок. Биздин күнөөбүздү айгинилеген бир да далил көрсөтүлбөдү. Кыскасын айтканда, жок жерден эле караламай болуп жатат”.

Ерофеев менен Самодуровду 2008-жылы өлкөдөгү православ улутчулдарынын “Элдик чиркөө” деген тобу сотко берген.

Көргөзмө Андрей Сахаровдун Москвадагы музейинде өткөн болчу. Ошол музейдин мурдагы жетекчиси Ерофеев буга чейин да жаңжалдуу көргөзмөлөрү үчүн айыпталганы бар.

Дегинкиси бул жолку көргөзмөдө алар орус ортодокс чиркөөсүн эле эмес, исламды да, орус армиясын да катуу сындашкан. Ошентсе да “Элдик чиркөө” көргөзмөнү “анти-христиандык” деп айыптады.

Православ чиркөөсүнүн динаятчыларынын бири, Хельсинки тобунун Москвадагы бөлүмүнүн өкүлү Глеб Якунин искусство эксперттерин айыптап чыккан дагы бир динзар Александр Шаргуновду сындады.

“Сот өзүнүн колунан эч нерсе келбей турганын көрсөттү. Искусство изилдөөчүлөрүн негизсиз эле айыптап жатышат, - деди Якунин. - Александр Шаргунов баштаган бир топ динаятчылар чиркөөгө сыйынганы келген адамдарга: “Ушундай бейбаштык болуп жатыптыр. Силер ошол сүрөттөрдү көрдүк, бизди аябай иренжитти деп кол коюп бергиле”, - дешкен. Иши кылып, булар сүрөттөргө нааразы болгон масса негизинен православ динин тутунгандар экенин көрсөткөнгө аракет кылышкан”.

Самодуров менен Ерофеевге каршы сот иши чоң талкууну жаратты. Көптөгөн маданият кызматкерлери бул окуя азыркы орус маданиятына катуу сокку болот деп эскертип жатышат. Айрымдар муну СССР учурундагы абал, авангардисттик искусствого каршы чабуул менен салыштырышууда.

“Мемориал” укук коргоо борборунун башчысы Олег Орлов “Көргөзмөнүн ишине мамлекет кийлигишкени уят” деп, “бул мамлекеттин иши эмес экенин” айтты. Орусияда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Владимир Лукин да “көргөзмөнүн иши сотто каралбашы керек” деди.

Мына ушундай эле окуя былтыр Өзбекстанда да болгон. Белгилүү фотосүрөтчү Умида Ахмедованы өзбек аялдарын тарткан сүрөттөрүндө “өзбек улутуна акаарат келтирди” деген таризде айыптап, күнөөлүү деп табышкан.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: Жекшен каяктан: Бишкек
15.07.2010 13:15
Орусиянын бийлиги динчил жана этноулутчул саясатын жүргүзүп жатат. Өнүккөн өлкөлөр бул эки терс көрүнүштөн эбак эле алыстап кетишсе, орустар артка кетип баратат.

Төрөкул Дооров мырза, искусство дебей көркөм өнөр десеңер эмне болот эле?

Ошондой эле, ортодокс дептирсиз, ушун макаланын башынан аягына чейин православтын ордуна колдосуңуз болмок же кыргызча вариантын берсеңер болмок.

Азаттыктын кыргыз тилин туура колдонууда жана өнүктүүдө ролу абдан чоң. Чала кыргыз КТР жана башка жергиликтүү медиаларга караганда, Азаттык кыргыз тилин дайыма таза жана туура колдонуп келген. Ушунуңузда уланта берсеңиз жакшы болмок.
     
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)