Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кечиккен долбоор Конституциялык Сотко кетти


Президент К.Бакиев Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун дүйшөмбү күнү парламентке жиберген. 17-декабрда парламент аны Конституциялык Соттун кароосуна жөнөттү.

Президент тарабынан жолдонгон долбоордо бийлик системасындагы 20-октябрдан кийинки өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыктоо сунушталган. Ошондой эле анда Конституциянын 52-беренесин толук өзгөртүү каралган. Конституциянын 52-беренесиндеги азыркы нормага ылайык Президент милдетин аткара албай калган учурда, анын милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасына, ал аткара албай калса Премьер-министрге жүктөлөт.

Жаңы сунушталган долбоордо аны түп-тамырынан бери өзгөртүп, Президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу Президенттик кеңешменин мүчөлөрүнө берилүүдө.Кеңешме мүчөлөрү тандаган адамдын өзү мына ошол Кеңешменин мүчөсү болбошу да ыктымал.
Мына ушундай өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоору 17-декабрда парламент тарабынан Конституциялык Сотко жолдонду.

Конституциянын 98- беренесине ылайык Конституциялык сот эми үч айдан ашпаган убакта долбоорго өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш. Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов бул
жол-жобо тууралуу буларды билдирди:

- 98- берененин 2- бөлүгүндө өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн конституциялык эрежеси бар. Ошол эрежеге ылайыктуу биздин комитет, парламент расмий түрдө долбоорду карап, анан Конституциялык Сотко жөнөтүш керек. Ал жерде корутунду алгандан кийин расмий түрдө биринчи окууга даярдоо башталат.

Конституциянын ошол эле 98- беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык эки окуунун ортосунда кеминде үч ай өтүш керек. Жогорку Соттун мурдакы төрагасы Курманбек Осмонов мына ошол үч айлык аралык биринчи жана экинчи окуунун ортосунда үч ай өтүш керектигин тастыктады:

- Эки окууга алып чыктыбы, эки окуудан өттүбү, ошол экинчи окуудан өткөндөн кийин кабыл алынды деп эсептесе болот. Үчүнчү окууда андай убакыт өткөрүш сөзсүз эмес.

Ошентип, Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн тартибине ылайык, эми Конституциялык Сот үч айдан ашык эмес убакытта өз корутундусун берүүгө тийиш. Андан кийин парламентте биринчи окууда кабыл алынгандан кийин үч айдан кем эмес убакыттан кийин экинчи, үчүнчү окууларда кабыл алынат. Ошону менен Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү апрель айларында ишке ашып калышы ыктымал.

Оппозиция лидерлери болсо президент Курманбек Бакиев буга чейинки дайындоолору менен Конституциянын талаптарын бузганын, эми кечигип өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын билдирүүдө. Бириккен Элдик Кыймылдын төрагасы Алмазбек Атамбаев бул тууралуу мындай пикирин айтты:

- Президент өзүнүн жарлыктары менен Конституцияны бузган. Конституцияда жок органдар пайда болду. Кээ бир агенттиктер өкмөттөн жогору коюлду. Президент Конституцияны бузуп алып туруп, андан кийин өзгөртүү жана кошумча киргизүүгө аракет кылып жатат. Ал эми сунуштаган долбоорунда үй-бүлө кимди тандаса, ошол президенттин милдетин аткарат деп турат. Бул Кокон хандыгы учурунда хан кандай тандалса, бизде да ошондой боло турган болуп жатканы.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев Конституциялык Сот өз корутундусун бергенге чейин пикир айта албасын билдирди. Ал эми Зайнидин Курманов президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешмеде тандалышын оң баалады:

- Жеке пикиримди айтканымда, бул жакшы демократиялык шарт түзүп жатат. Кимиси татыктуу, ылайыктуу дегенди жамаат чечет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG