Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Орус миллиардери үй камагына алынды


"Форбс" журналы Владимир Евтушенковдун байлыгын 6,8 миллиард доллар деп эсептеген.
"Форбс" журналы Владимир Евтушенковдун байлыгын 6,8 миллиард доллар деп эсептеген.

Орусияда эң ири байлардын бири, миллиардер, “Система” корпорациясынын ээси Владимир Евтушенков үй камагына отургузулду. Байкоочулар бул окуяны мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин кылмыш ишине салыштырып жатышат. Кремль миллиардердин үй камагына алынышында эч кандай саясат жоктугун айтууда.

Алтымыш алты жаштагы Владимир Евтушенковдун үй камагына алынышынын артынан Москва биржасындагы соодада “Система” акционердик каржы корпорациясынын (АКФ) акциялары 26 пайызга арзандап кетти.

Евтушенков ээлик кылган “Башнефть” мунай компаниясынын жана Орусиянын мобилдик байланыш боюнча эң ири оператору – МТСтин акцияларынын да баасы түштү.

Орусиялык байкоочулар миллиардердин үй камагына отургузулушун Евтушенков “Башнефттин” акцияларын президент Владимир Путиндин жакын адамы Игорь Сечин башкарган мамлекеттик “Роснефть” компаниясына алар сунуш кылган шартта жана баада сатууга көнбөгөнү менен байланыштырып жатышат.

Москвалык саясий талдоочу Андрей Пионтковски “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде буларды айтты:

- Ал (Сечин) ЮКОСту аш кылды. Азыр Батыштан урматтуу өнөктөшү бар, президенттин жакын досу. Андыктан өзүнө жаккандардын баарына, анын ичинде “Башнефтиге” да көзү түшүүсү мүмкүн. Албетте, биз муну так айта албайбыз. Бирок президенттин жакынкы чөйрөсүнө кирген адамдар кандай бизнес болбосун өз колуна топтой алары тууралуу факт Орусиянын экономикалык турмушу менен саясий сахнасына байкоо салып жүргөндөрдүн баарына белгилүү.

“Форбс” журналы өлкөнүн эң ири он беш байынын катарына киргизген Евтушенковду Орусиянын Тергөө комитети Башкыртстандагы “Башнефть” компаниясынын акцияларын уурдоого жана легалдаштырууга катышы бар деп айыптоодо.

Маалыматтарга караганда, миллиардердин “Система” корпорациясы “Башнефть” компаниясынын акцияларынын контролдук пакетин 2009-жылы Башкыртстандын мурдагы президенти, Муртаза Рахимовдун уулу Урал Рахимовдун компанияларынан сатып алган.

Евтушенков Путин менен жолугууда. 2010-жыл.
Евтушенков Путин менен жолугууда. 2010-жыл.

Бирок тергөө органдары азыр Урал Рахимов кезинде атасынын кызмат абалынан пайдаланып, “Башнефть” компаниясынын жана жылуулук-энергетика комплексиндеги жергиликтүү башка ишканалардын акцияларынын контролдук пакетин уурдаган деп эсептөөдө.

Урал Рахимовго издөө жарыяланып, аны менен Евтушенковдун компаниялары ортосундагы соодага ортомчулук кылды деген армян тектүү ишкер Левон Айрапетянды быйыл июлда камакка алган.

“Экинчи ЮКОС”

Кезинде ЮКОС мунай компаниясынан тартылып алынган мүлк акыр-аягында келип “Роснефть” компаниясына өткөндүктөн миллиардер Владимир Евтушенковдун кылмыш иши мындан он жыл мурдагы окуяны эске салды.

Бул иш “экинчи ЮКОСко окшошуп турганын” Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун төрагасы Александр Шохин өзү белгиледи.

Евтушенковдун үй камагына олтургузулушунун артында “Роснефтинин” башчысы Игорь Сечин турарын ЮКОСтун мурдагы кожоюну Михаил Ходорковский да айттып чыкты.

Сечин (оңдо) президент Путиндин жакын досу катары саналат.
Сечин (оңдо) президент Путиндин жакын досу катары саналат.

​Ал “Ведомости” гезитиндеги маегинде мунун себебин Сечин башкарган “Роснефтиде” мунай өндүрүүнүн көлөмү төмөндөө коркунучу жаралганы жана бул кенемтени “Башнефть” компаниясын кошуп алуу аркылуу жабуу көздөлүп жаткан менен түшүндүрдү.

Ходорковкийдин ишениминде, Евтушенков компаниясын ага сунуш кылынган баага сатуудан баш тарткандан кийин “мурдатан белгилүү ыкмалар” колдонулуп жатат.

“Роснефть” компаниясынын расмий өкүлү болсо Ходорковскийдин сөздөрүн болбогон кеп деп атады.

Москвалык саясат таануучу Андрей Пионтковски “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Ходорковский менен Евтушенковдун кылмыш ишиндеги айрым өзгөчөлүктөр катары төмөнкү жагдайларды атады:

- ЮКОСко сокку урууда, биринчи кызыкчылык саясий болгон да. Каржылык жагы муну коштогон. ЮКОСтун иши менен өлкөдөгү саясий турмуш ошол доордо эле бүткөн. Азыркы иште “саясий аспект жок” деп Песков мырза туура эле айтып жатат. Евтушенков кайсыл бир саясий платформанын, оппозициянын өкүлү эместигин эске алганда. Бирок азыркы иште жаткан терең саясий маани - бул өлкөдө кандай мүлк болбосун каалаган учурда тартып алынышы мүмкүндүгү. Башкача айтканда жеке менчик институту жок. Мындай мамлекет албетте, экономикалык жактан өнүгө албайт.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдарак Евтушенковдун камалышына саясий жүз берүү аракеттери “такыр орунсуздугун”, анын ЮКОСтун иши менен салыштырууга “эч негиз жоктугун” белгилеп, президент миллиардерге айып коюлуп, ал үй камагына олтургузулганын тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин гана билгенин кошумчалаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG