Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:27

Кыргызстан

Дүйнөдөгү теле жана гезиттерде түштүк жөнүндө эмне кеп?

Кыргызстандагы окуялар бүгүн да дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы кабарлардан болду. Орусиядагы “Время новостей” түштүктөгү окуялардын артында “Бакиевдер жалдаган тажик снайперлери турат” десе, “Wall Street Journal” Кыргызстанда абалдын курчушуна АКШны да айыптады.

Текст көлөмү - +
Дүйнөдөгү маалымат каражаттарында бүгүн Кыргызстан аза күтүп жатканын, түштүктө атышуулар азайганы менен, абал дале оор бойдон калып жатканы айтылууда.

Орусиядагы “Вести РТР” телеканалы кыргыз бийликтерине шилтеме жасап, түштүктө абал нормалдаша баштаганы менен, коркунуч азыр борбор калаа Бишкекте күчөгөнүн айтты.

Ал эми Биринчи канал (ОРТ) бүгүн Орусия Кыргызстанга гумжардам жиберип жатканын кабарлады. “Президент Дмитрий Медведевдин буйругуна ылайык, бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга 130 тонна гуманитардык жардам жиберет. Жылуу төшөк-жууркандар менен азык-түлүк жүктөлгөн 3 учактын экөө Кыргызстанга жөнөп кетти”, - делет кабарда.

Азыр тынчсыздануу билдиргенден пайда жок. Убактылуу өкмөткө жардам керек!
Англис тилдүү Си-Эн-Эн жана Би-Би-Си телеканалдары бүгүн да качкындардын абалына кайрылышты. Би-Би-Си азыр жаатташкан тараптар ортосунда тил табышуу, элдешүү аракеттеринен дурус майнап болбой жатканын айтты.

“Бүгүн ошол элдешүү аракеттеринин бирине биз да чакырылган элек. Биз айрым өзбектер кыргыз улутундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатышканын көрдүк. Азыр түштүктөгү мунай сакталган жайлардын бири өзбектердин колунда. Бийликтер ошол жерге кирүүнү каалап, сүйлөшкөнгө аракет кылып жатышат”, - деп билдирди Би-Би-Си каналы.

Си-Эн-Эн каналы болсо ушул күндөрү түштүктөн кеткенге аракет кылгандардын саны кечкин өскөнүн билдирди.

Чехиялык журналист Ян Петранек жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстанга өздөрүнүн кабарчыларын жибере электигин билдирди.

“Биз маалыматты Орусиядагы, Азиядагы жана Батыштагы агенттиктерден алып берип жатабыз. Европадагы агенттиктер аябай чабал иштеп жатышат. Анткени Кыргызстан өтө эле алыс жана ар ким эле ал жактагы кырдаалды ийне-жибине чейин биле бербейт”, - деди ал “Азаттыкка”.

Гезиттердеги бүгүнкү макалаларга кайрылсак, Орусиядагы “Коммерсант” гезити “Ошто тополоңдон кийин абал жөнгө салына баштаганын”, “Независимая газета” расмий Бишкек сырттан күчкө дале муктаж болуп жатканын, “Время новостей” түштүктөгү окуялар үчүнчү күчтөр, тагыраак айтканда, жалданган тажик согушкерлери тарабынан аткарылганын жазды.

Макаланын автору Аркадий Дубнов буга чейин тажик снайперлери жөнүндө айтылган кабарды өзү да тастыктаган далил тапканын жазат.

“Москвада жашаган бир тажик бизге бул маалыматты ырастады”, - дейт ал. “Тажик улутундагы ал киши быйыл апрелдин экинчи жарымынан тарта мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адамдары аларды көп акчага жалдаганга аракет кылганын билдирген. Болгондо да алар Тажикстандагы 90-жылдардагы граждандык согушта катышкандарды жалдай башташканы” деп айтылды. “Время новостейге” буларды айткан тажик өзү ал сунушка макул болбогонун, жалданган киллерлердин арасында башка улуттун өкүлдөрү да болушу мүмкүн экенин айтыптыр.

Тополоңду жасаганга граждандык согушту баштан кечирген тажик согушкерлерин тартышкан
Англис тилдүү басылмалардын ичинен бүгүн “Wall Street Journal”, “International Herald Tribune”, “Newsweek”, “Guardian” жана ондогон башка гезит-журналдарда түрдүү ойлор айтылды.

“Wall Street Journal”, маселен, Кыргызстанда кырдаалдын курчуп кеткенине эларалык коомчулукту да сындады. “Евробиримдик менен Бириккен улуттар уюму тынчсыздануу менен жасаган билдирүүлөрү мындай учурда пайдасыз” экенин жазып, “андан көрө аскерий техникадан, көздөн жаш чыгарчу газдан жардам кылып, убактылуу өкмөттү колдошкондо дурусураак болмок”, - деп жазды.

Басылма азыркыдай оор шартта АКШнын президенти Барак Обаманын администрациясы Кыргызстанды “Орусиянын таасири астындагы аймак” деп тим болбой, урушту токтотууда активдүү катышышы керек эле” деп билет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: medich каяктан: SAKHA(RU)
18.06.2010 20:52
Бизге жеткен маалымат боюнча өзбек туугандар бул тополоңго даярдыгы болгон.ТВнын баары эле бизди жамандаганын койбос болду.Кылгылыкты кылып,кыл менен бууп,эми болсо баары байкуш болуп көрунуп атат.Эмне өлгондүн баары өзбектер бекен?Алар куралды кайдан алышты,ким берди?Алар атпаса кыргыз өзун өлтүрмөк беле?Айта берсе суроо көп.Ким жооп бере алат мындай суроолорго?

кимден: Сабыр каяктан: КГ
18.06.2010 16:06
Урматтуу Жумабек сенден сураныч эгер мумкунчулугун болсо ошол турк туугандардан интервью алып керек болсо камерага тартып алып бир эле кыргыздарды куноолоп аткандарын токтоуш керек. антпесек кыргыз элин бардыгын олтургуч жана геноцит жургузгон адамдар катары кабыл ала башташты. youtube жана башка жерлерге ошол интервьюларды кой азаттыка да бер анткенге мумкунчулугун жок болсо bektalant@mail.ru га жонотуп жибер керектуу жерлерге мен берейин . элдин тагдыры колубузда антпесек мамлекетибизге коз арткан караниет адамдар коп экенин унутпайлы ал эми эки боордош эл болсо акырындап мунасага келип жарашып алышат деп умут кылам.

кимден: Жаштар
17.06.2010 05:34
Орусардын СМИлери кыргыз элин абдан жаман корсотуп атат! Башкалардан кутсода Орустардан куткон жок элек!Башка эл аралык смилер болгонун болгондой корсотуп атса Орус смилери кыргызды экстремисты под названием КЫРГЫЗДАР деп ачык каралап атпабы! Биз экстремис болдукпу?,дагы унчукпай журо берсек куйат кирди башыбыздан баштап. Буну токтотуш керек,окмотон башта жарандарга чейин протест кылыш керек!

кимден: сабырдуу кыргыз каяктан: нарын
17.06.2010 05:02
Кыргыз элим!
Бизге илгертен бери эле эч бир эл жардам берген эмес. Ошого карабастан кыргыз дагы эле жашап келеатабыз. "Кыргыздын кудайы бар" деген чын. Бизге Кудай-Теңир өзү жардам берет! Теңирге ким теңеле алат!

кимден: Zhumabek каяктан: TR
16.06.2010 21:07
salam Turkiyada bul ishke kyrgyzdar kunoolu ekenin aytip jatat jana Kyrgyzstandan alip kelingen turktorda kyrgyzdardy ele olturup jatat dep bildiriwti .biz alar tuura maalimat beruu chun emen kiluubuz kerek

кимден: БАЛА каяктан: РАША
16.06.2010 20:29
АМЕРИКАНЫН АСКЕРЛЕРИ КИРЕТ ДЕГЕН МААЛЫМАТТЫ АЗЫРАКТА (MAIL.RU) ЖАНЫЛЫГЫНДАН ОКУДУМ. КАНЧАЛЫК ЧЫН БОЛУШУ МУМКУН??? ЭГЕР АМЕРИКА КИРЕ ТУРГАН БОЛСО АНДА 2 АФГАНИСТАН НАКТА ОШОНДО БОЛОТ. КОШ БОЛ КЫРГЫЗСТАНЫМ БОЛОТ.

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
16.06.2010 19:17
Россия,АКШ Кыргызстанга спецслужбаларын Бакиевдин бир-туугандарын, анын куйруктарын кармоого жардам берсе жакшы болот эле. ФСБ, ЦРУ Бакиевдерди кармабаса Кыргыз спецслужбасы кармабайт.Себебин кыргыз эли жакшы билет.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)