Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Автокырсыкты азайтуунун Батыш тажрыйбасы


Бишкек - Каракол жолундагы кырсыкта 14 адам курман болуп, алты киши оор жараат алган. 23-июль, 2013
Бишкек - Каракол жолундагы кырсыкта 14 адам курман болуп, алты киши оор жараат алган. 23-июль, 2013

Кыргызстан 2011-жылы жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен орточо 250 миллион доллар чыгым тартты. Бул ички дүң жыйымдын 4,3 процентине тете акча.

Бул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Дүйнөлүк банктын маалыматы.

Кыргызстанда жол кырсыктары көбөйүүдө

Быйыл 10 айда жол кырсыктары Кыргызстанда өткөн жылга салыштырганда 30 процентке көбөйгөн же январь-октябрь айларында 5990 автоавария болгонун Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы билдирди. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Жол коопсуздугу боюнча соңку жарыялаган докладына караганда, 2007-2010-жылдары автотранспорттогу авариялар туруктуу нукка түшкөн жана адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары 88 өлкөдө азайган. Бул эң алды өнүккөн жана орто өнүккөн өлкөлөрдө жол коопсуздугуна көңүл буруунун натыйжасы.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү жалпы жагдай кандай? Бул суроого Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Зобун-зордуктардын жана жарааттардын алдын алуу департаментинин директору, доктор Этьен Круг (Etienne Krug) мындай жооп берди:

- Дүйнөдө жыл сайын автотранспорт кырсыгынан 1, 4 миллион адам өлөт, 15 миллион адам жарадар болот. Алардын 90 проценти кирешеси төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө туура келет. Бул бир жагынан, жарды жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдө дүйнө элинин чоң бөлүгү жашаганына байланыштуу. Экинчи жактан, өнүккөн өлкөлөр акыркы ондогон жылдарда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча атайын саясат жүргүзүп, максаттуу программа менен иштешти. Ал эми төмөн жана орто кирешелүү мамлекеттер жол кырсыктарын кыскартууга багытталган иш-аракеттерди эми гана баштап жатышат. Атүгүл кээ бир мамлекеттерде андай иштер алиге чейин баштала элек. Көптөгөн өлкөлөрдө жаңы жолдор салынууда, жолдордо машинелер көбөйүп, жаңы айдоочулар пайда болууда. Бирок автотранспорт кырсыктарын болтурбоону көздөгөн эч кандай кадам жасала элек.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Жараат-травмалардын алдын алуу департаментинин башчысы, др. Этьен Круг.
Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Жараат-травмалардын алдын алуу департаментинин башчысы, др. Этьен Круг.
Жол кырсыгынан дүйнө өлкөлөрүндө күнүнө орто эсеп менен 3287 адам курман болсо, кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарындагы Кыргызстанда күнүнө 16 жол кырсыгы болот жана үч жолоочу өлөт.

Эл аралык каттамдарда коопсуз жүрүү ассоциациясы (Association for Safe International Road Travel), ASIRT адамдарды жол коопсуздугун сактоого үйрөтчү бейөкмөт уюм. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул мекемени Рошель Собел (Rochelle Sobel) айым 1994-жылы медик-студент уулу Түркияда жол кырсыгында өлгөндөн кийин түзгөн. Ал аварияда Собель айымдын тун уулу менен кошо автобуста бараткан 22 адам апаат кеткен. Рошель айымдын айтымында, жол кырсыгын көптөгөн факторлордун жыйындысы катары кароо керек:

- Автотранспорт кырсыгы - бул түрдүү жагдайлардын комбинациясы. Анын ичине жолдун сапаты, автомобилдин абалы, аварияга кабылгандарга медициналык жардамдын тез көрсөтүлүшү, жарадардын ооруканада татыктуу тейлениши кирет. Көпчүлүк өлкөлөрдө жаш адамдар машине айдаганда мыйзамды ойлошпойт жана жол эрежесин сактайлы дешпейт. Андан тышкары ДСУ маалымдагандай, жүргүнчүлөр коопсуздук курун тагынышпайт, балдар үчүн атайын орундуктарды пайдаланышпайт. Ичип алып машине айдагандар да көп. Жөө жүргөн адамдар коопсуз болуусу үчүн жолдун жакшы көрүнүп турганы маанилүү.

Айдоочу, жолдун сапаты, тез жардам

Эксперттер жол кырсыктары эки факторго түз байланышканын белгилешет. Биринчи фактор - бул айдоочунун жоопкерсиздиги же жол эрежесин сактабаганы болсо, экинчи фактор, автомобилдердин жана жолдордун сапаты менен байланыштуу. Айдоочулар менен жүргүнчүлөр коопсуздук курун тагынса, кырсыкка кабылган адамдарга тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлсө, адамдардын өлүмү, оор травмалар бир кыйла азаярына доктор Этьен Круг да көңүл бурду:

Пакистандын Чаквал шаарына чукул жерде кырсыктан автобуста бараткан 10 жолоочу өлүп, бир нече адам катуу жарадар болгон. 12-июль 2013.
Пакистандын Чаквал шаарына чукул жерде кырсыктан автобуста бараткан 10 жолоочу өлүп, бир нече адам катуу жарадар болгон. 12-июль 2013.
- Жол-транспорт кырсыктарынын болуусунун бир нече себеби бар. Бир жагынан, бул адамдардын жүрүм-турумунун туундусу. Алар шашып, машинени чымын-куюн болуп айдашат. Алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, машине айдагандар да арбын. Мотоциклисттер болсо башына каска кийишпейт. Айдоочулар жана жолоочулар автомобилге отурганда коопсуздук курун тагынышпайт. Жолдогу авариялар машиненин техникалык абалына жана жолдун сапатына да түздөн-түз байланыштуу болорун жадыбыздан чыгарбасак. Автожолдорду долбоорлоп жатканда, аларды коопсуздукту эске алуу менен пландаган маанилүү. Ошондой эле автотранспорт кырсыгына кабылган адамдарга сапаттуу медициналык жардам тез көрсөтүлүүсү абзел. Авария болгон жайга тийиштүү медициналык аппараттар жана дары-дармек менен толук камсыздалган мыкты адистердин командасы ыкчам жардамга келиши зарыл. Көптөгөн өлкөлөрдө жол кырсыгына учураган адамдарга андай жардам берилбейт.

ДСУнун изилдөөсү боюнча, жолдо апаат окуяга туш болгон адамдарга татыктуу, тез медициналык жардам 59 гана өлкөдө көрсөтүлөт. Мындай тез жардам кызматы кырсыкка кабылып, жарадар болгондордун 75 проценттен көбүн тейлейт. Автожол кырсыгына кабылган адамдардын көбү буту же колунан ажырап, баш сөөгүнөн же жүлүндөн оор жараат алып, өмүр бою майып бойдон калышат. Аларды каттоо бардык эле өлкөлөрдө иретке салынбаган. Мексика, Орусияда автокырсыктан улам жумушка жараксыз болгондордун саны аварияга туш болгондордун 1 процентине жетип-жетпесе, Польшада 25 процентке чейин жетет. Орто эсеп менен алганда, дүйнөдө жаракат алгандардын беш проценти ишке жарабай калат. Өлкөлөр арасындагы мындай ажырым автоаварияда майып болгондорду эсептөөнүн бирдиктүү усулу жок экени менен түшүндүрүлөт.

Рошель Собел айым жол кырсыгын азайтууда коомдук транспорттун айдоочуларын медициналык текшерүүдөн такай өткөрүп туруу, тартиптүү жана кесипкөй айдоочуларды тандоо жана транспорттук компаниялардын иш-тажрыйбасын билүү маанилүү дейт:

Рошель Собел, ASIRTтин президенти. АКШ.
Рошель Собел, ASIRTтин президенти. АКШ.
- Айдоочу жолго чыгаар алдында анын көзүн текшерүү абдан маанилүү. Ошондой эле коомдук транспортту тейлеген айдоочунун мурда кандай иштегенин билүү зарыл. Ал курста окугандан кийин сынакты жакшы тапшырган болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташычу компания менен келишим түзгөндө, ал адамдарды коопсуз ташыганбы деп суроо берүү зарыл жана кандай иштегенин билүү маанилүү. Эгерде эл өмүрүн тобокелге салчулар болсо, андай адамдарга коомдук транспортту айдаганга жол берилбеши шарт. Айдоочу минчү машинесин, жүрчү жолун жакшы билүүгө тийиш. Себеби, айдоочу каттачу жолунда жүргөнгө даяр болгону оңдуу.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, жан башына жылына 1005 доллар же андан аз улуттук дүң киреше өндүрүлгөн өлкөлөр төмөнкү кирешелүү, 1006 доллардан 12 275 долларга чейинкилер орто кирешелүү, 12 276 доллардан көп өлкө кирешеси бийик деп эсептелет.

Жол кырсыктарынан жараат алгандардын чыгымы төмөнкү жана орто кирешелүү өлкөлөрдө улуттук дүң жыйымдын 1 процентинен 3 процентине дейре жетет. Анын жылдык жалпы суммасы 100 миллиард доллардан кем болбойт.

"Автожол кырсыктарынын жыл сайын дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасы аябай чоң чыгымга кириптер болот",- дейт доктор Этьен Круг.

- Биздин эсептөөлөр боюнча, анын кесепетинен ар бир өлкө ички дүң продукциясынын 1 проценттен 3 процентине чейинин жоготот. Бул материалдык чыгым гана. Тергөө иштерине, доктурлардын жардамына кеткен каражаттан тышкары жаш адамдар, жаш аталар жана энелер оор жараат алса, же курман болсо, алардын үй-бүлөлөрү кирешесинен ажырайт. Бүтүн үй-бүлө жакырлыкка батат.

ДСУнун маалыматына ылайык, дүйнөдө жол кырсыгында өмүрү үзүлгөндөрдүн 59 проценти 15 жаштан 44 жашка чейинкилер. Жолдо жүрүп, аварияда курман болгондордун төрттөн үчү (77 %) эркектер.

Германия: мундирин сыйлаган полицайлар

Жол транспорт кырсыгында өлгөндөрдүн жыйынтыктоочу көрсөткүчү 100 миң адамга эсептелет. 2010-жылы орто бай өлкөлөрдө 100 миң адамга алганда, жол кырсыгынан 20, 1 адам апаат болгон. Ал эми бай өлкөлөрдө бул көрсөткүч 8, 7 адамды түзөт. Автокырсыкта өлгөндөрдүн 80 проценти орто кирешелүү өлкөлөргө туура келет. Бул мамлекеттерде дүйнөдөгү автотранспорттун 52 проценти катталган жана дүйнө элинин 72 проценти жашайт. Африкага жалпы жол кырсыгынан курман болгондордун 24, 1 проценти, Европага 10, 3 проценти таандык.

Жолдордо жеңил машинелерге катар жүк ташуучу машинелер, жүргүнчүлөрдү тартчу автобустар да кырсыкка учурайт. Дүйнөнүн бай өлкөлөрүнүн бири - АКШда
ар бир штаттын жол коопсуздугуна байланыштуу мыйзамдары ар башка. Мисалы, Виргиния штатынын мыйзамы тууралуу Эл аралык каттамдарда коопсуз жүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Кэти Зилберман (Cathy Silberman) айымдын сөзү:

- Мен жашаган Вашингтон шаарына коңшулаш Виргиния штатында мыйзам өтө катаал. Арак ичип алып машине айдаган адам биринчи жолу полицияга кармалса да түрмөгө салынат. Мас абалында экинчи ирет кармалган айдоочу эгерде кимдир бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирсе, беш жылга чейин түрмөгө кесилет. Менин өмүрүмдө эле алкоголдук ичимдик жутуп алып, машине айдагандарга каршы мыйзам катуу өзгөрдү.

Жол коопсуздугу боюнча адистердин айтышынча, маданияттуу айдоочуларды тарбиялап, өстүрүү жакшы ыкласты, күчтүү саясий эркти, мыйзамдын так аткарылышын талап кылат. Вильгельм Акст (Wilhelm Akst) 22 жыл мурда Германияга Кыргызстандан көчүп келген. Азыр өлкө батышындагы Пюма шаарчасында адистешкен поликлиниканы жетектейт. Дарыгер германиялык полицайлар мыйзамды бекем кармап, айдоочулардан да анын так аткарылышын талап кылышат деп, өз башынан кечирген мына бул окуяны эстеди:

- Германияда полиция үчүн тааныш-билиш, пара алып коё берүү деген жок. Мен сегиз жыл илгери коңшу айылда баратып, машинени талап кылынган 50 чакырымдын ордуна, 60 -70 километр тездик менен айдаган экенм. Кезектеги текшерүү жүрүп жатыптыр. Полиция мени токтотту. Полицайлар биздин шаарчада жашаган эле адамдар, мага дарыланганы келип турушчу. Алар жол тартибин буздуң деп 10 евро айып жазып, дүмүрчөнү толтура баштаганын көрүп: Мага чектин кереги жок. Ме, 10 еврону алгыла. Мен кеттим, - дедим. Алар: “Жок, андай болбойт,” - дешип, дүмүрчө жазып беришти. Ошондон кийин гана кеттим. Германияда полиция жумуш ордун аябай баалайт. Мундирин уят кылбаганга тырышат.


Француздар жана испандар: кечээ жана бүгүн

Эксперттер жолдо жүрүү эрежесин урматтаганга үйрөнүү мүмкүн жана эрежени урматтоо пайдалуу нерсе экенин айтышат. Машине айдоо маданиятына жарандарды үйрөтүү өкмөттүк саясат болушу керек. Доктор Круг, мисалы, 20 жыл мурун француздар жана испандар шарап ичип алып, рулга отурганды өөн көрбөсө, бүгүн Франция менен Испанияда мас абалында машине айдоо адепсиздик катары бааланганын айтат:

Франция. Жүк тартчу жана жеңил машинелер A20 кан жолунда. 27-ноябрь 2010
Франция. Жүк тартчу жана жеңил машинелер A20 кан жолунда. 27-ноябрь 2010
- Көптөгөн өлкөлөрдө жол коопсуздугун сактоо үчүн тийиштүү аракеттер көрүлө башталганда, эл өзү эле жолдогу тартипти сактоону биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү деп айта баштайт. Ошондой эле транспорт каражатын ылдам айдоону, аны арак-шарап жутуп алып айдаганды биздин элге мүнөздүү көрүнүш, же биздин жарандар башка өлкөлөрдүн букараларындай мыйзамды сыйлашпайт деп актаныша баштайт. Балким ошондойдур. Бирок, адам өмүрү жөнүндө ойлой турган болсок, мындай менталитет өзгөрүшү керек. Бул сыяктуу илдет бир нече жыл мурда Франция, Испания үчүн мүнөздүү болчу. Мисалы, 20 жыл илгери Францияда ичимдик ичип алып машине айдоо адаттагы көрүнүш эле. Бүгүн андай болбой калды. Эл өзгөрдү. Биз адамдардын жүрүм-турумун, автотранспортту айдоо маданиятын өзгөртө алабыз. Ал үчүн саясий эрк жана чечкиндүү аракет керек. Бул акыр-аягында адам өмүрүн сактайт жана экономикалык чыгымдарды үнөмдөйт.

Кэти Зилбермандын айтымында, айдоочулар ашыкча ылдам жүрбөсө, жол кырсыгы азаймак, ошон үчүн жол коопсуздугун сактоодо машинени ашыкпай айдоо чоң мааниге ээ:

- Ылдамдыкты чектөө биринчи маанилүү нерсе. Анткени, машиненин ылдамдыгын ар бир чакырымга азайтуу жолдогу кырсыкты жана аварияга кабылып өлгөн адамдардын санын олуттуу кыскартат. Мотоциклисттер үчүн оор жарааттан сактанууда каска маанилүү. Анан кур тагынуу. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ылдамдыкты беш милге же сегиз чакырымга азайтуу жол кырсыгында өлгөндөрдүн санын 50 процентке кемитет. Бул шашпай айдагандарга да тиешелүү көрсөткүч. Кур тагынбаган адамдар кан жолдордогу аварияда тирүү калбайт.

Кэти айым калкты жол эрежесин урматтаганга тарбиялоодо жана өкмөттүн жол коопсуздугун камсыздоого багытталган мыйзамдарды кабыл алып, аны аткарууну көзөмөлдөөдө жарандык уюмдар менен маалымат каражаттарынын ролу чоң экенин да кошумчалады.

Өкмөттүн милдети мыйзамды аткартуу

Эгерде өлкөдө жол коопсуздугун камсыздоого багытталган мыйзам болбосо, жолдо жүрүүгө тиешелүү мекемелер этибар беришпейт. Ошон үчүн доктор Этьен Круг жол кырсыгын азайтууда жакшы мыйзамдын болгону да маанилүү дейт:

- Жакшы мыйзам - автокырсыкты азайтуунун маанилүү бир жолу. Атап айтканда, алкоголь ичимдигин ичип алып машине айдаганды жана ашыкча ылдам жүргөндү тыйган, машинеде жүргөндө коопсуздук курун тагынууга жана мотоциклисттерди каска кийгенге милдеттендирген мыйзамдар кынтыксыз аткарылууга тийиш. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн 15де гана бул жаатта жакшы мыйзам бар. Эгер бизде жакшы мыйзам болуп, полиция аны бекем карманса, адамдар жолдо жүрүүнүн мыйзамдарын сактоонун зарылдыгын жакшы түшүнсө жана андай мыйзамдардан жакшы кабардар болушса, биз ар жыл сайын жүз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калабыз.

Германиянын батышындагы Эссен шаарынын ныптасынан өтчү A40 автобанындагы тыгын. 18-июль, 2010-жыл
Германиянын батышындагы Эссен шаарынын ныптасынан өтчү A40 автобанындагы тыгын. 18-июль, 2010-жыл
Жол эрежесин бир нокот бузбай аткаруу айдоочунун ыйык милдети болсо, коопсуздук чараларын бекем сакталышын камсыздоо, жолдорду сапаттуу куруу жана жолдордо тартипти сактаганга жарандарды тарбиялоо өкмөттүн милдети. ДСУнун Жол коопсуздугу департаментинин жетекчиси Этьен Круг тийиштүү мыйзам кабыл алынганы менен, ал аткарылбаса, мыйзамдан сары чакадай да пайда жок экенин айтат:

- Жолдо жүргөндө жол коопсуздугун сактоо жана жолдун коопсуз болушун камсыздоо баарыбыздын милдетибиз. Өкмөт инфраструктура адамдардын өмүрү үчүн коопсуз болуусу жана автомобилдердин техникалык сапаты үчүн жооптуу. Андан тышкары айдоочулардын алкоголдук ичимдиктерди ичип алып машине айдоосуна тыюу салган, жолдогу ылдамдыкты чектеген жана башка мыйзамдар бар. Мыйзам кабыл алынгандан кийин бийлик ошол заң-закондорду адамдар сыйлап, аткаруусун камсыздоого тийиш. Ар бир айдоочу да мыйзамды урматтап, жол коопсуздугун сактоодогу жеке жоопкерчилигин унутпаш керек.

Немистер бири-бирин кантип тарбиялайт?

Айдоочунун жол эрежелерин бузуусу Европанын эң чоң өлкөсү Германияда ченде жок шермендечилик десек аша кетпейбиз. "Бекем тартипке жетүүдө жалпы жарандардын салымы бар. Атап айтканда, жол тартибин бузган айдоочу тууралуу полицияга кабарлоону немистер эрөөн-терөөн көрүшпөйт",- дейт доктор Вильгельм Акст:

- Мен машине айдап баратып, каршы тилкеге кирип кеткенимди, же ала сызыкка чыгып алып, жүргүнчүнү өткөрбөй койгонумду кимдир бирөө көрүп калса, автомобилимдин номурун жазып алып, полицияга билдирет. Бул жөнүндө мен жакшы билем. Полициядан корком жана башыма тегин жерден балээ үйгөндү каалабайм. Эгер чектелгенден ылдам жүргөн же эрежени бузган айдоочуну көрсө, полицияга кабарлоону эч ким чагым же ушактоо деп эсептебейт. Машинени нормадан ылдам айдасам, аз эмес өлчөмдө айып пул төлөйм. Майда-барат тартип бузсаң, айып упайың топтолуп отуруп, тийиштүү санга жеткенден кийин полиция айдоочулук лицензияңды алып коёт. Светофор кызыл күйүп турганда токтобой өтүп кетүү чоң күнөө. Ал үчүн бир жылга машине айдоо укугуңдан ажырап калышың ажап эмес. Германияда машинесиз жашоо кыйын. Биз себеби эч нерсени өзүбүзгө көтөрбөйбүз: дүкөнгө да, жумушка да машине минип барып көнгөнбүз. Ошондуктан, машинесиз калуу жаман иш. Жол эрежесин сактаганга үйрөнгөндөн кийин кайда жүрбө, аны сактоо адатка айланат.

Жол кырсыктары төмөнкү деңгээлдеги Швеция, Нидерландия, Британия, Австралия сыяктуу өлкөлөрдө жакшы мыйзамдарга, арак ичпей машине айдаганга, ылдамдыкты чектөөгө, автомобилде кур курчанганга, авариянын кесепеттерин элге маалымдоого, жолдордун жана машинелердин сапатына өзгөчө көңүл бурулган. Аларда мыйзамдар да жакшы аткарылат.

Андай тартипке жетүүдө, арийне, айып кылган айдоочулардын лицензиясын убактылуу алып койуу жана жол эрежелери боюнча татаал сынактан өткөрүү да үлкөн роль ойнойт. Буга доктор Вильгельм Аксттын мына бу сөзү ишенимдүү мисал болот:

"Абайлаңыз, жолдо балдар!" деген көчө белгиси. Москва
"Абайлаңыз, жолдо балдар!" деген көчө белгиси. Москва
- Мен өзүм арак ичип полицияга түшпөдүм. Андай болушу мүмкүн да эмес. Бизде бир пациентибиз бар. Ал менин жакшы таанышым. Ошол адам ичип алып машине айдап баратса, полиция байкап калат. Ал качайын деп, жолду буйтап айдап жөнөйт. Бирок полиция артынан кууп жетип, анын лицензиясын бир жылга алып койду. Ал ошондон кийин “Идиот тестинг” деп аталган сынактан өттү. Акмактардын тестинен эки-үч жолу өтүү үчүн чоң акча төлөдү. Ал жумушчу бир жыл машинесиз жүрдү. Анан кийин гана полиция лицензияны кайтарып берди. Бул окуядан соң ал өлөр-өлгөнчө ичип алып, машине айдабайт. Германияда эрежелер аябай катаал жана бекем сакталат.

Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын жалпы санына салыштырганда жол кырсыктары АСЕАН өлкөлөрүндө жылына 12 процентке кыскарса, Австралия, АКШ, Австрия, Дания, Испания жана башка Батыш мамлекеттеринде 40-50 процентке чейин азайууда. Бирок, доктор Этьен Круг кээ бир өлкөлөрдө бийлик жол коопсуздугун чыңдоо үчүн чечкиндүү чара көрбөй түйшөлүп турганы кейиштүү деди:

- Экономикасы өнүгүп бараткан көпчүлүк өлкөлөрдө экономикалык өсүш автожол кырсыгында курман жана жарадар болгондордун көбөйүүсү менен коштолгонуна биз күбө болуудабыз. Себеби, жол каттамдары өстү, автомобил да, айдоочулар да көбөйдү. Адамдар мурдагыдан көп акча таап, өздөрүн күчтүү сезе баштады жана алар мыйзамдарды сыйлабай да коюшу мүмкүн. Кээ бир улуттук өкмөттөр жол кырсыгы олчойгон кошумча чыгым, көп адамдын өмүрүн бейчеки жерден жоготуу токтотулушу керек экендигин түшүнүштү. Алар күч органдарын күчөтүштү, мыйзамды жакшыртышты, тийиштүү чараларды кабыл алышты. Өкүнүчтүүсү, айрым бир өлкөлөр, тескерисинче, саясий эркин көрсөтүп, конкреттүү кадам жасашпай, өтө узак күтүшүүдө. Биз билебиз: зарыл чаралар азыр кабыл алынышы керек.

Жол кырсыктарынын кесепеттерин азайтуу, жол коопсуздугун бийик деңгээлге чыгаруу, автотранспорттогу аварияларды кыскартуу үчүн кээ бир мамлекеттер узак мөөнөттүк жана орто мөөнөттүк стратегияны иштеп чыгып, турмушка ашырууда. Көпчүлүк мамлекеттер бул иште адам өмүрүнө зобун келтирген автоавторияларды азайтууну негизги максат кылып алышкан.
XS
SM
MD
LG