Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан: 2-2


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Австралия курама командасы менен беттешкенге чейин. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Австралия курама командасы менен беттешкенге чейин. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2-2 эсеби менен аяктады.

Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизген.

Бирок тажик оюнчулары, экинчи таймдагы 66-мүнөттө жана андан көп өтпөй 11 метрлик айып аянтчасынан Кыргызстандын дарбазасына гол киргизишти.

Ага жооп кылып, эсепти кыргыз тарап оюн айктаар алдында - кошумча 4 берилген мүнөттө 11 метрлик айып аянтчасынан тебилген топ менен теңешти.

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешти.

Таймаш 2018-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тайпалык тандоо оюндарынын 2-раундунун 5-турунун алкагында өттү.

Оюн кечки саат 8де башталды. Коомдук тартипти төрт жарым миң милиция кызматкери көзөмөлдөдү.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешти. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган.​

Тажикстан менен ойногон ​Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына 23 футболчу кирген, алардын үчөө дарбазачы.

Дарбазачылар: Матяш Павел («Мазия», Мальдив), Валерий Кашуба («Худжанд», Тажикстан), Руслан Амиров («Туранспор», Түркия);

Коргоочулар: Талант Самсалиев, Тэго Дэниел, Шерзот Шакиров, Курсан Шератов (бардыгы «Дордой»), Азамат Байматов («Ситра», Бахрейн), Тамирлан Козубаев («Гранитас», Литва), Виктор Майер («Меппен», Германия);

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхард («Прачуап», Тайланд), Антон Землянухин («Раднички Ниш», Сербия), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков (экөө тең «Абдыш-Ата»), Ильдар Амиров («Туранспор», Түркия), Турсунали Рустамов, Павел Сидоренко (экөө тең «Алга»), Азиз Сыдыков, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев (бардыгы «Дордой»);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Нюрнберг-2», Германия), Кайрат Жыргалбек уулу («Дордой»), Мирлан Мурзаев («Афжет Афьонспор», Түркия);

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин (Орусия)

Кыргыз футболчулары ак түстө, тажик футболчулары кызыл түстөгү кийим менен ойношот. 7-октябрь, 2015-ж.Бишкек.
Кыргыз футболчулары ак түстө, тажик футболчулары кызыл түстөгү кийим менен ойношот. 7-октябрь, 2015-ж.Бишкек.

Тажикстандын улуттук командасынын курамы төмөндөгүдөй:

Дарбазачылар: Алишер Туйчиев, Курбонали Бобоев (экөө тең — «Истиклол»), Алишер Додов («Регар-ТадАЗ»);

Коргоочулар: Фарход Восиев («Газовик», Орусия), Давронджон Эргашев («Жетысу», Казакстан), Сиёвуш Асроров, Джахонгир Джалилов, Ахтам Назаров (бардыгы – «Истиклол»), Хасан Рустамов («Худжанд»), Манучехр Ахмедов («Аль-Ахли», Бахрейн), Далерджон Тухтасунов («Регар-ТадАЗ»);

Жарым коргоочулар: Хуршед Махмудов, Парвизджон Умарбоев, Фатхулло Фатхуллоев, Нуриддин Давронов, Дилшод Восиев (бардыгы – «Истиклол»), Джахонгир Алиев («Худжанд»), Фаридун Шарипов, Нозим Бободжонов (экөө тең – «Регар-ТадАЗ»);

Чабуулчулар: Манучехр Джалилов («Истиклол»), Комил Саидов («Регар-ТадАЗ»), Ахтам Хамрокулов, Фарход Тохиров (экөө тең — «Худжанд»).

Башкы машыктыруучу: Мубин Эргашев.

41 жаштагы Эргашев Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасын ушул жылдын 29-июлунан бери жетектеп баштады. Ал дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарын ийгиликсиз өткөргөндүгү үчүн өз арызы менен кызматтан кеткен Мухсин Мухаммадиевдин ордуна келген. Бул кызматка чейин Дүйшөмбү шаарынын "Истиклол" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген.

Кыргызстан дүйнө чемпиондугунун тайпалык тандоо оюндарынын 2-раундунда В тайпасында Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен ойноодо.

Бүгүн, 8-октябрда Бишкекте кечки саат 8де кыргыз тажик футболчуларынын беттеши башталгандан учурда Иорданиянын Амман шаарында Иордания менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командалары ойноду. Аталган командалардын беттеши 2:0 эсебинде талаа кожоюндарынын пайдасына аяктады.

Буга чейин болгон оюндардын жыйынтыгында 10 упай менен Иордания курамасы алдыда келе жатат.

Тайпада экинчи орунда тогуз упай менен Австралия курамасы келе жатат.

Кыргызстандын улуттук курама командасы беш упай менен азырынча 3-катарды ээлеп турат. Кыргыз футболчулары Бангладеш курамасынын талаасында ойноп, 1:3 эсебинде уткан. Андан соң өз жеринде австралиялыктарга 2:1 эсебинде жеңилип, упайдан кур калышкан. 3-сентябрда Амман шаарында иорданиялыктарга каршы ойношуп, 0:0 эсебинде тең чыгышып 1 упайды эсебине жазышкан.

Тажикстандык футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо машыгууда. 7-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Тажикстандык футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо машыгууда. 7-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

​Бүгүнкү беттешке чейин Тажикстандын футболчулары өз жеринде Иорданияга 3:1, Австралияга 3:0 эсебинде жеңилген. Бангладеш футболчулары менен беттеште 1:1 эсебинде тең чыгып, эсебиндеги 2 упай менен 4-катардан орун алууда.

Бангладештиктер өз жеринде Кыргызстанга 3:1, Австралияга конокко барып 5:0, кайрадан өз жеринде Иордания курамасы менен болгон беттеште 0:4 эсебинде утулганын белгилей кетели. Алардын 2-турда Тажикстан менен болгон беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Эми кыргыз футболчулары 13-октябрда Бангладештин курамасын Бишкекте кабыл алат. 12-ноябрда Австралияда конокто ойношсо, 17-ноябрда Бишкекте иорданиялыктар менен беттешет. 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин 2-раундундагы акыркы оюнду кыргыз футболчулары келерки жылдын 29-мартында Тажикстанда конокто өткөрүшөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG