Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:28

Кыргызстан

Ирандын айбаты жана Кыргызстандагы базалар...

Ирандык маалымат каражаттарына таянган айрым маалымат агенттиктери Кыргызстандын территориясында террорчулардын даядалышына Иран бийлиги чыдабасын билдиргенин жаза башташты. Мындай маалыматты Ирандын “ПрессТВ” телеканалы таратканы айтылат. Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги ал маалыматты жокко чыгарууда.

Иран армиясы президент Ахмединежаддын алдында баллистикалык Шахаб-3 ракетасын көрсөтүүдө. 22-сентябрь, 2005-жыл.
Текст көлөмү - +
Кыргызстанда чет элдик аскерий базалардын болгону артыкпы же болбогонубу?

Батыш менен АКШнын кысымдарына карабай Иран жетекчилиги жакынкы жылдары өзөктүк долбоорун ишке ашырарын ачык эле айтып келет. Ырасмий Тегеран алардын өзөктүк долбоору энергия өндүрүүгө гана багытталганын айтканы менен Израиль, АКШ, Британия баштаган өлкөлөр ага ынанбай келишет. Ирандын жетекчилиги да маал-маалы менен батыш менен АКШга айбат көрсөтүп, ал тургай Израилди жер менен жексен кылуу керектигин айткан учурлары бар.
Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнүн коопсуздугун ойлой турган болсо жарыялашы керек эле, Канттагы орустардын базасы менен АКШнын базасын үч жыл ичинде чыгарып кеткиле дегендей кылып.
Т.Тургуналиев


Бириккен улуттар уюмунун колу менен аталган ири державалар Ирандын өзөктүк долбооруна каршы экономикалык санкцияларды да киргизип келишет. Ошентсе да Иран жетекчилиги өзөктүк долбоорунан баш тартпай тургандай түр көрсөтүүдө. Дал ушул себептен улам бул “тентек” өлкөгө каршы күч колдонулушу мүмкүн экенин адистер байма-бай айтып келишет. Бирок согуштан башы чыкпаган Ооганстанга караганда Иранга каршы күч колдонуу алда канча татаал иш экени турган иш. Ошол себептүү бул вариант – айла кеткенде гана колдонулуусу мүмкүн.
Ирандын атайын кызматы Абдулмалик Ригини кармап жаткан учур

Дубайдан Бишкекке келаткан кыргызстандык жүргүнчүлөр ташуучу учакты Иран аба күчтөрү зордоп кондурганы, учактан террорчу делген Абдулмалик Ригинин кармалышы, ирандык маалымат каражаттарынын Кыргызстандын территориясында террорчулардын даярдалышы тууралуу маалыматтары деле ошол оюндардын бир көрүнүшү экендиги айтылууда.

Айрым талдоочулардын ырастоосунда, кыргызстандык учактан террорчу чыккандагы окуя, анын АКШ базасы менен байланыштырылып жатканы кыргыз бийлигин ойлонтушу керек. Анткени Бишкектен анча алыс эмес жерде эки чет элдик базанын турушу бир күнү коркунуч жаратышы да мүмкүн.

Иран – Кыргызстан мамилелери салкындабайбы?

Өлкөдө чет элдик аскерий базалардын турганы айрым өлкөлөргө жакпасы ырас. Маселен, андайлардын бири АКШ баштаган батыш өлкөлөрү менен кер-мур айтышып келаткан Иран болушу ыктымал.

Эгерде ырасмий Тегеран кыргызстандык учакта кармалган Абдулмалик Ригини өлкөдөгү АКШ базасына байланыштырып, Бишкекке доомат арта турган болсо эки өлкө ортосуна жарака кетиши да ыктымал. Буга чейин бир катар талдоочулар АКШ менен Ирандын мамилеси абдан курчуп кетсе Тегеран “Манас” аба майданындагы АКШнын базасына сокку урушу мүмкүн экенин айтышкан.

Белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиев, кыргызстандык учак Иранда кондурулганга чейин эле “Азаттыкка” курган маегинде өлкөдөгү чет элдик базалар тууралуу кеп кылып, Иран учурда катуу куралданып атканын, андыктан өлкөдөгү эки база тең чыгарылса жакшы болмоктугун айткан эле:
Т.Тургуналиев

- Токсонунчу жылдардын башында эле мен Аскар Акаевдин өзүнө айткам, жазгам. “Кыргызстан чакан өлкө. Улуу өлкөлөрдүн, батыш менен чыгыштын, ислам дүйнөсү менен башка күчтөрдүн ортосундагы тогуз жолдун тоомундагы мамлекет. Ошондуктан Кыргызстанды бир дагы саясий-аскердик бирикмеге кирбеген калыс мамлекетке айландырыш керек”,- деп айткам.

Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнүн коопсуздугун ойлой турган болсо жарыялашы керек эле, Канттагы орустардын базасы менен АКШнын базасын үч жыл ичинде чыгарып кеткиле дегендей кылып.

Мына Иранды алалы. Булар азыр күндөн-күнгө күчөп баратат. Жакында эле 3000 чакырымга жете турган баллистикалык ракетасын сынады. Космоско өзүнүн ракетасын учурду. Атомдук бомба түзүүгө жарым кадам эле калды...
Иранга кондурулушу боюнча биздин элчи же элчиликтин кызматкерлери Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эмес. Бул маселе эки өлкө ортосунда расмий түрдө каралган жок.
Мая Сабирдина


Иран маалымат каражаттары кармалган террорчу боюнча Кыргызстандын Тегерандагы элчиси Медет Шеримкулов Тышкы иштер министрлигине чакырылганын, ага нааразычылыктар билдирилгенин айтышканы менен ырасмий Бишкек андай маалыматты жокко чыгарууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мая Сабирдина бул боюнча мындай дейт:

- Ирандык “ПрессТВнын” маалыматы боюнча мен кечээ эле биздин министрликтин атынан билдиргем. Ал жактагы маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учактын Иранга кондурулушу боюнча биздин элчи же элчиликтин кызматкерлери Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эмес. Бул маселе эки өлкө ортосунда расмий түрдө каралган жок.

Тарых илимдеринин кандидаты, Иран боюнча адис Самат Бекибаевдин пикиринде, террорчу делген Абдулмалик Ригинин окуясынан эки өлкөнүн мамилесин бузулуп кетпейт. Иран тараптан деле коркунуч келиши күмөн. Кыргызстандагы чет элдик базалардын деле азырынча зыяны байкалбайт. Ал эми Иранда кондурулган кыргызстандык учак тууралуу ал мындай дейт:

- Маселени азырынча тагыраак айтуу кыйын. Чынында кандай болду? Чындап эле Кыргызстанга келаткан террорчулар беле? Кармалгандар АКШнын атайын кызматы менен жолукканбы? Бул Ирандын саясий оюнубу же батыштын саясий оюнубу? Ушул сыяктуу суроолор көп. Андыктан тагыраак жооп бергенге болбой атат. Эгер биздин мамлекет тараптан тагыраак билдирүү болсо таянсак болот эле.

Эскерте кетсек, 23-февралда Дубайдан келаткан учак Ирандын аймагына келгенде эки аскердик учак күчтөп кондуруп, ичинен эки жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Алардын бирин Иран бийлиги “Жундалла” (Алланын аскерлери) аттуу террордук уюмдун лидерлеринин бири Абдулмалик Риги экендигин билдиришкен. Иран маалымат каражаттарында аны кыргызстандык коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү коштоп жүрүшкөнүн, кармалган адам “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна баратканын кабарлашкан. Бирок АКШ менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрү андай маалыматтарды төгүндөштү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Дастан каяктан: Бишкек
06.03.2010 00:18
Ирандан кудай сактасын. Бир жолу Иранга барып калдым эле, экинчи барбас болдум. Аялдарыбызга дароо кара жоолук салдырышты, аэропорттон эле. Күйөөсү өлүп калгансып аялдарыбыз бизди ээрчип жүрдү. Азыркыга чейин Иранда дарга асуу бар экен. Арак-шарап сатылбагандыктан көпчүлүк нашаа тартышат экен. Кыздары башка кишиге турмушка чыгам десе ата-энеси өлтүрүп койгон учурлар байма-бай кездешет экен. Кудай сакта Ирандан деп, баарыбыз тезинен кайра кайттык.

кимден: kyrgyz jigit каяктан: kyrgyzstan
05.03.2010 12:59
Turgunaliev tuura aytat ,emi rossia mn dele mamilebiz olbodubu.rossiany da amerikany da aydash kerek.Bizdin askerdik jaktan karaganda bular ekoo ten bizge dushmandar bolot.Bir chechim kabyl alganda birinchi ozubuzdun mamlekettik kyzykchylykty birinchi orunga koisok anan dagy bir iu-bulolun kyzyklchylygy uchun butundoi baardyk kyrgyz elin karyzga je dagy bir kyiynchylykka alyp kelbei.Kobuncho biyliktegiler kichine oilonup arkanardy karap kabyl algylachy suranych.

кимден: Ногой каяктан: Уйдон
04.03.2010 19:58
Илгертен бери бизге Кытай, Иран душман болуп келген.Тарыхта ата бабаларыбыз бекеринен согушкан эмес.Иран кучтонсо кыргызга жакшылык алып келбейт.Тегерек кошуналарыбыз атам бомбасын менен шайтандашып (ойундан орт чыгарса) жакшылык болбойт.
Базанын турушу биздин тышкы саясат учун керек
1)Оогандагы баш кесерлерден талибтерди жок кылса, биздин жаашобуздун тынчтыгы бекемдейт. Баткендеги согушту айтпаса деле тушунуктуу.
2) Иранды шайтан жолунан токтотуп, белин сындырышса дагы бир кырсыктан алыс болобуз.
3)Жаманбы жакшыбы Базадан акча тушуп турат. Биз базаны колдош керекпиз. Кантагы базадан акча толотуруш керек же болбосо алардан не пайда?
Кетирсе окендерди кетириш керек.
Бул болгону биздин тышкы саясатыбызга керек, ал эми ички саясатыбыз УЙБУЛОЛУК БИЙЛИКТИ укум тукумуна чейин жок кылуу, болгону кайта кайталанбас кылып бирдемени озгортуш керек!

кимден: BRAT-2
04.03.2010 17:33
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАЗАНЫН МАКСАТЫ ӨЗДӨРҮ АЙТКАНДАЙ ЭМЕС!!!!

кимден: Рус каяктан: Чуй
04.03.2010 16:09
Кудай сактасын АКШ Иранга согуш жарыяласа биздеги базалар Иран үчүн мишен болот Кыргызстанга дагы Иран пусковой Ракеталарын аттырышы мүмкүн ошону биздин бийлик ойлоду бекен

кимден: кайранэл каяктан: маскоо
04.03.2010 12:55
Ассаламу алейкум.Иран мусулман мамлекет алар биздин бир тууганыбыз.Иран мындай кылат андай кылат деген батыштын АКШнын саясатына биз алданбайлы.Иран эч качан андай жолго барбайт.Биз Иранды алардан жакшы билебиз.Бүгүн Иран,Түркия сыяктуу мусулман мамлекеттер батыштын АКШнын көзөмөлүнөн чыгып чыныгы өз алдынча мамлекеттик башкарууга өтүп жатканына күйүгүп озуна киргенди айтып колунан келген жамандыктарын жасап жаткан кези.Биз алара кошулуп алып өзүбүздүн мусулман туугандарыбызды жамандабай аларга колдон келсе колдоо көрсөтүп келбесе дуа кылып отуралы.

кимден: Аске
04.03.2010 12:37
Иран менен салкындагандан Кыргызстан эч нерсе уткурбайт. Ансыз деле мамиле жок. Ирандагы түрк тилдүүлөр менен фарсилер тынбай эле кырылышып келатат. Алардын бизге кереги жок.
Ал эми базаларды болсо, Тургуналиев туура айтат - айдаш керек. Афганистан булардын оюнчугу болуп калды, өз элин алаксытыш үчүн. Душманга согушуп атабыз, ана мына деп саясий упай чогултуш. Антпесе Америка кайда Афганистан кайда.

кимден: Бокмурун
04.03.2010 09:36
США өзү ядролук курал жасаса болот, Ал эми Иран жасаса болбойт дегени аябай күлкүлүү да!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)