Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Cноуден: Жашыруун документтер бөтөн колго өткөн жок


Эдвард Сноуден
Эдвард Сноуден

АКШнын чалгын мекемесинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусия менен Кытайдын колуна жашыруун документтердин бири да тийген жок деп ырастоодо. Учурда Орусияда башкалкалап жүргөн Сноуден бул тууралуу “Нью-Йорк Таймс” гезитинде жарыяланган интервьюсунда айтып чыкты.

Отуз жаштагы Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматтарынын ишмердиги тууралуу жашыруун документтерди жарыялап жиберүүсү менен атагы чыккан.
Андан алынган документтердин негизинде эл аралык басма сөздө АКШ өкмөтү телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшаары, интернет байланышты көзөмөлдөй турганы жазылган эле.

Мындан кийин АКШ бийликтери Сноуденге тыңчылык боюнча айып коюшкан. Вашингтондук расмий өкүлдөр мурдагы чалгын кызматкеринин колундагы файлдар чет элдик чалгын кызматтарга өтүп кетүү мүмкүндүгүнө камтамачылык билдиришкен. Америкалык айрым саясатчылар жана баяндамачылар Сноуденди саткын катары да айыпташкан. Сноудендин “Нью-Йорк Таймстагы” интервьюсу анын дарегине айтылган айыптоолорго карата жооп болду окшойт.

АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин мурдагы кызматкери ырастагандай, ал июнда Гонконгдон Москвага учар алдында колундагы документтердин баарын журналисттерге тапшырган. Орусияга бир да нускасын алып өтпөгөн. Сноудендин пикиринде, ал материалдарды Орусияга алып келүү “коомдун кызыкчылыгына жооп бермек эмес”.

Сноуден белгилегендей, ал Гонконгдо токтогон кезинде өзүн кытайлык тыңчылардын аракетинен коргой алган. Себеби, буга атайын даярдыгы бар болчу. Анын Улуттук чалгын агенттигиндеги кызмат милдети Кытайдын атайын кызматтарынын операцияларын жана бул өлкөдөн чыккан киберчабуулдардан коргонууну да камтычу.

Сноудендин ырастоосунда, өзү алып чыккан жашыруун документтердин Кытай менен Орусиянын колуна тийип калуу мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар жана ал орусиялык же кытайлык агенттер менен кызматташпаганын АКШнын Улуттук чалгын агенттиги билет.

Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын агенттиги мурдагы кызматкеринин айткандарына азырынча комментарий бере элек. Эдвард Сноуден менен жакында Орусияга келип, атасы жолугуп кеткен. Лон Сноуден эки күн мурда Нью-Йоркто журналисттер менен жолуккан учурунда буларга токтолду.

- Мен Орусияда уулума атасы болгондон башка жардам бере албайт экенм. Мага бул жерде, АКШнын аймагында жоопкерчиликтүү жаран иретинде жасай турган иштер көп. Орусияга барганымда мен жөн гана конокмун. Алар уулума башпаанек беришкенине ыраазымын. Мен балама туруп турууга (Орусияда) кеңеш берем. Бул бирок, кеңешим сөзсүз эле аткарылат дегенди билдирбейт. Балам өзүн ыңгайлуу, бактылуу сезүүдө жана жасаган иштерине берилген бойдон турат.

Кичүү Сноуден болсо “Нью-Йорк Таймстагы” интервьюсунда, АКШнын чалгын мекемелеринин жашыруун программасын шардана кылып, коомдук талкууларды жаратуу менен өлкөсүнүн улуттук коопсуздугуна жардам бергенин айткан.

Сноуден маегинде кошумчалагандай, бул программаларды жашыруунун улантылышы, алардын ачыкка чыгарылышына караганда чоң коркунуч туудурмак. АКШ президенти Барак Обама жана чалгын тармагын тейлеген расмий өкүлдөр кезинде Сноуден шардана кылып жиберген көзөмөл программаларынын тууралыгын коргошкон.

Алардын ырастоосунда, көзөмөл программаларында америкалыктардын купуялуулукка болгон укугу бузулушу же тебеленишине жол бербеген чаралар камтылган жана алардын жардамы менен террордук чабуулдар алдын алынууда. Бирок Сноуден шардана кылган программалардын сынчылары ал америкалыктардын Конституция кепилдеген укуктарына кол саларын, террордук коркунучтарга эч тиешеси жоктугун жана алардын алкагындагы иш-чаралар жетиштүү көзөмөлдөнбөй калганын айтышат.

Орусия Сноуденге саясий башпаанекти бир жылдык мөөнөт менен берген. Маалыматтарга караганда, ал Москвада жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG