Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Батыш Крымды аннексиялоого жооп берүүнү ойлонууда


Крым парламентининин имаратындагы Украинанын желеги Орусиянын желегине алмаштырылды. Симфереполь. 19-март, 2014
Крым парламентининин имаратындагы Украинанын желеги Орусиянын желегине алмаштырылды. Симфереполь. 19-март, 2014

Батыш лидерлери президент Путиндин Крымды жана Севастополду Орусиянын курамына кошуп алуу жөнүндөгү келишимге кол койгонун сындашууда. НАТОнун башкатчысы Расмуссен Кремль мыйзамды сактоого чакырган үндөөлөрдү укпастан, Орусияны эл аралык коомчулуктан обочолотчу “коркунучтуу жолго түштү” деди.

Крымды кошуп алуу боюнча өткөрүлгөн референдумдан соң, апта башында АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы чектелүү санкция жарыялаган эле. Банк эсебин камакка алуу жана АКШ менен Биримдикке мүчө өлкөлөргө каттоого тыйуу салган чарага орусиялык жана украиналык 31 саясатчы, анын ичинде Украинанын бийликтен оодарылган президенти Виктор Янукович кабылды. Ага чейин Крымга орус аскерлери киргизилгенге байланыштуу 6-мартта Евробиримдик жана АКШ экономикалык кызматташууну чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жана “Чоң сегиздин” Сочиде болчу саммитине даярдыкты токтоткон.

Орусияга каршы киргизилген акыркы санкциянын мазмунун АКШнын финансы министри Жейкоб Лью 18-мартта Мехико шаарындагы визити маалында мындай түшүндүрдү:

- Мен тактап койоюн, өкмөттүн бул токтому орусиялык кээ бир жетекчилердин Кошмо Штаттардагы мүлкүнө гана таасир этпейт. Бул Кошмо Штаттардагы тараптардын жана институттардын береги адамдар менен иштешүү мүмкүндүгүнө да таасир кылат. Биз береги чаралардын реалдуу кесепети жөнүндө ойлоодобуз.

Кийиминде эн белгиси жок, бирок орусиялык деп эсептелген аскерлер Симфереполдогу Украин армиясынын базасын күзөтүүдө. 19-март, 2014.
Кийиминде эн белгиси жок, бирок орусиялык деп эсептелген аскерлер Симфереполдогу Украин армиясынын базасын күзөтүүдө. 19-март, 2014.
Ал эми Путин Крымды Орусияга кошуп алуу жөнүндөгү келишимге кол койгондон кийин жагдай өзгөрдү. Евробиримдик эми 100дөн ашуун орусиялыкка санкция жарыялоону мерчемдеп жатканы айтылууда. Буга чейин санкция саясатчылар менен ырасмий адамдарга тиешелүү болсо, эми Батышта мүлкү бар ишкер-бизнесмендерди камтыйт. Бул биринчи кезекте Британияда мүлк-дөөлөтү бар орусиялык олигархтарга каршы багытталыш керек экенин Франциянын тышкы иштер министри Лорен Фабиус 18-мартта ишара кылды. Анын айтымында, Франция эки аскердик кеме боюнча 1, 2 миллиард долларлык келишимди Биримдик жапырт чара колдонгондо токтотушу ыктымал.

Өкмөттүк “Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечин 19-мартта Токиодогу орусиялык-жапониялык инвестициялык форумда сүйлөп, АКШ жана Евробиримдик киргизген санкция Москваны көп деле түйшүккө салбаганын айтты:

- Санкцияны көп сандагы экономикалык субъе́ктилерге, а түгүл адамдарга жарыялоо такыр өзүн актабайт жана чатакка дагы көп адамдарды, кызыкчылыктарды тартып, аны ого бетер татаалдантат. Андан натыйжа болбойт жана бардык жактарга зыяны тиет. Ошон үчүн азыркы жагдай бизди көп түйшөлтпөйт.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусиянын Крымды басып алуусун айыптады. Ал шаршемби күнү жапон парламентиндеги жолугушууда президент Путиндин Крымды Орусияга кошуу жөнүндөгү келишимге кол койгонун “Украинанын төбөлсүздүгүнө жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган” кадам деп мүнөздөдү. Абе ошондой эле, Жапония “Чоң жетинин” мүчөлөрү менен Орусияга каршы дагы кандай чара көрүү мүмкүнчүлүгүн жакында Гаагада болчу саммитте кеңешип көрөрүн билдирди:

- Биз “Чоң жети” жана башка тийиштүү өлкөлөр менен чогуу Орусияга каршы кошумча чара колдонуу жагын караштырууну уланта беребиз.

Орусиянын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Крым парламентинин төрагасы Владимир Константинов, Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов жана Севастополдун мэри Алексей Чалый менен кездешүүдө. Москва, 19-март 2014
Орусиянын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Крым парламентинин төрагасы Владимир Константинов, Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов жана Севастополдун мэри Алексей Чалый менен кездешүүдө. Москва, 19-март 2014
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ жана Европа Биримдиги киргизген санкцияларга “такыр ынанып болбосун жана жоопсуз калбасын” АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен 18-мартта болгон телефон сүйлөшүүсүндө эскертти.

АКШ өкмөтү Орусиянын Крымды кошуп алуусун сындады жана жаңы санкцияларды даярдап жатканын маалымдады. Шейшемби күнү Ак үйдүн өкүлү Жей Карней “жаңы чаралар” кабыл алынарын билдирип, амкерикалык инвесторлорго Орусиянын баалуу кагаздарын сатып албоону кеңеш кылды. Кээ бир сынчылар Ак үйдүн буга чейин орусиялык жана украиналык 11 ырасмий адамга санкция жарыялаганын “жалчыбаган кадам” деп сыпатташкан.

Президент Барак Обама Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын Крымды аннексиялап алуусун телефондон талкуулашты. Ак үйдүн маалымдашынча, эки лидер кризисти жөндөөнүн дипломаттык жолу бар экенин Путинге эскертели деп макулдашты.

XS
SM
MD
LG