Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Немцовдун өлүмү табышмак бойдон калууда


Белгилүү жана белдүү орус оппозиционери Борис Немцов Москванын борборунда киши колдуу болуп өлгөнүнө 27-августта алты ай болду. Бирок аны өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөө ордунан жылбай турат.

Борис Немцовдун кызы орус бийликтери атасынын өлүмүн алгылыктуу тергебей жатканы үчүн Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды.

Белгилүү саясатчы, таасирлүү оппозиционер Бориц Немцовду ушул жылы 27-февралдын кечинде Москванын так борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Немцов өлтүрүлгөн көпүрөгө бүгүн анын жактоочулары келип гүлчамбар коюшууда жана Москвада бир катар эскерүү чаралары уюшулган. Маркум оппозиционерди эскерүүгө келгендердин бири “Азаттыктын” орус кызматына буларды айтты.

- Бүгүн Борис Немцов өлтүрүлгөнүнө жарым жыл болду. Мен аны жалпы Орусия үчүн трагедиялуу окуя деп эсептейм. Бул алты ай аралыгында жалпы коомдо бир катар өзгөрүүлөр болду. Бирок тилекке каршы, жакшы жагына эмес.

Немцовдун өлүмүнө шектүү деп Заур Дадаев жана дагы төрт адам кармалган. Расмий тергөө органдарынын оюнча, Заур Дадаев оппозиционерди өлтүргөн, ал эми Анзор Губашев, Хамзат Бахаев, Шадид Губашев жана Тамерлан Эскерхановдор ага кол кабыш кылган. Кечээ жакында сот бул беш адамдын баш коргоо чарасын карап, камакта кармоо мөөнөтүн дагы 28-ноябрга чейин узартты. Кылмыш ишинде шектүү катары ошондой эле Чеченстандын “Түндүк” батальонунун мурдагы офицери Руслан Геремеевдин да аты аталган. Бирок ушул күнгө чейин ал суракка тартыла элек жана Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кеткен деген маалыматтар бар.

Ал арада Немцовдун жакындары тергөө органдарын аракетсиздиги үчүн айыптоодо. Маркум оппозиционердин кызы Жанна Немцова өткөн жумада Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду суракка чакыруудан баш тарткан Тергөө комитетинин чечимине каршы Москванын Басман сотуна кайра арыз жазды. Ошондой эле Невцованын адвокаттары да тергөө органдарынын ишине ичи чыкпай, алардын үстүнөн арызданган. Алардын пикиринде, тергөөчүлөр “кол салууга буюртма бергендерди жана уюштургандарды табууну маалкатып жатышат”.

Мындан сырткары, маркум оппозиционердин жакындары Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимхановду, Чеченстандагы “Түндүк” батальонунун кол башчысы Алибек Делимхановду, Чеченстандын Шелковск районунун милиция башчысы Ваха Геремеевди, анын бир тууганы Чеченстандан сенатор болуп шайланган Сулейман Геремеевди суракка тартууну талап кылышкан. Булардын баары Чеченстанда таасирлүү адамдар болуп саналат жана Немцовдун өлүмү боюнча кармалгандар менен байланышы болушу мүмкүн деген шек саноолор бар. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров “суракка чын дилинен барууга даяр” экенин билдирген.

Немцовдун санаалашы болгон, ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьяновдун оюнча, расмий органдардын версиясы азырынча жалгыз гана божомол болууда.

- Менимче, бул жерде үч фактор бар. Биринчиси - бул оппозицияга карата кысым. Экинчиси – жеке келишпестик жана анын сындары үчүн Немцовдон өч алуу. Ал эми үчүнчүсү болсо, албетте, бул Путинге карата басым. Башкача айтканда, өлкөдө Путин жана ФСБдан тышкары, чыныгы турмуштук факторго ээ болгон жана аны жасай алган башка да күчтөр бар экенин көрсөтүү. Мен мурдагыдай эле бул Путиндин көрсөтмөсү менен жасалды деп ойлобойм. Бул ал үчүн да күтүүсүз болгон.

Ошол эле кезде Борис Немцовдун башка бир санаалашы Владимир Милов маркум оппозиционердин өлүмү үчүн бар күнөөнү президент Путиндин өзүнө коёт.

- Мен бул режимдин кайсы бир өкүлдөрүнүн жасаганы деп ойлобойм. Менимче, мындай команданы бир гана адам - Путин мырза гана бере алмак. Анын үстүнө азыркы системада Немцовдун өлүмү пайдалуу болгон башка күчтөр жок, ал эч кимдин жолун торогон эмес. Немцов Путинге гана тоскоолдук кылган. Ал саясий тоскоолдук.

Борис Немцовдун кызы Жанна Немцова атасынын өлүмүн алгылыктуу тергебей жатканы үчүн Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Анын адвокаты Вадим Прохоровдун айтымында, доо арыз Европа конвенциясынын адам укуктары жана негизги эркиндиктер жөнүндөгү беренелери бузулганы үчүн берилген.

Борис Немцовдун өмүрүндөгү көз ирмемдер

XS
SM
MD
LG