Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Москва: оппозиция менен анти-оппозициянын митинги


Москвада бийликчил жана оппозициялык кыймылдардын кагылышы. Moсква, 6.12.2011
Москвада бийликчил жана оппозициялык кыймылдардын кагылышы. Moсква, 6.12.2011

Москвада нааразылыкка чыккан оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрүн полиция кармады. Кремлди жактаган күчтөр дагы бийликти колдоп аянтта чыкты.

Шейшембиде кечинде Триумфалдык аянтта Орусиядагы оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрү нааразылык митингине чогулду. Кремлди колдогон "Жаш Гвардия", "Наши" жаштар кыймылдары дагы ошол жерге келип, оппозициянын митингине бөгөт коюшту. Аянттагы көп сандагы коопсуздук күчтөрү ондогон адамдарды кармап кетти. Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Триумфалдык аянттан соңку кырдаалды баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00
Түз линк


- Аянтта 500-1000дей адам бар. Адамдар ар кайсы жерде бөлүнүп турушат. Бул жерде өтө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлгөн. Митингге чыккандарга караганда коопсуздук күчтөрүнүн саны көбүрөөктөй сезилет. Метронун Тверь станциясынан Триумфалдык аянтты көздөй жол жабылган, эч ким өтө албайт. Полициянын атайын жабдылган унаалары турат. Метронун Маяковская станциясы саат 5те эле жабылган.

Орусиядагы таанымал блогчу Алексей Навальный бул жерде көрүнбөйт, анын соту жаңы эле бүттү деген маалымат айтылууда. Эскерте кетсем, Навальныйды кечээ акция маалында полиция кармап кеткен.

- Орусияда шайлоодон кийин түшүнүксүз жагдай түзүлдү. Оппозиция көчөгө чыкса ага каршы бийликти колдогон анти-оппозиция дагы аянтка келиптир. Оппозициянын талабы эмне болууда?

- Негизги талап - шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу. "Шайлоо уурдалды", "добуштар бурмаланды" деген чакырык менен чыгып жатышат. Бийликке каршы маанайдагы күчтөр улутчулдар, либералдар, демократтар, анархисттер сыяктуу багыттардын өкүлдөрү бар.“Биз Путинге каршыбыз!”, "Уурулардын жана алдамчылардын партиясы" деген жарнактарды көтөрүп жүрүшөт.

5-декабрда Орусияда өткөн парламенттин шайлоонун алдын ала жыйынтыгын боюнча бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы 49, 54 пайыз алган.

Кечээ уюштурулган нааразылык акцияда укук коргоочу Евгения Чирикова “Бирдиктүү Орусиянын” шайлоочулардын добуштарынын 50 пайызын ала албай калышын оппозициянын алгачкы жеңиши катары баалады.


  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG