Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:32

Дүйнө

"Орусия ойгонду"

Ишембиде Орусиянын Ыраакы Чыгышынан Москвага чейинки ондогон шаарларында нааразылык демонстрациялары өттү.

Москва, 10-декабрь, 2011
Текст көлөмү - +
Он миңдеген эл 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдирип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Орусиянын ордо калаасы Москванын Болотная аянтында оппозициянын митинги аяктады. Ага полиция 20 миң адам катышты десе, акциянын уюштуруучулары кеминде 100 миң адам келди деп жатышат.

Болотная аянтындагы митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты. Демонстрацияга чыккандар БШКнын жетекчиси Владимир Чуровду кызматтан кетирүүнү, анын ишмердүүлүгүн иликтөөнү, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү, саясий партияларды каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты.

Оппозиция бийликке 2 апта берди. Кийинки демонстрация 24-декабрга белгиленди.

Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Болотная аянтынан эл таркагандан кийин кечки саат 8де буларды билдирди.



Бүгүнкү демонстрациянын таржымалын бул жактан көрүңүз.


Тасмада: Москвадагы митинг

Жүктөө
​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.12.2011 11:56
Putin kelgen4e armia jogolgonu kalgan ele, bizdin ele armiyday bolup mina azyr Putinden batyw da 4o4ulap turat, baardik Evropani 4o4ulatyp jatat, bul massaliuk 4ir e4 nerse emes bir buyruk menen ordyna koup koet da bul bizdin kgdar emes da, balkim tekwerip jatattyr eldin dengeelin,

кимден: Жаа каяктан: Бишкек
12.12.2011 10:39
Бизге Путиндей акылдуу президент болгондо эмне тиги бакийлерге кор болдук го кыргыздар 5 миллион кой аталып!! Путин азамат Россияны жакшы эле онуктуруп жатат!! Сын такпай эле коёлучу!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.12.2011 12:51
1,5 жылда эмне жыргаттыбы?Кымбаттоо бардык багытта.Ысык-кол эзилуудо, Нарын мункуроп калды.Чуй эле онуп кетпесе.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.12.2011 19:36
ой Путин кыргыздын президенти эмес. Кызык го анын бизге эмне тиешеси бар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.12.2011 01:03
Ушул калптын эмне кереги бар. 29 минда болбойт. Биз болдук го. Алардын кобу ментер жана наши деген бийликтин жаштары .Уркш болуп кетпесин деп турушту.Эч квндай оппозициянын кучу жок. Бир бири менен да урушуп атты. Лимонув суйлойун десе жакасынан суйроп соз бербей койушту.Кобунчо интелегенция эмес байлар рабочийлери м-н журушту.Бизди да шеф барбасанар жумуштан чыгарам деп алпарды.

кимден: Рысбек каяктан: Ноокат
11.12.2011 10:28
Орустар Путиндин бийлигинен чарчашты. Ооба, ал башында Россия үчүн жакшы иштерди жасады: мамлекетти чачырап кетүүдөн сактап калды, эң оорулуу Чеченстан согушун бүтүрдү, элдин жашоо деңгээли бир аз болсо да жогорулады. Ошону менен экинчи жагынан бир аз олигархтардын андан ары байый берүүсү, калган көпчүлүк орусиялыктардын жакырланышы жана байлар менен кедейлердин ортосундагы өтө терең туңгуюк, мамлекеттик чиновниктердин элди көзгө илбөөсү, алардын автомашиналарынын үстүндөгү "көк чакалар" Пушкин жазган "орус бунтуна" алып келиши мүмкүн. Орустар Путинден чарчашты: ал чынында 1998-жылдан бери (Ельциндин учурунда премьер) бийликте отурат - 13 жыл - эми дагы 5 жыл отургусу келип атат. Убагында англистер деле Экинчи дүйнөлүк согушта Англияны жеңишке алып келген Черчиллден чарчап 1945-жылы башка премьер шайлашпады беле. Путин президенттикке койбой койсо өз абийири менен кетсе болот эле.
Пикирге жооп

кимден: Ai каяктан: Germania
11.12.2011 19:41
4e4enstandagy sogushtup bashtap, irbatyp ku4otkon ushul Putin.Bilimi jok,televizordon ozgo4o bizdin kyrgyzdarga al oto akylduu adam sezilet.
Пикирге жооп

кимден: Kuban каяктан: Bishkek
11.12.2011 22:02
Menimche Putin orustarga kop emgek kildi. Birok uchurda naarazilik kop. Birok al akilduu emes degenine makul emesmin. Anin emgegin uchuru kelgende baalashaar. Oligarhtardin koboiushuno al kunooluu emes. Uurulardi oturguzdu go Hodorkovskige okshogon.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)