Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:27

Саясат

Конституцияны "Коконституцияга" айлантуу...

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча тездик менен келаткан жараян токтоп калды. 26-январда комитетте, 27-январда фракцияларда каралып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууга буйрулган Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор эмнеге келип такалды?

Текст көлөмү - +
Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча аракеттер бир туруп ылдамдап, бир туруп токтоп калууда. Маселен, өткөн жылы октябрь айында башталган президенттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөрдөн кийин Конституцияны ага ылайыктоо аракети ылдамдатылган жок.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Президент 20-октябрдан кийинки жардыктары менен Конституцияны бузду деп, Конституциялык
сотко арыз менен кайрылгандан кийин гана бийлик кыймылга келди.

14-декабрда Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Парламент маселени дароо карап, корутунду алуу үчүн долбоорду 17-декабрда Конституциялык сотко жөнөттү. Үч айдын ичинде кароого мүмкүнчүлүгү бар Конституциялык сот жаңы жылдык майрамдардан кийин көп узабай, 21-январда корутундусун чыгарып берди.

Конституциялык сот өзгөрүүлөрдү толук колдоп, болгону 52-беренеде каралган Президентик кеңешме Президенттин милдетин аткаруучуну аныктайт деген сөздү өзгөртүү ылайыктуу болорун айтты. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин комитети ал сөздү “Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштырууну сунуштады. Бул сунуш президенттин мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлү, юстиция министри Курмантай Абдиев тарабынан колдоого алынды.

Жогорку Кеңеш 28-январда долбоорду биринчи окууда кароосуна баары даяр болду.

Бирок маселе белгисиз себептер менен токтоп калды. Бул арада Социал-демократиялык фракция "Президентик кеңеш" деген сөздү "Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштыруу мүмкүн эместигин, анткени Мамлекеттик кеңеш аттуу орган Кыргызстанда 2006-жылы эле президенттин жардыгы менен түзүлгөнүн билдирип чыкты.
Бул жерде маселе жок. Мамлекеттик кеңештин жол-жобосу, ыйгарым укуктары такталыш керек. 
У. Ормонов

“Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов Президенттин мыйзам долбоорунун парламенттин күн тартибине кирбей калышын, Мамлекеттик кеңешти түзүү маселесин мындай түшүндүрдү:
 
- Болгону күн тартибине кире элек болчу. Күн тартиби биринчи күнү төраганын жыйынында каралат. Ал жерде маселе жок. Менин оюмча, биринчи окуудан кийин үч ай убакыт болот. Ошол учурда баары такталыш керек. Мамлекеттик кеңештин жобосу, ыйгарым-укуктары.
 
Улукбек Ормонов ошондой Мамлекеттик кеңеш жөнүндөгү жардыкты жокко чыгаруу жеңил экендигин кошумчалады.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев ушундай пикирин билдирди:
 
- Мыйзамга ылайык жол-жоболору бар. Ошону кармаш керек. Эч кандай маселе жок.

Ал эми “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Президенттик кеңешти" "Мамлекеттик кеңеш" деп атоо, мыйзамдын ыкчам каралбай калышына карата мындай пикирин айтты:
Атын өзгөрткөнү менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатбайбы. ..Ө. Текебаев

- Менин көз карашым боюнча, аты өзгөргөнү менен маңызы өзгөргөн жок. Анткени Мамлекеттик кеңеш Жогорку Кеңештин төрагасынан, Өкмөт башчысынан жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрүнөн турат деп, эски эле курам калды. Төрага менен Премьер-министр кызматы боюнча Президенттик кеңешменин мүчөсү. Атын өзгөрткөн менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатпайбы. Балким, бул бышпаган, чийки чечим экени ачык болуп калган. Конституциялык соттун сунушу менен атын өзгөрткөн менен заты, курамы өзгөргөн жок. Балким жаңы формаларын, чечүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышкандыр.

Кыргызстандын акыркы президенттери Жогорку Кеңештин төрагасы жана Өкмөт башчыдан атаандаш, тизгин талашуучуларды көрүп,
ошого жараша кадрдык, саясий чечимдерди кабыл алып келатат. Маселен, Аскар Акаев мына ушундай өңүттөн улам Николай Танаевди өкмөт башына алып келген. Игорь Чудинов да ушундай эле себептер менен өкмөт башчылыгына коюлган.

Бул эки кызматтын башындагы адамдар биринчиликти талашпашы үчүн атайын мыйзамдык тосмо коюуга, ошол эле учурда кокустук болуп кеткен учурда бийлик тизгинин өз жакындарынын колуна өткөрүп берүүгө азыркы бийлик катуу аракет көрүүдө.
 
Муну оппозиция Кокон хандыгынын учуруна кайтуу, Конституцияны "Коконституцияга" айлантуу аракети катары баалап жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: тачки турткон бала каяктан: ош базар
01.02.2010 20:53
Баш мыйзамыбызды каалагандай өзгөртүп бузган уяты жок азыркы бийлике жана анын кошоматчысы акжолчуларга НААЛАТ!!! Элим,жерим деп күйгөн азаматтарыбызды жок жерден жалаа жаап камап,куугунтуктаганыңар үчүн,кыргыз элинин аброюн түшүрүп жеринин бүтүдүгүн камсыз кыла албаганыңар үчүн,элин карызга белчесинен батырганыңар үчүн,мурдуңардын учунан алысыраак жакка саясат жүргүзө албаганыңар үчүн......кыскасы АК менен КАРАны ажыраталбаганыңар үчүн курсагыңарды чердейтип,галстук тагынып жүргөн үчүн МАНАС атабыздын арбагы урсун!!!!!!!!

кимден: немис каяктан: Германия
30.01.2010 17:58
Эгер кыргыздын тарыхын окуп көрсөк, кыргыз жергесинде кыргыздар көп кылымдарды башынан өткөрдү, ошол кылымдарда өнүгүү да болду, кыйроо да болду, кайра жаралуу да болду. Бирок ошол оор жолдо, кыргыздар сырттан келген душманга каршы күрөштө тез чогулуп, биригип, өз эли-жери үчүн бекем туруп, душмандын мизин кайтарчу. Ал эми ички, өз элинен чыккан душмандарга (өзүмчүл, паракорчул, өз элине нааданчыл) каршы күрөшкө бириге албай, далбастап, чаржаыйт болуп оор турмушту башынан кечиришчү экен. Менин пикиримде, азыркы учурда кыргыздар ушул ичибизден чыккан душмандарга каршы күрөшө албай аткан, жашоонун этабында күн кечирип атат окшойбуз. Кудайым буйурса, бул күндөр дагы өтөт. Кыргыздын келечектеги бактысына, жыргал турмушуна бир адилеттүү, акыйкат, патриот эл башчы тургандыр. Азыркы муун болбосо да, келечектеги муундарыбыз ошол жыргыл турмушта жашайт деп ишенгим келет.

кимден: Рус каяктан: Жалалабад
30.01.2010 16:47
Аты жөнү жазылбаган бир байкушка Бакиевдин дагы кереги жок. Сага окшогон атын жаза албаган байкуштардын айынан кыргызстан жок болот жакында

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.01.2010 15:39
Omurbek Chirkeshovich,kyrgyzga jardam berbei ele,kam korboi ele oz ishingiz menen alektenbeisizbi,kyrgyz eli sizge tatyktuu emes,alarga bakievdei prezident kerek,ezip ,jep korkutup turuu kerek kyrgyzdy,bul taryhta tastyktalgan fakt,akyry jardam bersengiz dele uzurun bashka biroolor korup siz jaman atka konup kalasyz...kete vering,,,kyrgyz sizdin barkyngyzga ech kachan jetpeit....bakievdin zamany jagyp turu oshogo unchukpai jashap jatyrlar.

кимден: Баки каяктан: Баткен
30.01.2010 10:26
Конституция өлкөнүн баш мыйзамы болгондугуна карабай, каалагандай кылып өзгөртүү бул маңкурттун иши. Чындыгында азыркы өзгөртүүлөр Азербайжанда Алиев бийликти баласына өткөрүп берүү жараянын биздикилер туурап жатат. Бул кыргыз эли үчүн жагымсыз, анткени биз азербайджан эмеспиз. Биз дайыма адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келген элбиз жана күрөшүүгө даярбыз. АКжол партиясынын депутаттары элдин атынан келгенбиз, бизди эл шайлаган деп олтурушуп, мыйзамдарды каалгандай кылып өзгөртүүсү келечек үчүн балта чапкандай, мээлери жок акжолчулар, "долой" вам, вы предатели кыргызского народа, такого мы не видели за время независимости нашего государства. Время пришло ответит за свои поступки.

кимден: Келечек каяктан: Бишкек
29.01.2010 22:00
Тоталитардык режим болуп баратат эмес, Кыргызстанга Бакиев тоталитардык режимди орнотту. Жакында дүйнөлүк уйумдар Кыргызстанды "жарым жартылай да эркин эмес" деген тизмеге кошту. Өмүрү башка өнүккөн элдердин Конституцияларын окуп көрбөгөн адамдар бийликте отурат. Ошо себептен тамтаңдап, түз жерден жыгылып, эптей албай жатышат. Текебаевке берсең, бир күндө Кыргызстанга эң мыкты Конституция даярдап бермек.

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
29.01.2010 19:29
Президентти бир гана эл шайлайт деп конститутцияда даана жана так жазылган го. Кантип ошол президенттик кенеш шайлап койсун. Мейли ал ооруп калсын же башка жуйолу себебтер менен иштебесин. Андан кийинки прьемер министр деген барго. Эми болсо кайдагы кенешти айтып жатат. Мен мисал учун озум билимим бар адам тушунбосом, кайдагы карангы карапайым эл эмнени тушунот билбедим. Менин оюмча опозиция айткандай тоталитардык режим болуп кетип жатат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)