Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Өкмөт: бир аптада үч жетекчи кызматтан кетти


Кызматынан кеткен каржы министри Ольга Лаврова
Кызматынан кеткен каржы министри Ольга Лаврова

Бир аптада өкмөттүн карамагындагы үч жетекчи кызматынан чегинди. Айрыкча каржы министринин өз каалоосу менен кызматынан кетиши коомчулукта мамлекеттик жетекчинин жоопкерчилиги тууралуу талкууга жем таштады.

Ал ортодо айрым парламент депутаттары өкмөттүн курамын түзүүдө премьер-министрге толук укук берүү зарылдыгын айтышууда. ​

Лаврованын күтүүсүз арызы

Ольга Лаврованын каржы министри кызматынан баш тартуусу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрыкча Лаврованын Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарылып бүтө электе, айрым социалдык төлөмдөрдөгү каржы кенемтелер курчуп турган кезде кызматтан чегиниши мамлекеттик жетекчилердин эл алдындагы жоопкерчилиги тууралуу талкууга жем таштады.

Анын алдында Кумтөр маселесиндеги пикир келишпестиктен улам Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев менен “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов кызматтан кеткен.

“Коомдук анализ институтунун” жетекчиси Рита Карасартова Кыргызстанда министрлерди жана башка өкмөттүк жетекчилерди тандоодо кадр саясаты таптакыр аксап, саясий партиялардын, айрым бийлик жетекчилердин кызыкчылыгы биринчи орунга чыгып калууда дейт. Анын айтымында, жетекчилердин коом алдындагы жоопкерчилигин карап чыгуу зарыл.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Мамлекеттик жетекчи келип жана кетип жатканда өзүнөн кийинки адамга ишин өткөрүп берүү деген нерсе таптакыр жоголду. Илгери атайын актыга катталып, мамлекеттик өнүгүү программасы сыяктуу документтер кийинки кишиге өткөрүлүп берилет эле. Азыр болсо келген министр өзүнүн жаңы программасын ишке ашырууга аракет кылат. Кийинкиси кайра эле башка жаңы программаны баштайт. Эч бири аягына чыкканы жок. Кетип баратканы “ишке ашыралбай калдым, убакыт жетпей калды” деп эле кетип калып жатат. Ошон үчүн келген жетекчиге милдеттемелерди туура, так көрсөтпөсөк бир күнү “жакшы калгыла” деп коюп эле кете береби?

Мурдагы каржы министри өзүнүн кызматтан кетүүсүн ашкере саясатташтыруунун кереги жоктугун айтып, бул кызматка чакыруу аркылуу келгенин, анын алдына коюлган Кыргызстандын бюджет таңкыстыгын кыскартуу жана каржылык жагдайды турукташтыруу тапшырмалары учурда аткарылганынын белгиледи.

"Министрди бухгалтерге жеткиришти"

Деген менен коомдук ишмер Эдил Байсалов акыркы үч жылда бул министрликтин деңгээли кыйла төмөндөгөнүн белгилейт. Ал соңку жылдары өкмөт курамын түзүү толугу менен өзүнүн маанилүүлүгүн жоготту деген пикирде.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

- Ачык эле соодалашып жетекчи болгондор бар. Бул өлкө үчүн уят иш. Кадрлар менен иш алып баруу, кадр тарбиялоо деген нерселер түк эле жоголду. Эгер Лаврова тууралуу айтсам, бул кызмат эң маанилүү министрлик болушу керек. Жада калса премьер-министрден кийинки эле маанилүү кызмат. Ал жерге Кыргызстанды жакшы билген, улуттук өнүгүү келечегин белгилей турган адам керек. А бизде учурда бул министрликти жөн эле кассирдик-бухгалтердик деңгээлге түшүрүп коюшту.

Ольга Лаврованын ордуна анын орун басары Алмазбек Азимов дайындалат деген кептер айтылууда.

Ал ортодо айрым парламентчилер өкмөттүн курамын түзүүдө премьер-министрге толук укук берүү керектигин айтышууда. Алардын бири - Ар-намыс фракциясынан депутат Эсенгул Исаков өкмөт бирдиктүү командадан турушу керектигин тажрыйба көрсөттү дейт.

- Азыркыдай болбойт экен. Көрүп атпайбызбы. Эгерде мамлекетти оңдойбуз десек, анда премьердин өзүнө толугу менен укук беришибиз керек. Ал биз сунуштаган талапкерлерди кабыл алабы, албайбы өзү чечиши керек. Эгер кабыл албаса анда негиздеп бериши керек. Азыр болсо өкмөт башчы бир тарап, калганы башка тарап болуп калууда. Бир нерсе десе эле “менин өзүмдүн адамым бар, фракциям бар” деген сөздөр болот экен. Мунун баары туура эмес түзүлүш экен.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова мындан ары орусиялык “Газпром” ишканасына жумушка бараарын да четке какпады.

Ал 2007-2012-жылдар аралыгында «Газпромнефть-Азия» ишканасында башкармалык жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле каржы министринин орун басары, социалдык фонддун төрайымы кызматтарын аркалаган.

Ал эми каржы министри болуп 2012-жылдын сентябрында дайындалган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG