Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Путин биригүүгө чакырды


Владимир Путин Мамдумадагы кайрылуусу учурунда, 11-апрель, 2012.
Владимир Путин Мамдумадагы кайрылуусу учурунда, 11-апрель, 2012.

Орусияда премьер-министр Владимир Путин бүгүн парламентке өкмөттүн башчысы катары акыркы жолу отчет берди. Анткени соңку президенттик шайлоодо уткан Путин келерки айдан тарта мамлекет башчысы катары ишин баштаганы турат.

Орус өкмөтүн соңку төрт жыл бою башкарып келген Владимир Путин бул күнү парламенттеги төрт партиянын өкүлдөрүнө кайрылып, аларды чогуу иштөөгө үндөдү.

“Бизде Орусия бирөө эле, анын заманбап алдыңкы өнүгүшү жаратмандык үчүн иштөөнү каалаган бардык саясий күчтөрдү бириктирген милдет болуп калышы керек”, - деди ал.

Орусияда 2000-жылдан 2008-жылга чейин президент болуп турган Владимир Путин жакында кайрадан 64% добуш менен келерки алты жылдык президенттик мөөнөттү утуп алды. Анын инаугурациясы 7-майга белгиленген. Ал кызматтан кетип жаткан президент Дмитрий Медведевди өзүнүн өкмөт башчысы кылып дайындаганы жатат.

Экономикадагы ишенимдүүлүк

Депутаттарга кайрылуусунда Путин өкмөттөгү төрт жылдык ишиндеги жетишкендиктерине токтолуп, Орусия оор саясий өнөктүктү баштан кечиргенин, өлкөнүн ички дүң өнүмү кризиске чейинки деңгээлине чыкканын жана калктын саны өсө баштаганын айтты.

“Жумурият парламенттик жана президенттик шайлоолордун оор мезгилин баштан кечирди жана азырга чейин саясий талаш-тартыштардын жаңырыгын угуп жатабыз, - деди өкмөт башчы. - Бирок жетилген демократиянын логикасы дайыма шайлоо менен аяктайт жана андан ары жаңы, бир топ олуттуу, биргеликте иштөөнүн мезгили башталат”.

Былтыр декабрда өткөн парламенттик шайлоодогу көз боёмочулуктар менен президенттик шайлоодогу өнөктүктө Путиндин үстөмдүгү өлкө боюнча буга чейин болуп көрбөгөн массалык нааразылыкты жараткан.

Мамдуманын жанында өткөн митингдин активисттерин полиция кармап кетти, 11-апрель, 2012
Мамдуманын жанында өткөн митингдин активисттерин полиция кармап кетти, 11-апрель, 2012
Путин болсо эми парламентте сүйлөп жатып, бул учурду Орусия артка калтырып, мындан ары экономиканы көтөрүүнү башкы максат кылыш керек деди.

Анын айтымында, 2008-2009-жылдардагы экономикалык кризис Орусиянын эгемендүүлүгүнө, геосаясаттагы биримдигине олуттуу коркунуч жараткан, бирок былтыр ички дүң өнүмдүн көлөмү 41 триллион рублга чыгышы өлкө глобалдык рецессиядан толук куткарылганын айгиниледи.

Иши кылып, премьер-министр бул ирет экономика жөнүндө көп айтты. Ал өлкөнүн экономикадагы катаал кырдаалдан ийгиликтүү чыгышы, Европадагы айрым мамлекеттерге салыштырганда алда канча эрте болгонун белгиледи.

Былтыр өкмөт жетишкен маанилүү ийгиликтердин катарына анын башчысы демографиядагы кризисти токтотууну кошуп, калктын саны 143 миллиондон ашканын айтты. “Экинчи же үчүнчү ирет бала көргөн энелердин саны 45% өстү, 2008-2011-жылдар аралыгында 7 миллион наристе төрөлдү”, - деди ал.

Анткен менен, Путиндин айтымында, өлкөдө байлар менен кедейрлер ортосундагы ажырым дале чоң бойдон калууда.

НАТОго "прагматикалык колдоо"

Суроо-жооп учурунда Либерал-демократиялык партиясынын атынан депутаттардын бири жакында “Орусия НАТОго Ульяновск облусундагы аскерий базаны бергени жатыптыр” деген кабар таркаганын, бул канчалык чын экенин сурады. Путин ага жооп берип жатып, муну четке каккан жок.

“Билесизби, биз өзүбүзгө кандай ылайыктуу жана кирешелүү экенин, биздин улуттук кызыкчылыгыбызга туура келер-келбесин ойлонуп, прагматикалык мамиле кылышыбыз керек. Ооганстанда стабилдүүлүктү колдоо биздин улуттук кызыкчылыгыбызга туура келет. Биз аларга бул боюнча “силерге жардам беребиз” деп ачык эле айтып келатабыз, - деди премьер-министр. - Ошондуктан ал жактан жүктөрдү, аскерлерди алып чыгып кеткенге транзиттик иште колдоо көрсөтөбүз. Ульяновскиде эч кандай НАТОнун базасы ачылбайт. Ал жер болгону Ооганстандан аскерий жүктөрдү аба аркылуу ташып чыгып кетип жатканда транзиттик аймак катары колдонулат. Демек, Орусиянын кызыкчылыгына каршы келе турган эч кандай иш ал жерде жүрүп жаткан жери жок”.

Парламенттеги кайрылуу башталаарда бардык депутаттар премьерди тик турук тосуп алышканда “Акыйкат Орусия” партиянын депутаттары ордуларынан турбай коюшту. Астраханда мэрди шайлоодогу жаңжал тууралуу узаткан өздөрүнүн суроосуна Путиндин жообуна ичи чыкпай, алар залдан чыгып кетишти.

Премьердин кайрылуусунун алдынан полиция Мамлекеттик думанын жанына уруксат берилбеген митингге чогулган айрым оппозиция активисттерин кармап кетти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG