Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Орусия: эми айдоочулук күбөлүк түйшүккө салчудай


Кыргыз айдочулук күбөлүгү
Кыргыз айдочулук күбөлүгү

1-июндан тарта айдоочу болуп иштеген чет элдик жарандардан Орусиянын айдоочулук күбөлүгү талап кылына баштайт.

Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп бербеген эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөр Орусияда эми жараксыз деп табылат.

Учурда Орусиядагы кыргызстандык айдоочулар Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүк бул талаптарга толук жооп бербей, жараксыз болуп жатканын айтып коңгуроо кагышууда.

Москвадагы “Мосгортранс” мамлекеттик унитардык ишканасынын айдоочусу Эмил Карымбаев жакында эле Кыргызстандан жаңы айдоочулук күбөлүк алып келген. Мурункусу жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөндүктөн мыйзамсыз болуп чыккан. Эми күбөлүктөн дагы бир кемчилик чыгып, айласы кетип турган чагы. Күбөлүктү алмаштырбаса, Москвада айдоочулук курска барууга туура келет.

- Биздин көйгөй – айдоочулук күбөлүк болду. Февралда эле барып, мөөнөтүн көрсөтүп, жаңы күбөлүк жаздырып келгем. Баш-аягы 40-50 миңдей сом чыгым болдум. Ал дагы эми жараксыз болуп чыкты. Атамдын ысымын латын тамгасы менен жазбай коюшуптур. "Алмаштыргыла, же болбосо төрт ай 15 миң рублдан берип окуп, бул жакта күбөлүк алгыла" деп кыстап жатышат.

Карымбаев менен чогуу иштеген Зайдин Ибраимов Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берчү Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине нааразы.

- Вена конвенциясында күбөлүктө жазылган бардык сөздөр латын тамгалары менен коштолушу керек деп жазылып турат. Кыргызстан муну 2006-жылы кол коюп, кабыл алган. Муну эми кандай деп түшүнсө болот?! Бул мамлекеттик орган болсо, ал жакта билимдүү адамдар отурушат. Бир сабаттуу юрист менен кеңешип, бир жолу жасатып койсо болбойбу?! Эми биз кандай кылышыбыз керек? 31-майда акыркы мөөнөт, анан массалык түрдө жумуштан алат. Бул жарандар үчүн абдан маанилүү документ. Ушуну менен оокат кылып жүрөбүз, ушуга бир адамча мамиле кылып коюшпайбы...

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева мандемдүү айдоочулук күбөлүк үчүн жарандар айыпка жыгылып, Орусиядан депортацияланган учурлар болгонун айтат.

- Бул маселе боюнча биз бир нече жолу Кыргызстандагы тиешелүү органдарга маалымат бергенбиз. Былтыр күбөлүктө жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн көп маселелер болуп, биздин жарандар айыпталып, Орусиядан чыгарылган учурлар кездешкен. Бүгүн "Мосгортранстта" иштеген жарандар келип, айдоочулук күбөлүктү оңдоп берүүнү өтүнүп жатышат. Бизге берген маалыматтары боюнча, азыр ал жакта 1,5 – 2 миңге жакын кыргызстандык иштейт. Айдоочулук күбөлүктү жасап, же андагы каталарды оңдоп берүүгө элчиликте мүмкүнчүлүк жок. Биз жарандардын арыз-муңдарын чогултуп, тиешелүү органдарга кат жөнөтбүз.

Эми биз кандай кылышыбыз керек? 31-майда акыркы мөөнөт, анан массалык түрдө жумуштан алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышева билдиргендей, учурда айдоочулук күбөлүктү эл аралык талаптарга ылайыктуу кылып даярдоо чарасы көрүлүп жатат:

- Кыргызстанга келбей эле, ал жактан айдоочулук күбөлүктү алмаштырып берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Элчилик аркылуу азыр паспорттор берилип жатат. Бирок айдоочулук күбөлүктү бул жактан келип эле алыш керек.

Орусиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жүргүнчү ташыган маршруттук транспортторду башкарган же кандайдыр бир уюмга тиешелүү унаада жүк ташыган чет элдик айдоочулар сөзсүз түрдө улуттук айдоочулук күбөлүгүн Орусиянын күбөлүгүнө алмаштырышы зарыл. Бул 2014-жылы 5-майда кабыл алынган федералдык мыйзамда көрсөтүлгөн.

Ошентип, жакында эле Кыргызстанда убара тартып, айдоочулук күбөлүк алган, же аны оңдоткон мекендештер Орусиянын жаңы талабына баш ийип, документин алмаштырууга аргасыз болушат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG